Кумтөр: "баткактан алтын алуу" аракети
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кумтөр кениндеги уу калдык сактоочу жайда соңку 27 жылда жүздөгөн тонна калдык чогулган. Кыргыз бийлиги андагы калдыктардан алтын ылгап алууну демилгелеп, чет элдик компанияны сынак арылуу тандап алды.

Сүрөттүн булагы, Official
Кумтөрдөгү уу калдыктардагы алтынды финляндиялык Metso Outotec (Меца Аутотек) компаниясы ылгап чыгара турган болууда. Бул тууралуу “Кумтөр” ишканасынан ырасташты.
Metso Outotec эмне болгон компания?
Metso Outotec – дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө эң акыркы заманбап технологияларды колдонгон ири компаниялардын бири деп сыпатталууда.
“Кумтөрдүн” былтыр ноябрда жарыялаган сынагына дүйнөнүн туш тарабынан 22 компания катышкан экен. Жыйынтыгында финляндиялык компаниянын уу калдыктарды иштетүүдөгү ыкмасы көп жагынан талапка ылайык деп табылды.
“Сынакка катышкан компаниялардын ичинен тогуз ишкана биздин тапшырмалар боюнча сунушун беришти. Ошонун арасынан биз абдан жакынараак келди деп финляндиялык Metso Outotec компаниясын тандадык. Булардын башкы кеңсеси Түштүк Африка Республикасы өлкөсүндө жайгашкан. Ал жерде алардын эки лабораториясы, Германияда дагы лабораториясы бар экен. Бул компания дүйнө жүзүндө ушундай иш менен алектенет экен”,- дейт “Кумтөр Голд Компанинин” өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев.
Сөз болуп жаткан компаниянын таржымалына келсек, 2020-жылы Metso Minerals жана Outotec компаниялары Metso Outotec бириккен. Анын Европа, Австралияда жана Африка өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү бар. Компания тоо-кен өндүрүшү жана металлургия боюнча ири долбоорлорду ишке ашырып келгени да жүйө кылынып жатат.
0,8 граммдык алтын

Сүрөттүн булагы, Official
Бардык экономикалык жана техникалык негиздемелер даяр болгон соң “Кумтөрдө” жылына 12 миллион куб уу калдыкты иштетүүгө ылайыкталган фабриканын курулушу башталат.
“Бүгүнкү күнү калдык сактоочу жайда 105 миллион куб калдык бар. Калдыктын курамында тоннасына 0,799 же дээрлик 0,8 граммдык алтыныбыз бар. Жылына 4 тонна 700 килограмм алтын алып калабыз”- дейт Кубанычбек Турдукожоев.
“Кумтөр” бул долбоорду үч жылдан кийин ишке киргизебиз деп пландап жатат. 2026-жылдын экинчи жарымында уу калдык жайларында алтын өндүрүшү башталат деген үмүт болууда.
"Баткактан алтын алабыз"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Кумтөр” Кыргызстандагы эң ири алтын кени, аны 27 жыл бою канадалык инвесторлор иштетип келди. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин 2021-жылы “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизилип, кийин толук кандуу Кыргызстандын менчигине өттү. Бул демилгенин башында президент Садыр Жапаров турду. Андан кийинки инвесторлор менен соттук териштирүү мунаса менен аяктады. Бирок кыргыз бийлиги чет элдик инвестор иштетекен ишкананы толугу менен өз энчисине алуудан уттубу же утулдубу деген талаш-тартыш да болуп келген.
"Канадалык инвестор уу калдыктар боюнча жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетти",- деген пикирди айткандар да болду. Буга жооп кылып, кыргыз өкмөтү кендеги башкарууну колго алгандан кийин бул алтын карьеринен дагы 135 тонна алтын өндүрсө болорун айтып келди. Эми уу калдыктарды сактоочу жайдан кеминде 100 тоннадай алтын өндүрсө болору айтылып жатат.
