Өткөн жылдагы орчундуу окуялар сүрөттөрдө
2021-жылы Кыргызстанда эң маанилүү окуялардын бири - Жогорку Кеңешке шайлоолор өттү, президент шайланды. Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарды ээледи. Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп ондогон адам көз жумду. Узаган жылдагы негизги окуяларды сүрөт баяндама менен сунуштайбыз.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Жылдын башында Садыр Жапаров президент катары расмий кызматына киришип, ант берди. 17 талапкердин ичинен шайлоочулардын 79,2 пайыз добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.
Экинчи орунда 6,79 пайыз менен Адахан Мадумаров келди. Үчүнчүнү 2,36 пайыз менен Бабыржан Төлбаев ээледи.
Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өткөн.
Коронавирусту дарылоо

Сүрөттүн булагы, social media
Апрель айында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Covid-19 бейтаптарын уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатышканын жар салды. Министр уу коргошун ооруканада жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнү тууралуу айтты. Ал мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирди. Ошондуктан президенттен кеңеш сурап жатканын айтып өттү.
"Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ажы ушул чөп менен дарылачу экен. Жапаров 2020-жылы 2-мартта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго абактан кат жазып, ушул чөптү колдонууну сунуштаган. Бирок ал катты ачып да окубаптыр. Садыр Жапаров мага сунуштагандан кийин дозасын көргөзүп бериңиз деп айттым. Андан кийин инфекциялык ооруканада иштеген дарыгерлерге үйрөтүп жатабыз. Азыр муну ичкендин баары жакшы уктап жатат. Өлүп калам го дегендин баары айыкты", - деген министр.
Министрдин мындай билдирүүсүнөн кийин президентке, өкмөткө, министрге карата кескин сын-пикирлер күчөдү.
Чек ара

Сүрөттүн булагы, social media
Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды. 29-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргызстандыктар саны 34 кишиге жетти. Баткендин эки районундагы онго жакын айыл жабыр тартып, ондогон турак-үйлөр өрттөлдү. УКМК бир нече чек ара бекеттери жана тозотторуна ок атылып, өрт чыкканын билдирген. Ошондой эле отузга чукул май куюучу бекеттер өрттөлдү.
Олимпиада

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Кыргызстандын олимпиадалык делегациясы июль айында Токиого жөнөп кетти. Ага кыргыз спортчулары да барып, жеңиш менен кайтып келди. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш алса, Мээрим Жуманазарова коло байге утуп келди. Кыргызстандыктар спортчулардын беттешүүлөрүн кызуу колдоп жатты, алардын мелдештери “Ала-Тоо” аянтында онлайн көрсөтүлүп турду.
Афганистан

Сүрөттүн булагы, courtesy photo
Август айында Талибан Афганистанда бийликке келип, өлкөдөгү кырдаал курчуп кетти. Чет мамлекеттиктер эле эмес, оогандыктар да өз коопсуздугу үчүн тынчсызданып, өлкөдөн чыгып кетүүнүн жолдорун издеди. Президент Садыр Жапаров Афганистандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды мекенине эвакуациялоо боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берди.
Мектептер ачылды

Сентябрь айында мектептер ачылды. Өлкөдө пандемияга байланыштуу карантип жарыяланып, аралыктан окутуу киргенде, оорчулук биринчи эле мугалимдерине түшкөнү коомчулуктун эсинде. Адистер билим берүү тармагы аргасыз аралыктан окутууга өтүп, бирок ошону менен секирик да жасаганын айтып жатышат. Өлкөдө мектеп жашындагы бир жарым миллиондон ашуун бала бар.
Октябрь окуяларынын бир жылдыгы эскерилди

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov
Октябрь окуялары боюнча ИИМ жана УКМКга ондогон саясатчы суракка чакырылды. Алардын ичинен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана оппозициялык “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго “бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо” айыбы тагылды.
Кыргызстанда 2020-жылдагы парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, 12 саясий партия анын жыйынтыгын тааныбай, нааразылык акциясына чыгышкан.
Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланган. Натыйжада соңку бир жыл ичинде бийлик алмашып, Конституциялык реформанын негизинде өлкө парламенттик башкаруудан президенттикке өтүп, жаңы мамлекет башчы шайланды.
Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, official
2021-жылы Кыргызстанда эң чоң саясий окуялардын бири - Жогорку Кеңешке шайлоолор өттү. Бул шайлоолор жаңы Конституциянын негизинде аралаш система менен өткөрүлдү. Шайлоодо “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары жеңишке жетти.
“Жаңы эрежелер боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Анын 21 Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары болуп жатат. Ошондой эле андан мурунку чакырылыштагы бир нече депутаттар кайрадан шайланып келишти. Жаңы парламенттин 70% жаңы жүздөрдөн жана жаштардан турат. Партиялык тизме менен 19 аял келди. Бул 54түн кеминде 40% болуп жатат”, - деди Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.












