Пандемия сабактары: “Мугалимдин кадырын билдик”
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Быйыл Кыргызстанда жаңы окуу жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу адаттагыдан эки жумага кечирээк башталып жатат.
Өлкөдө мектеп жашындагы бир жарым миллиондон ашуун бала бар. Алардын айрымдары 1,5 жылдан бери бүгүн биринчи жолу мектеп босогосун атташты.
“Пандемияда биз интернеттен, телефондон көчүрүп, тапшырмаларды аткарып жаттык. Ал эми мектепте мугалимдин көз алдындасың, текшерип карап турат. Алар жокто ар кандай сайттан эле маселе көчүрүп жаттык. Чынын айтсам, менин билим сапатым төмөндөп кетти. Бирок эми быйыл мен аны жоюп, кайрадан жакшы окуюн деп аракеттенип жатам”, - дейт жогорку класстын окуучусу Калзат Камчыбек кызы.
Өлкөдө пандемияга байланыштуу карантип жарыяланып, аралыктан окутуу киргенде, оорчулук биринчи эле мугалимдерине түшкөнү эсте.
Эч даярдыгы жок онлайн окууга алар алгач кадимки WhatsApp аркылуу киришкен.

Сүрөттүн булагы, ЮНИСЕФ/2020/Жоробаев
“Биз жалгыз эле WhatsApp менен иштеген жокпуз. Онлайн окууга өтөрүбүз менен ар түрдүү платформаларды үйрөнө баштадык. Мисалы, Google Meet, Zoom менен иштегенди үйрөндүк. Андан бери Online Test Pad деген сервисти да өздөштүрдүк. Google classroom, Jamboard деген интерактивдүү платформаларды колдонуп, окуучуларды окууга кызыктырып жаттык. Иши кылып болушунча балдардын көңүлүн билимге кармаганга аракет кылдык”, - деди Би-Би-Сиге Бишкектеги №38 мектептин мугалими Айзада Нургазиева.
Ошентип пандемия мугалимдерди инновациялык ой жүгүртүүгө жана гаджет менен иштөө көндүмдөрүнө да үйрөттү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок пандемиянын оор да сабактары болду. UNICEF жүргүзгөн соңку иликтөө өспүрүм улан-кыздардын көпчүлүгү пандемиянын оор шарттарынан улам психологиялык жактан жабыркаганын көрсөттү.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, пандемия маалында өлкөдө өспүрүмдөр арасында суицид 1,5 эсеге өскөн.
“Эже-агайлардын кадыр баркын билдик, сездик. Балдарды үйдөн окутуу ата-эне үчүн кичине оордук кылат экен. Ар бир бала ата-энесине эркелейт да, уруша албайсың. Ошондуктан алар мугалим боло албайт экен. Мугалимдин эмгеги зор экенин түшүндүк. 15-сентябрда мектептер ачылып жатканына ата-энелер аябай кубанычтабыз”, - деди бүгүн уул-кызын мектепке алып келген Урмат Шаршеналиев.
Деген менен пандемия башталгандан бери өлкөдө 1,5 миңден ашык балага коронавирус жугуп, анын алтоо каза болду. Мындай шартта мектептерди толук ачуунун өзү тобокелчилик болуп жатат.
Бирок буга чейин мугалимдердин 70% эмделип, ал эми мектептерде сактануу чаралары күчөтүлдү делип жатат.

Билим берүү боюнча экперттер Кыргызстандын билим берүү тармагы карантин муктаждыктарынан улам аргасыз аралыктан окутууга өтүп, бирок ошону менен секирик да жасаганын айтып жатышат.
Алар онлайн окутуу усулун сактап, мындан ары билим берүүнүн гибриддик формасын сактап калууну сунуштоодо. Бул айрыкча окуучулардын саны көп Бишкектеги жыкжыйма мектептердеги абалдан чыгуунун бир жолу болмок, дешет алар.

Сүрөттүн булагы, Social media
Бирок ага чейин өткөндөн сабак алыш керек, дейт билим берүү эксперти Мырза Каримов:
“Биз 19-20-кылымдагы система менен эле окуп, билип алып келгенбиз. Инновация аз эле. Онлайн сабакка өтүү менен секирик жасадык. Бирок аны ишке ашырууда бир канча тоскоолдуктар болду. Биринчиси – технологиялык тоскоолдук. 90% ашык мектептерге интернет жетти деген менен, ошол интернеттин ылдамдыгы жана сапаты кандай болду? Ар бир үй-бүлө бирдей эмес да, ошондой эле жогорку окуу жайлардын, мектептердин да экономикалык акыбалы ар башка болду”.
Кыргызстанда билим берүү мекемелеринен жалгыз мектептер гана эмес, сентябрдан тарта бала-бакча жана жогорку окуу жайлар да офлайн иш тартибине өтүүдө.








