Моди үчүнчү мөөнөткө премьер-министр болот

Сүрөттүн булагы, EPA
Индияда башкаруучу партиянын шайлоодогу жеңиши мурдагыдай дүңгүрөбөсө да, Нарендра Моди үчүнчү жолу премьер-министр болот. Анын болжогон добуштарынын бир тобун саясий жарышта оппозиция алып кетти.
Шаршемби күнү Улуттук демократиялык альянс (NDA) менен жолугушкандан кийин Моди кайрадан премьер-министр боло турганы жарыяланды.
73 жаштагы саясатчы өзүнүн партиясы өкмөттү түзүү үчүн парламентте зарыл болгон 272 орунду ала албай калгандан кийин, парламенттик көпчүлүккө жетүү үчүн күтүлбөгөн жерден майда партияларга көз каранды болуп калды.
Бирок NDA 293 орун алып жатканда, 232 орунга ээ болгон оппозиция расмий түрдө моюн суна элек. Шаршемби күнү баш калаа Делиде алар кийинки кадамдарды талкуулаган өзүнүн жыйынын өткөрдү.
Моди мырза ушул жуманын аягында рекордго барабар үчүнчү мөөнөткө ант берет.
Моди менен анын индуисттик-улутчул партиясы Бхаратия Джаната (БДП) көпкө созулган жети баскычтуу шайлоодон кийин 240 орун алып, Индиянын парламентинин төмөнкү палатасы Лок Сабхадагы эң ири партия бойдон калды.
Бирок премьер-министр үчүн бул көрсөткүч артка кетүүнү билдирет: 2019-жылы шайлоодо БДП 303 орунга жеткен. Бул жолку шайлоодо Моди 370 орунду алууну көздөп жатканын билдирген эле. Эми анын ордуна ал премьер-министр кызматында үчүнчү мөөнөткө барыш үчүн NDA альянсында майда партиялардын колдоосуна көз каранды болот.
NDA расмий кабарына караганда, Делидеги резиденцияда ал лидер катары бир добуштан тандалып алынды жана алар кедейлерге, аялдарга, жаштарга, фермерлерге, Индиянын эзилген, колунда жок жарандарына кызмат кылууну башкы милдети катары карайт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын саясий өнөктөштөрү кандай шарт коюп, кандай маселелерди чечүүгө жетишкени азыр белгисиз. Бул жыйындын алдында таасирлүү топтор колдоп бергени үчүн министрлик кызматтарды сурай турганы айтылып жаткан.
Ошентип Моди биринчи жолу коалиция түзүп башкарган турат, ал эми анын партиясы абсолюттук көпчүлүк болуп алдыдагы беш жылда кандай башкарары тууралуу азыр суроо көп.
Модинин өмүр баянын жазган Ниланаджан Мукхопадьяй AFP агенттигине «Модиге эми башкалардын көз карашы менен эсептешкенге туура келет» деп айтты.
"Биз көбүрөөк демократия менен жакшы парламентти көрөбүз".
«Ага мурда болбогондой лидер болушка туура келет. Биз буюрса жаңы Модини көрөбүз».
Ошол эле убакта Индиянын оппозициялык коалициясы дагы шайлоодо жеңип чыкпаса да майрамдап жатат.
Индиянын элдик конгресси партиясынын президенти Малликарджун Харге «биздин альянска абдан чоң колдоо» болду, шайлоочулар башкаруучу партиянын жек көрүүчүлүк, коррупциялык саясатына каршы ой-тилектерин билдиришти» деп айтты.
«Бул Индиянын Конституциясын коргоого берилген, кымбатчылыкка, жумушсуздукка жана кландык капитализмге каршы, демократияны сактоонун мандаты»,-деди ал социалдык тармактагы өзүнүн билдирүүсүндө.
Улуттук демократиялык альянс өзүнүн жеңишин жарыя кылгандан кийин Ак үй Модини куттуктап, АКШ Индия менен эркин жана ачык Азияны куруу жолунда иштерине үмүттөнөрүн билдирди.
Индиядагы шайлоолор быйыл дүйнөдөгү эң ири саясий өнөктүк болуп калды. Добуш берүүгө 600 миллиондон ашык адам - өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу калкынын 66% катышты.
Жалпысынан добуш берүүгө дээрлик миллиард адам каттоодон өткөн, бул планетанын калкынын ар бир сегизинчи жашоочусу.
Добуш берүү жети айлампа менен 19-апрелден 1-июнга чейин жүрдү. Шайлоонун негизги учуру мээ кайнаткан ысык күндөргө туш келди, Индиянын кээ бир аймактарында күндүн ысыгы 50°C. чейин жетти. (KC)