Кыргыз президенти Садыр Жапаров мамлекеттик телеканалдан бул долбоорду ири экономикалык кирешелүү долбоор деп атады:
“Уу калдык сактоочу жайды ылдый карай толук иштетип, аны зыяны жок кайра иштетип кумга айланталы деген технологияны жасап жатышат. Анын ичинде алтындын да калдыктары бар. Алтынды да кайра иштетип, анан цианид аралашкан баткакты биз кумга айлантып, эч зыяны тийбегидей кылып туруп, технологиясын балдар жасап жатышат”.
“Кумтөр” ишканасы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 10% жакынын, өнөр жай өндүрүшүнүн 20% түзөт. Кумтөрдүн айланасында башынан бери эле дайыма чоң коррупциялык жаңжалдар орун алып, аны иликтөө максатында бир нече парламенттик жана өкмөттүк комиссиялар түзүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров жылдап талаштан башы чыкпаган “Кумтөрдү” мамлекетке алгандан кийин электорат алдында чоң упай топтоду.
Алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенден тарта бир топ убакыт жетектеген Теңиз Бөлтүрүк коррупцияга шектелип, учурда камакта.
Тоо кенчилер эмне дейт?
Камчыбек Дүйшөбаев - Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы. Ал кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгесин кубаттап жатат. Анын айтымында “Кумтөрдө” борбордук карьерде алтындын курамы тоннасына 3 граммга чейин барат, ал эми уу калдык жайларында башта айткандай 0,8 граммга жетет.
“Отвал, уу калдык сактоочу жайбы же кен болобу андагы алтындын курамына жараша технологиялар колдонулат. Мисалы, 1 граммга чейин алтын курамы бар болсо, метод “кучного выщелачивания золота” деп коёт, ошол ыкманы колдонуп цианид менен эритип алышат. Ал эми “Кумтөрдөгү” уу калдык жайында алтындын курамы 0,8 грамм болуп атат, жеңүүчү компания аны “жарым кургак кылып бөлүп алуу” деген ыкма менен алганы жатыптыр. Аты айтып тургандай булар алтынды суюк түрүндө эмес, порошок сыяктуу алганы жатат. Финдердин кендеги аз курамдагы алтынды бөлүп алуу технологиясы жакшы экен”.
Дүйшөбаев бул заманбап ыкма менен “Кумтөрдөгү” чоң көлөмдөгү уу калдык сактоочу жайынын көлөмү да азаят дейт. Ошентип кыргыз бийлиги эки чоң маселени бир ок менен чечкени жатканын кубаттады.

Сүрөттүн булагы, Official
Бирок өкмөттүн жаңы демилгесине сын көз караш менен карагандар да бар. Айталы, уу калдык топтолгон жайдагы алтынды кургак жол менен ылгап алуу ыкмасы өтө кымбатка турат. Ошол эле Россиянын айрым кен аймактарында бул технология көп каражат талап кылгандыктан кийинкиге калтырылган долбоорлор бар экени айтылууда. Мындан улам "бул аракет ишке ашар бекен",- деп күмөн санагандар да бар.
“Уу калдыгы сакталган жерде финляндиялык компанияны иштетип, алтын алабыз деп атышыптыр. Бирок буга чейин көп эле окумуштуулар, ал түгүл канадалык компаниянын экологдору да айтышкан: “ал жерди иштеткенде натыйжа алып келбейт, өздүк наркынан да көп акча кетет” дешкен. Эгер көп акча алып келе турган долбоор болсо канадалыктар уу калдык жайын эчак эле иштетмек да",- дейт Кумтөрдөгү экология, коррупция маселесин көтөрүп келе жаткан экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.
Иманкожоева Кумтөрдө буга чейин мөңгүлөрдү бузбай, алтынды жер алдынан казып алуу ыкмасы да демилге катары көтөрүлгөнүн, бирок ишке аша элегин да эскере кетти.
