"Мөөнөтүм аяктады". Илон Маск Трамптын командасынан кетет

Photo

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Атактуу миллиардер, Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментинин (DOGE) жетекчиси Илон Маск Трамптын администрациясынан кетип жатканын айтып, АКШнын президентине ыраазычылык билдирди.

"Менин атайын мамлекеттик кызматкер катары мөөнөтүм аяктап баратканына байланыштуу, президент Дональд Трампка өкмөттөгү эбегейсиз чыгымдарды кыскартуу мүмкүнчүлүгүн мага ыйгарганына ыраазычылыгымды билдирем", – деп өзүнүн X (мурдагы Twitter) баракчасына жазган.

"Мен жетектеген DOGE департаменти өз ишин улантып, мамлекеттик органдардын ишинде туруктуу принципке айланат деп ишенем", — кошумчалады Маск.

Бир күн мурун Илон Маск CBS телеканалына берген маегинде Трамптын салык жана бюджет тууралуу "көлөмдүү жанан кооз" мыйзам долбооруна нааразы болгонун айткан. Анын пикиринде, мыйзам мамлекеттин чыгымдарын кыскартууга эмес, тескерисинче бюджет тартыштыгын көбөйтүүгө алып келет.

Илон Маск Трамп президент болуп шайланган соң, атайын мамлекеттик кызматкер катары дайындалып, бийлик бутагына бир жылда 130 күн иштегенге мүмкүнчүлүк алган. Эгер 20-январдагы инаугурациядан эсептей келсе, анда бул мөөнөт майдын аягында бүтөт.

Ак үй бейшембиге караган түнү Tesla жана SpaceX негиздөөчүсүн өкмөттүк кызматтан бошотуунун расмий процессин баштаган окшойт.

Илон Маск мамлекеттик кызматын тапшырарын билдиргенден кийин Трамп менен сүйлөшпөгөнүн Reuters агенствосу өзүнүн булактарына таянып билдирди. Ошол эле учурда, алардын маалыматы боюнча, аны кетүүсү тууралуу чечим "жогорку деңгээлде" кабыл алынган.

Анын кызматтан кетиши эч кандай шаан-шөкөтсүз, тез убакытта чечилип кеткенин Reuters агенствосунун булагы белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Илон Маск 22-апрель күнү май айынан тарта буга чейин Трамптын администрациясына, Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментине (DOGE) коротуп келген убактысын кескин кыскарта турганын билдирген эле. Ал өкмөттүк ишине жумасына бир же эки күн гана убакыт бөлөрүн белгилеген. Кийинчерээк саясий долбоорлорго демөөрчүлүк жардам көрсөтүүнү дагы кыскартаарын кошумчалаган.

Маск ал жетектеген департаментти негизинен федералдык кызматкерлердин штатын кыскартуу, ал аркылуу акчаны үнөмдөө, бюрократиядан арылтуу сыяктуу иштерди аткарат делген.

Ал DOGEдин айтылган максаттарына жеталбай калганы үчүн Америкадагы "тамырлашып" кеткен бюрократиясын айыптаган. Франс Пресс агенствосу, анын авторитардык мүңөздө иш жүргүзгөнү жана өлкөдөгү азыркы саясий процесстерди билбегендиги да чоң роль ойногонун белгилеген.

"Федералдык бюрократиянын ал-ахыбалы мен ойлогондон алда канча начар. Мындай көйгөйлөр бар экенин билчүмүн, бирок жумшак айтканда, Вашингтондогу абалды жакшыртуу өтө татаал маселе", - деген ал.

Маск он миңдеген адамдар мамлекеттик кызматтан бошотулуп, бир нече агенттиктер жана ведомстволор кыскартылып, жабылганына карабастан, ал бардык максаттарына жетпегенин мойнуна алган.

Шайлоо алдында Трамп Илон Маскты бир нече жолу көкөлөтө мактаган жайы бар.

Трамптын инауграциясына катышкан миллиардерлер

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын инауграциясына катышкан миллиардерлер

Илон Масктын буга чейинки билдирүүсү

Илон Маск 22-апрель күнү май айынан тарта буга чейин Трамптын администрациясына, Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментине (DOGE) коротуп келген убактысын кескин кыскарта турганын билдирген. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, Маск өз компанияларын жетектөөгө кайрылып келет деп түшүнсө болот.

Илон Масктын эң чоң компанияларынын бири деп саналган Tesla 22-апрель күнү ушул жылдын биринчи кварталына карата эсеп-кысабын чыгарды. Ага караганда, соңку бир жылда компаниянын таза кирешеси 71% төмөндөп кеткени маалым болду.

"Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментин түзүүнүн, өкмөт менен кызматташуунун жана үйдө финансылык иштеримди ирээтке келтирүүнүн негизги бөлүгү жасалды",- деп айтканын Reuters агенттиги цитата кылып жарыялаган. Ал бул сөзүн аналитиктер менен телефон аркылуу болгон конференциясы учурунда айткан.

Маск ошол эле учурда DOGE агенттигинен толугу менен кетип калууга камынган жери жок. Ал бул ишине 40% убактысын арнай тургандыгын билдирген эле.

Маск Tеслага зыян келтирдиби?

Өткөн жылы Tesla Model Y дүйнөдөгү эң көп сатылган унаа болгонуна карабастан, Teсланын жалпы сатуу көлөмү акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу 1,81 миллиондон 1,79 миллионго чейин азайды.

Сатуунун төмөндөшү салыштырмалуу аз болуп, Tesla дүйнөдөгү эң ири электромобиль өндүрүүчү статусун сактап кала алды. Бирок өсүүгө багытталган бизнес үчүн бул кооптуу белги болуп, жыл жыйынтыгында компаниянын кирешеси дагы азайды.

Быйылкы жыл да Tesla үчүн ийгиликсиз башталды, өзгөчө Европада, анда январь айында жаңы катталган унаалардын саны 2024-жылдын ошол эле айына салыштырмалуу 45% азайган.

Февралда Европанын негизги базарларында сатуу төмөндөй берди, бирок Улуу Британияда жана Австралияда 21% жогорулады. (КВ)