Украина жапырт соккуга кабылды

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine
Шейшембиге караган түнү Украинанын көптөгөн аймактары Орусиянын учкучсуз учактарынын чабуулуна кабылды. Киев, Хмельницкий жана Житомир облустарында бирден адам каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Ошондой эле энергетикалык инфраструктуранын жабыркаганы белгилүү болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги соккунун максаты Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин объекттери жана алардын ишин камсыз кылган энергетикалык инфраструктура болгонун билдирди.
Украинанын энергетика министринин милдетин аткаруучу Артем Некрасов өлкөнүн энергетика тутумуна жасалган "жыл башынан берки тогузунчу масштабдуу чабуулдан" кийин, 23-декабрдагы эртең мененки абалга карата брифинг өткөрдү.
"Ровно, Тернополь жана Хмельницкий облустарындагы керектөөчүлөр дээрлик толугу менен электр жарыгысыз калды", — деп билдирди Некрасов. Ошондой эле аткылоолордун айынан Винница, Чернигов, Житомир, Донецк, Днепропетровск жана Харьков облустарында да жарык өчүрүүлөр катталган.
Аткаминер Одесса облусуна жасалган катар-катар соккуларды өзүнчө белгилеп, ал жакта да көптөгөн керектөөчүлөр электр энергиясыз калганын айтты.
Учурда Украинанын бүткүл аймагында электр энергиясын авариялык өчүрүү графиктери киргизилди, ал эми буга чейин жарыяланган сааттык өчүрүү графиктери күчүн жоготту.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү аткылоодо колдонулган ракеталардын жана дрондордун саны боюнча маалыматтарды жарыялады. Алар "Кинжал" ракеталары бутасына жеткен жок деп ырасташууда.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү, масштабдуу аткылоолордон кийинки адаттагыдай эле, Орусиянын ракеталары менен дрондорунун эсебин жарыялады. Буга чейин президент Владимир Зеленский болжол менен 650дөн ашык дрон жана 30дан ашык ракета колдонулду деп билдирген.
Украина тарап 635 сокку уруучу учкучсуз учакты (негизинен "Шахед" жана "Гербера" тибиндеги) жана 38 ракетаны каттаган: анын ичинде үч "Кинжал" аэробаллистикалык ракетасы (Орусиянын Коргоо министрлиги өз отчетунда "Кинжалдарды" эскерип, бирок алардын санын тактаган эмес) жана 35 даана "Х-101" жана "Искандер-К" канаттуу ракеталары бар.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 621 аппарат атып түшүрүлгөн же өчүрүлгөн: анын ичинде 587 учкучсуз учак жана 34 канаттуу ракета бар.
Дрондор жана ракеталар тийген 21 жер катталса, дагы сегиз жерде сыныктары түшкөнү аныкталган.
Үч аэробаллистикалык ракета өз буталарына жеткен эмес. Алардын кулаган жерлери такталууда.
Учкучсуз учактардын чабуулу дагы деле уланууда.
Дүйшөмбү күнү кечинде орус аскерлери Одессага сокку уруучу дрондор менен чабуул жасап, порттун инфраструктурасы жана жарандык кеме жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиялык аскерлер 22 украин дронун атып түшүргөнүн жарыялашты
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки маалыматында билдиргендей, өткөн түнү абадан коргонуу каражаттары тарабынан Украинанын 29 учкучсуз аппараты жок кылынган.
Дрондордун дээрлик жарымы, тагыраагы 14ү Ростов облусунун аймагында атып түшүрүлгөн. Жети дрон Ставрополь крайында, Үчтөн дрон — Белгород облусунда жана Калмыкияда, ошондой эле бирден дрон — Курск облусунда жана аннексияланган Крымда жок кылынган.
Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров түн ичинде Буденновск шаарындагы өндүрүштүк аймакка дрондор чабуул жасаганын, натыйжада өрт чыкканын билдирди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт мунай химиялык заводунда тутанган. Ал эми Ростов облусунун башчысы Юрий Слюсарь жазгандай, учкучсуз аппараттардын сыныктары бир нече турак үйгө зыян келтирген. Бийликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жок.
Ал арада дем алыш күндөрү Майамиде өткөн Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүн ири жылыш катары кароого болбойт деп билдирди Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. АКШ президенти Дональд Трамп болсо сүйлөшүүлөр "нормалдуу" өткөнүн айтты.












