"Ондогон учак учуп-коно алган жок". "Манастагы" туман көйгөйү качан чечилет?

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын бир катар аба бекеттеринде каттамдар аткарылбай, айрымдары кечигип же такыр токтотулуп жатат. Бир канча учак коно албай, башка шаарларга жөнөтүлгөн. "Манас" аэропортундагы туман маселеси жыл сайын кыш мезгилинде актуалдуу болуп келет. Аталган маселе бүгүн парламентте да көтөрүлдү.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын басма сөз кызматынын Би-Би-Сиге берген маалыматына караганда, 23-декабрда эртең мененки саат 10:00гө карата коюу туманга байланыштуу 10 каттам кармалууда, 1 рейс аткарылган жок. Ошондой эле конгону келе жаткан эки учак Тамчыдагы аэропортко жөнөтүлдү.
Учурда "Манас" эл аралык аэропортунда көрүү ыраактыгы болгону 350 метрди түзүүдө. Бул учактардын коопсуз конушу үчүн талап кылынган минималдуу көрсөткүч болгон 800 метрден да эки эсе аз.
"Ош" аэропорту эртең мененки саат 08:00гө чейин учактарды кабыл алууга үлгүргөн. Бирок учурда ал жакта да көрүү ыраактыгы 400 метрге түшүп, каттамдар кармала баштады.
22-декабрь да тумандын айынан "Манас" аба бекетинде жалпысынан 11 каттам токтотулуп, 4 каттам кечигип учкан. Ошол эле учурда 16 каттамдын учар-учпасы белгисиз деп маалымат берилген.
Стамбулдан келген рейс Бишкекке коно албай, Өзбекстандын борбору Ташкентке багытталган.
Москвадан учкан учак Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна конууга мажбур болгон.
Өткөн жуманын аягынан бери "Манас", "Ош" эл аралык аэропортторун калың туман каптап, аба каттамдарынын графиги олуттуу өзгөрүүдө. Ондогон учактар өз убагында уча албай же коно албай жатат.
Мындан улам убара тарткан жүргүнчүлөр видео-сүрөттөрдү чыгарып, маселе талкууга түшүүдө.
"Манас" аэропортундагы туман маселеси жыл сайын кыш мезгилинде актуалдуу болуп келет.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Бири конуп, бири коно албаган учактар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Стамбулдан Бишкекке учуп келип, коно албай Ташкентке кетүүгө мажбур болгон жүргүнчү Айбек Сарыгул социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аэропорттогу абалды баяндап берди. Анын айтымында, бир эле убакта келген учактардын айрымдары консо, айрымдары башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон.
"Биздин рейс (ТК344) Бишкекке жакындап, 4 жолу айланып Ташкентке кетти. Кытайдын Сиань-Бишкек багытындагы учагы (CDC8915) 6 жолу айланып, кайра Кытайга кайтты. Бирок ошол эле учурда «Түрк аба жолдорунун» кийинки рейси (ТК6888) айланып турганда, Аэрофлоттун учагы (AFL1886) келип, бир эле айланып конуп алды. Андан кийин «Түрк аба жолдорунун» рейси да конду. Ошондо орустардын капитаны кыйынбы же тобокелге салып эле конуп жатабы деген суроо жаралат экен", — дейт жүргүнчү.
Айбек Сарыгул кошуна Ташкент жана Алматы аэропортторунда учактар беймарал эле учуп-конуп жатканын мисал келтирип, «Манас» аэропортундагы туман маселеси качан чечилет деген суроону койгон.
"Убагында аэропорт туура эмес жерге, саздак жерге салынып калган, ошого туман боло берет дешчү эле. Бирок азыр туманды таратуучу технологиялар, такыр көрүү мүмкүнчүлүгү жок учурда да учакты автопилот менен кондурган системалар бар го. Ошолорду колдонсок болбойбу?" — деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Official
Манасбек Самидинов: Январь айынан тарта туман маселеси толугу менен чечилет
"Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов акыркы күндөрү аба ырайынын шарттарына байланыштуу каттамдардын кечигиши боюнча социалдык тармактагы талкууларга катышып, түшүндүрмө берди.
"Эң туура байкадыңыз, кээ бир самолеттор конуп, кээ бири коналбаган учурлар бар. Туман бир басып, бир ачылып жатат. Бардык пилоттордун ушундай учурда кондурганга уруксаттары болбойт", - деп түшүндүрдү Самидинов.
Анын айтымында, көп жылдан бери актуалдуу болуп келген туман маселесин биротоло чечүү үчүн аэропортто модернизациялоо иштери жүрүүдө. Манасбек Самидинов быйыл учуп-конуу тилкеси жаңыланганын жана эң заманбап жабдыктар орнотулуп жатканын белгиледи:
"Быйыл биз учуп-конуу тилкесин жаңылап, азыр болсо ILS системасын жана жарыктандыруу системасын үчүнчү категорияда орнотуп жатабыз. Январь айында буйруса иштейт. Ошондо туман деген бүт проблема токтойт".
Жетекчинин убадасына ылайык, 3-категориядагы система иштей баштагандан кийин, көрүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөн болгон учурда да учактар тоскоолдуксуз коно алат.
ILS (Instrument Landing System), жөнөкөй тил менен айтканда, бул — коюу туман, кар же катуу жамгыр жаап жатканда, учкуч жерди көрө албай калган учурда учакты учуп-конуу тилкесине так багыттап, аман-эсен кондурууга жардам берген радиосистема.












