"Жумасына эки жолу чачын алышат". Сеид Атамбаев абактагылардын шарты боюнча маселе көтөрдү

Сеид Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сеид Атамбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев 23-декабрда парламенттин алты комитетинин биргелешкен жыйынында абактардагы ички тартип жана гигиена маселесин көтөрдү.

"Менин суроом Юстиция министрлигине. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кармоо изоляторлорунда ички тартип эрежелери деген бар. Ал эрежелерди камактагыларга бериш керек. Китеп түрүндө болбосо да, кагазга чыгарып таратуу зарыл. Анткени ар бир адам өз укугун коргоо үчүн тартипти билиши керек. Эрежелердин 7-пунктунда чачты такыр алуу керектиги жазылыптыр. Мен өткөндө тергөө абагына барып келдим, бул адамдык сапатка туура келбейт — жумасына эки жолу чачты такыр алдырууга болбойт. Ушуну карап бериңиздер, өзүңүздөр деле барып көрсөңүздөр болот. Катардагы кызматкерлердин күнөөсү жок, алар ички тартип эрежелеринин негизинде гана иштеп жатышат", — деди Сеид Атамбаев.

Депутаттын айтымында, камактагыларга үч маал тамак берилгени менен, тамак жылытуучу шаймандар жетишсиз. Ошондой эле жеке гигиена үчүн зарыл болгон самын-суу сыяктуу каражаттардын өз убагында берилиши керектигин айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев депутаттын сунуштарына жооп берип, жакынкы арада Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги менен бул маселелерди талкуулай турганын айтты:

"Абактардагы шарттар, тамак-аш, электр плиталары жана чач алдыруу маселелери боюнча мекеме жетекчиси менен жолугуп, тапшырмаларды берейин. Анан сизге жооп берет", — деди Касымалиев.

Акыйкатчыга даттанган абактагылар

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү өткөн жумада №1 тергөө абагына кирип, абактагылар менен маектешип кайтканын кабарлаган.

Акыйкатчы Институтунун өкүлү Эмил Жандаев Би-Би-Сиге билдиргендей, алар саясий себептер менен кармалып турган активисттер, анын ичинде Темирлан Султанбеков менен дагы жолугушкан.

"Жалпысынан 200дөн ашык адам менен маектешүү жүргүздүк. Түшкөн арыздарды эки топко бөлсө болот. Биринчи топтогулар тергөө амалдарына, сот чечимдерине, соттун создуктурулушуна даттанышкан. Экинчиси кармоо шартына байланыштуу. Анын ичинде медициналык камсыздоо боюнча арызданышкан. Кээ бири тергөө абагынын администрациясы кара түстөгү гана кийимдерди кийгизип жатышат, чачты алдыртышат, калпак кийгенге уруксат беришпейт деп арызданышкан. Ооба, жогоруда айтып кеткен 200 адамдын ичинде белгилүү адамдар да бар. Алардын ичинде Шайлообек Атазов, Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана Айбек Теңизбай уулу бар. Темирлан Султанбеков буга чейинки арызы тергөө изоляторунун администрациясы тарабынан чечилип жатканын, ортомчунун кереги жоктугун айткан", –деди Акыйкатчы Институтунун адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Жандаев.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Абактагы Кадыр Атамбаев депутат Сеид Атамбаевдин иниси.

2-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алган. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, бир нече адамды кармаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.

Кармалган он киши 17-январга чейин камакка алынган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровго "Бийликти күч менен басып алуу", "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен дагы айып тагылган.

Мындан тышкары Шайлообек Атазов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, саясатчы Урмат Барктабасов, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов "Жапырт башаламандыктар", "Кылмышка даярдык көрүү" беренелери боюнча айыпталып жатат.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү өткөн жумада №1 тергөө абагындагы аялдар менен да жолугушкан. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага мониторингдин жүрүшүндө бир канча аял арыз-даттануусун айткан. Акыйкатчы менен өзүнчө сүйлөшүүнү сурап жолуккан 12 аял абак кызматкерлеринин орой мамилесине жана кемчиликтерге даттанышкан.

Камактагылар тергөө абагынын эки аял кызматкери аларды дайыма коркутуп, орой мамиле жасап турганын билдирген. Камактагылардын айтымында, "медициналык жардам кечигип көрсөтүлөт, кээде баш тартып, карабай коюшат".

Өз кезегинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эреже бузууларды четке кагып, абак кызматкерлери мыйзам чегинде иштеп жатканын билдирген.

Бүгүнкү күндө №1 тергөө абагында жалпы 1643 адам кармалууда, алардын 1514ү эркек, 129у аял.