Ташиев: Ишкерлерди текшерүүнү токтотобуз, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок

Сүрөттүн булагы, Region
23-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунда атайын кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери үчүн курулган "Кызыл-Белес" заманбап эс алуу комплексин ачты. Ташиев анда сүйлөп жатып, 2026-жылдын 1-январынан тарта ак ниет ишкерлерди текшерүү токтотуларын айтты.
"Негизинен биз ишкерлерге жардам беришибиз керек, бизнес жасаган адамдарга жардам беришибиз керек. Мен барыңыздардын алдыңыздарга тапшырма койом: 2026-жылдын 1-январынан баштап, укук коргоо органдары, коопсуздукту сактоо органдары, бирөөңөр дагы бир дагы ишкерди текшербешиңиздер керек. Ишкерлерди текшерүүнү токтотобуз. Ишкерлерге экономикалык чоң эркиндик беришибиз керек. Туура, ошол ишкерлердин арасында салык төлөбөгөн, аткезчилик менен иштеген, мыйзамдарды олуттуу бузган адамдар болушу мүмкүн. Алар менен биз так ар бири менен иштешибиз керек. Ал эми башка бир дагы ишкерди текшербешиңер керек", - деди Ташиев.
Ошол эле кезде ал негизги күч мамлекеттик органдардагы коррупциялык элементтерди жок кылууга багытталарын, тактап айтканда, финансы, энергетика, тоо-кен тармагында, калкты тейлөө борборлорунда жемкорлукка каршы текшерүү иштери кызуу жүрөөрүн белгиледи.
"Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топту издеп да таппайсың"
Мындан тышкары Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу тобуна байланышы бар деп эч ким жоопко тартылбашы керектигин да айткан.
"2026-жылдын аягына чейин мамлекеттик органдардын баарында коррупциялык элементтерди толук жойгонго аракет кылышыбыз керек. Себеби мамлекеттик органдарда иштегендер акыркы маалдарда көптөгөн ишкерлерди уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу деп туруп жоопко тарткан убактарыбыз көп болду. Туура, алар байланышкан. Эми мындан ары ушул беренелер менен жоопко эч кимди тартпагыла. Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген берене менен эч кимди жоопко тартпашыңар керек. Эмне үчүн? Себеби бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун өзү жок. Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топту издеп да таппайсың. Демек, алар менен байланышта деп бир дагы ишкерди же мамлекеттик органдын адамдарын жоопко тартууну токтотушубуз керек", - деди Ташиев.
Коррупцияга жана криминалга каршы күрөш
Кыргыз бийлиги коррупцияга жана криминалга каршы аёсуз күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.
Бийлик өкүлдөрүнүн жана бир катар эксперттердин баамында, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаев 2023-жылдын октябрь айында атайын операция учурунда жок кылынгандан кийин, өлкөдөгү криминалдык иерархия кулап баштады.
Андан кийин башка кримтөбөлдөр бирин-бири ээрчип, мурдагы "уурулук" түшүнүктөрүнөн ачык баш тартып, мындан ары мыйзамга баш ийүүнү убада кылышкан. Бир канчасы камалып, соттолгон. Азырынча Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун таасири канчалык азайганы тууралуу көз карандысыз изилдөө же маалыматтар жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди "Кыргызстанда мафия түзгөн" деп айыптаган. Кийин алардын "мафиясына байланышы бар" деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен.
Ошол эле кезде криминал менен байланышта болгон же алардын кылмыштуу ишкердигин каржылаган деген негизде бир канча адам жоопко тартылып, бул коомдо суроо да жаратып келген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жакында эле "Регион" телеканалындагы маегинде билдиргенине караганда, коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөштүн натыйжасында акыркы беш жыл ичинде мамлекетке 300 миллиард сомдон ашык ($3,4 млрд) суммасындагы активдер кайтарылган.
Ташиевдин айтымында, анын ичинде мамлекеттин менчигине 1000ден ашык кыймылсыз мүлк объектиси жана 30 миң гектар айдоо аянты өткөн. Бул активдер мурда мыйзам бузуу менен менчиктештирилген же өз багытында колдонулган эмес.
Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөштүн ыкмалары бизнестин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу да пикирлер бар.
Буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке өткөнү айтылган. УКМКнын маалыматына ылайык, Абдыкеримов тарабынан жасалма каржылык документтерди колдонуу, салыктан качуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо схемалары аныкталган. Натыйжада "АЮ Гранд", "Томми молл" соода-оюн-зоок борборлору, спирт жана арак чыгаруучу заводдору, Ысык-Көлдөгү коттеждер жана башка коммерциялык имараттары мамлекетке алынган.
Эл арасында "Шаки" деген каймана аты менен таанымал Шаршенбек Абдыкеримов — нөлдөн баштап 40ка жакын компанияны курганы айтылат. Ал өзүнүн маегинде 2010-жылга чейин болгону үч эле заводу болгонун, бирок андан кийинки жети жыл ичинде кырктай ишкана салганын айткан эле.
Учурда ишкер Кыргызстанда эмес, ага эл аралык издөө жарыяланып, камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыккан.
Дүйнө жүзүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун соңку жылдардагы баяндамаларында Кыргызстандын көрсөткүчтөрү артка кетпесе, жакшырып кеткен жок. Уюмдун 2024-жылдагы "Коррупцияны кабылдоо" индексинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 146-орунду ээлеп, жалпы 25 упай топтогон. 2023-жылы өлкө 26 упай менен 141-орунда турган. 2022-жылы болсо Кыргызстан 27 упай менен 140-орунга жайгашкан. Бул индекске ылайык, өлкөнүн упайы канчалык жогору болсо, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу деп эсептелет. Бирок кыргыз бийлиги бул сыяктуу эл аралык рейтингдерди четке кагып келет.
















