Трамп Америкада төрөлдү деп эле жарандык бере салууга каршы. Эми эмне болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти Дональд Трамп алгачкы жарлыктарынын катарында жарандык маселесине тиешелүү жарлыкка дагы кол койду. Ал жарлык боюнча Американын аймагында төрөлгөндүгү үчүн дароо эле АКШнын жарандыгын берүү укугу чектелет. Бирок деген менен эксперттер Америкада төрөлгөндүгү үчүн АКШ жарандыгын алуу укугу Конституцияга киргизилгенин жана аны президенттин жарлыгы менен жокко чыгарып коюуга болбой тургандыгын айтып жатышат.
Жарлыкка кол коюлганы белгилүү болоору менен Америкада илгертен иштеп келе жаткан укук коргоо уюму Жарандык эркиндиктердин коргоонун америкалык биримдиги (ACLU) жана башка топтор Трамптын администрациясын сотко беришти.
Соттук иш Нью-Гэмпширдин округдук сотунда каралмакчы.
"АКШда төрөлгөн балдарга жарандык берүүдөн баш тартуу — Конституцияга эле каршы келбейт, ал америкалык баалуулуктарды өтө одоно жана кескин түрдө чанууга жатат",- деп билдирди ACLU укук коргоо уюмунун башчысы Энтони Ромеро.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
21-январь күнү кечке жуук демократтар көзөмөлдөгөн 18 шаттын коалициясы, ошондой эле Сан-Франциско шаарынан жана Колумбия окургунан (башкача айтканда Вашингтон) укук коргоо уюмдары сыяктуу эле өз алдынча Бостондогу (Массачусетс штаты) Федералдык округ сотуна доо арыз менен кайрылышты.
Төрөлгөндүгү боюнча жарандык алуу маселеси боюнча АКШ Конституциясында эмне деп жазылган?
Төрөлгөндүгүнөн улам жарандык алуу принциби (юридикалык практикада "jus soli" деген термин менен да аташат, сөзмө-сөз айтканда "жер укугу". Мында төрөлгөн ымыркай ата-энесинин жердигине, жарандыгына көз карандысыз ошол жердин жарандыгын алуу маселеси каралган) АКШнын 14-ирет түзөтүгөн Конституциясы менен бекитилген.
Анда негизинен мындайча каралган: "Америка Кошмо Штаттарынын аймагында төрөлгөндөрдүн баары жана алардын юрисдикциясына баш ийгендер толугу менен Кошмо Штаттарынын жана ошондой эле жашап жаткан штаттарынын жарандары болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамп муну жокко чыгарып коё алабы?
Көпчүлүк укуктаануучулар Трамп "жер укугун" өз жарлыгы менен эле жокко чыгарып коё албайт деп жатышат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул албетте далайларды нааразы кылат, бирок бул кандай гана болбосун акыр аягы барып сотто чечиле турган иш. Бул ал өзү эле чечип сала ала турган маселе эмес",- деди Виржиния университетинин юридикалык факультетинин профессору жана конституция боюнча эксперт Сайкришна Пракаш.
Анын сөзүнө караганда, президент федералдык мекемелердин кызматкерлерине буйрук бере алат. Мисалы, АКШнын Иммиграция агенттигине жана Бажы полициясына өз жарлыгына ылайык жарандык маселесин трактовка кылуу тапшырмасын жүктөй алат. Бирок ал жарандык ала албай калгандар тарабынан соттук дооматтар менен коштоло турган иш деп кошумчалады Пракаш.
Бул чубалжыган соттук иштерге алып келиши мүмкүн. Анын аягы болсо АКШнын Жогорку Сотуна чейин жетип анан чекит коюла турган маселе.
Төрөлгөндө эле жарандык алуу маселесин Конституцияга оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу биротоло токтотууга болот. Бирок аны өзгөртүүгө Өкүлдөр палатасындагылардын жана Сенаттын үчтөн экисинин добушу ошондой эле АКШ штаттарынын басымдуусунун макулдугу керек.
Бул маселе канча кишиге таасирин тийгизиши мүмкүн?
Pew Research изилдөө уюмунун маалыматтарына караганда, 2016-жылы АКШда мыйзамсыз иммигранттардын 250 миң баласы төрөлгөн. Бул көрсөткүч 2007-жылкыга караганда 27 пайызга аздык кылат. 2022-жылы болсо (2022-жыл маалыматары такталган соңку жыл) АКШда өлкө аймагында мыйзамсыз жашап жүргөндөрдөн төрөлгөн 1.2 миллион киши жашаган.
Migration Policy Institute аналитикалык борбору эгерде төрөлгөндүгү боюнча жарандык алуу укугу жокко чыга турган болсо, 2050-жылы АКШдагы мыйзамсыз мигранттардын саны 16 миллионго чейин жетет. Азыркы эсеби 11 миллион мигрант деп эсептелет.
Ошондой эле изилдөөдө негизинен АКШ аймагында төрөлүп, бирок АКШ жараны болуп саналбагандардын саны 2050-жылы 4.7 миллион кишиге жетет. Анын ичинде бул кишилердин миллионго жакынынын эки ата-энеси болот, өздөрү АКШда төрөлгөндөр, бирок жарандыгы жоктор.
Дональд Трамп NBC телеканалына курган маегинде анын пикирине караганда, мыйзамсыз иммигранттардын балдары керек болсо алар АКШда төрөлгөнүнө карабай ата-энелери менен чогуу депортация болушу керек.
"Мен үй-бүлөлөрдү бузгум келбейт. Аларды бузбай коюунун жападан жалгыз жолу бул аларды чогуу-чаран депортациялап жиберүү",- деген эле ал декабрь айында.












