Өнүгүү да, кымбатчылык да бар. Парламентте бюджет талкууланды

Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, Official

23-декабрда Жогорку Кеңеште парламенттин алты профилдик комитетинин биргелешкен жыйынында депутаттар 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту угуп, 2025–2028-жылдарга каралган бюджеттик долбоорлорду үч окууда жактырды. Негизги баяндаманы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жасап, экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди. Суроо берген депутаттар экономикадагы жана бюджеттеги өсүүлөрдү кубаттап, ошол эле кезде өлкөдөгү кымбатчылыкка көңүл бурушту.

Кыргызстандын экономикасы акыркы жылдары алган тездетилген темпин 2025-жылы да ишенимдүү улантып жатканын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин кеңейтилген жыйынында билдирди.

2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2%ды түзөт деп күтүлүүдө.

"Номиналдуу ИДП 2020-жылдагы 639 миллиард сомдон 2024-жылы 1,6 триллион сомго чейин өстү жана 2025-жылы 1,8 триллион сомго жетиши болжолдонууда, бул акыркы жылдары экономиканын үч эсеге жакын өсүшүн көрсөтөт", - деп белгиледи төрага.

2024-жылдын аягына карата ИДПнын көлөмү киши башына 2513 долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 86%га өскөн болсо, бул көрсөткүч 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүп жатыптыр.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Эл аралык валюта корунун маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин, ал эми 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлей турганын кошумчалады.

Өкмөттүн тарыхый бюджети

"Бюджетти жана өткөн жылдын отчетун сунуштаганда, 2024-жылы ИДПнын өсүшү 9% деңгээлинде болжолдонгон. Акыркы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ИДПнын такталган өсүшү 11,5% түздү. 2025-жылы да ушундай эле темп сакталды: 11 айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 10,2% түздү. 2024-жылы ИДПнын такталган номиналдык көлөмү 1,6 трлн сомду түздү, ал эми 2025-жылы, биздин баамыбызда, 1,8 трлн сомдон ашат. 2020-жылы номиналдык ИДП 639 млрд сомду түзгөн. 2024-жылы жан башына ИДП 2 513 АКШ долларын түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 86%га көбөйдү. 2025-жылы, жагымдуу шарттарда, бул көрсөткүч 2 800 АКШ долларынан ашат",- деди Министрлер кабинетинин башчысы парламентте.

2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион 93 миллиард сомго жеткен. Өкмөт муну тарыхый чек деп атап жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мен 2015-жылы каржы министри министр болуп келгенде республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 113,9 млрд эле сом болчу. 2028-жылы 135 млрд эле сом болчу. 2025-жылдын бюджетин карасак, айлык-акыга эле 185 млрд сом жумшалып жатат. 2025-жылга салыштырмалуу бюджет алты эсе өстү. Ошого жараша чыгашаларыбыз да көбөйүп жатат", - деди Касымалиев.

Касымалиев өз баяндамасында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 34,3 млрд сом профицит менен аткарылганын да эскере кетти.

Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 2025-жылы 410,5 млрд сомду түзөт. Мындай маалымат республикалык бюджеттин долбоорунда келтирилген.

Ал эми тышкы карызды төлөөгө 2024-жылы 59,8 млрд сом жумшалса, 2025-жыл 78,5 млрд сом төлөнүп жатат.

2026-жыл 99,2 млрд сом, 2027-жыл 120,6 млрд сом, 2028-жыл 124,0 млрд сом төлөнмөкчү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2026-жылдын бюджети да профицитке ээ жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, социалдык тармак негизги артыкчылык болот.

Социалдык тармакка 230,9 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттар билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана социалдык коргоону өнүктүрүүгө жумшалат. Былтыркы бюджетте социалдык тармакка 175 млрд сом каралган.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өлкө алдыдагы беш жылда масштабдуу өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын кошумчалады. Ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор катары, Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.

"2025-жылы "Элдик банкты" жана энергетикалык компанияларды капиталдаштыруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Камбар-Ата ГЭС-1, Мамлекеттик ипотекалык компания сыяктуу стратегиялык багыттарга олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнөт. Капиталдык салымдардын көлөмү беш эседен ашык көбөйдү – 10 миллиарддан 51,7 миллиард сомго", - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы факторлорго карабастан өнүгүү уланат деген пикирде:

"Тышкы факторлордун, анын ичинде импорттук инфляциянын таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып, узак мөөнөттүү өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө", - деп белгиледи ал.

Инфляция жана кымбатчылык

Инфляция демекчи, Кыргызстанда 11 айдын жыйынтыгы боюнча ал 8,3% түздү.

Улуттук статистика комитети ушул жылдын январь – ноябрь айларында өлкөдө керектөө бааларынын жана тарифтердин 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу 8,3% өскөнүн кабарлаган.

Эң көп кымбаттоо тамак-аш азыктарында жана алкоголсуз суусундуктарда байкалып, алар 8,9%га өстү. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 9,1%га жогорулаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин отчету каралып жаткан жыйында өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү менен элдин реалдуу жашоосундагы айырмачылыктарды белгиледи:

"Макроэкономикалык көрсөткүчтөр жакшы. Бирок, ачыгын айтканда, биздин карапайым адамдар бул өсүштү сезбейт. Эмне үчүн экенин азыр түшүндүрүп берем. Жарандар базарга барганда инфляциянын өскөнүн, азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатканын көрөт. Балдар менен көчөгө чыкса, балдар аянтчалары жок. Акыры Бишкек мэриясын иштете турган кылышыңыз керек го. Кээ бир балдар аянтчалары Союз мезгилинен бери жаңылана элек", - деди Дастан Бекешев.

Депутат Камила Талиева да ушул маселеге токтолду. Ал 2025-жылы азык-түлүк инфляциясы 7-8 пайызды түзгөнүн белгиледи:

"Чынында айлык-маяна, пенсия, пособия көтөрүлгөнүн эл сезиши керек да. Биз жыл сайын пенсияны 10 пайыз көтөрүп жатабыз. Мисалы, 7 миң сом алса, 700 сом кошулуп жатат. Бүгүнкү күндө инфляциянын деңгээлин карап көрүңүздөр. 2025-жылдын 11 айында азык-түлүккө инфляция орточо 7-8 пайызды түзүптүр. Картошка 40-45 пайызга, эт 10-11 пайызга, балык 13-18 пайызга чейин өскөндүгү байкалып жатат. 2024-жылы инфялция 6,3 болгон экен. Азык-түлүктүн кымбаттыгы элди "муунтуп" турган кези", - деди Камила Талиева.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев пенсияларды индексациялоодо инфляция сөзсүз түрдө эске алынарын жана пенсиянын өсүү темпи инфляциянын деңгээлинен жогору болоруна ишендирди.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда инфляция жыл башындагы 6,3%дан 9,3%га чейин өскөн. Аталган орган эсептик ченди 9%дан 11%га көтөрдү. Бул чечим рыноктогу баалар менен тарифтердин кымбатташына гана эмес, коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендеринин жогорулашына да түздөн-түз таасирин тийгизет.