"Бир ок менен эки коён"
Кыргызстанда тоо-кендерден чыккан өндүрүш калдыгын кургак бойдон жайгаштыруу ыкмасы 2014-жылдан бери тажрыйбаланып келет. Аны биринчи жолу Кыргызстанда эле эмес, бүт КМШ өлкөлөрүндө “КАЗ Минералс Бозымчак” ишканасы ишке киргизген. 2021-жылдан тарта бул ыкманы Таластагы “Альянс алтын Жерүй” колдонууда.
Нурбакыт Масалбеков калдыктарды кургак жайгаштыруу боюнча адис, гидротехник:
“Тоо-кендерден чыккан өндүрүш калдыгын кургак жайгаштыруу ыкмасы эң заманбап деп эсептелет. Анын эң башкы артыкчылыгы экологияга карата зыяндыгы жокко эсе. Калдык сактоо чарбасынын аянты да кыйла таарыйт. Мен билгенден “Кумтөрдөгү” калдык сактоо жайы 450 гектарды чапчыйт. Кумтөрдө жаңы технологияны колдонуу менен 450 гектар жерди эки-үч эсе кичирейтип алганга мүмкүнчүлүк жаралат. Азыр калдык сактоо жайларындагы саркынды суулар бир нече фильтрден өтүп рельефке агып чыгат. Ал эми кургак жайгаштырууда калдыктан сарыгып чыккан сууну жана атмосфералык жаан-чачындын баарын чогултуп эле кайра фабриканын муктаждыгына иштетсе болот. Бул ыкма менен компаниянын технологияга таза суу иштүүсүн азайтып, калдык сактоо жайынын суусун экологияга же башкача айтканда сыртка чыкпоосун долбоордо карап кетүү зарыл”.
Канадалык инвесторлордун Кумтөрдөгү экологияга тийгизген зыянын көлөмү ар кайсы жылдары ар башкача эсептелип келди. Соңку 2021-жылы кенде иш алып барган мамлекеттик комиссия экологиялык зыян жана башка каржылык доолордун жалпы суммасы 3 миллиард доллардан ашык деп бүтүм чыгарган.
Экологдор эмне дейт?
Жергиликтүү экологдор канадалык компания Кумтөр кенин иштетүүдөн Кыргызстандын Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү талкаланганын, келечекте ал мөңгүлөр эрип отуруп, өндүруштүк суу менен камсыздап келген Петров көлү жырылып кетүү коркунучу бар экенин айтып келишет. Мындан тышкары, Кумтөрдөгү жаратылыш, био ар түрдүүлүккө да доо кеткенине тынчсыздануусун билдиришкен.
Алар өкмөттүн соңку демилгесине кандай көз карашта?
“Тоо-кендерин жардырып экологияга зыян келтирип, жаңы алтын өндүргөнгө караганда, уу калдык жайындагы алтынды өндүрүү демилгеси жакшы. Бирок аны кандай технология менен ишке ашырышат, бул иште кандай уулу заттар колдонулат ал жагын ачыкташтары керек. Бирок жалпысынан бул экология принциптерин бузбайт, калдыктарды кайра иштетип, баалуу металл алуу тууралуу сөз болуп атпайбы”, -дейт эколог Калия Молдогазиева.
Кыргыз өкмөтү быйыл Кумтөрдөн түшкөн дүң киреше салыктан эле 13 миллиард 14 миллион сом алууга ниет кылууда. Уу калдыктардан алтын өндүрүү планы ишке ашса, бул сумма дагы эселеп өсөрү шексиз.
"Алтын кени жаңыдан ишке кирген учурда бул жай анчалык деле мааниге ээ болгон эмес. Себеби, ал учурдагы технология азыркыдан алда канча эски болгондуктан калдыктан дагы алтын ылгап алуу ошол туштагы кыргыз бийлигин дагы, кенди иштетебиз дегендерди дагы көп кызыктырган эмес" дешет айрым адистер.
Азыр технология такыр башка, эми ал жай өзүнчө эле бир кен сыяктанып калды. Алдын ала эсеп боюнча ал жерде тонналап алтын жатат.








