Билим берүүдөгү теңсиздик: онлайн окууга шарты жок бүлөөлөр

мектеп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Баткен облусунда жети үй-бүлөнүн биринде гана компьютер же планшет бар, ал эми интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ар бир эки үй-бүлөнүн бири гана ээ. Бул тууралуу атайын жүргүзүлгөн иликтөөдө белгилүү болду дейт MediaNet эл аралык журналистика борбору.

Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылга карата Кыргызстанда 27% үй-бүлө гана компьютер же планшетке ээ болгон. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү орточо эсеп менен алганда үч үй-бүлөнүн экөөсүндө гана бар (70%).

графика

Сүрөттүн булагы, Alamy

Мугалимдердин жана окуучулардын санариптик көндүмдөрү төмөнкү деңгээлде экенин эске алганда жана буга натыйжасыз окутуу системасы кошулганда, мунун бардыгы акыры келип республикадагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу теңсиздиктин ажырымын ого бетер чоңойтту деп белгилеген иликтөөчүлөр.

Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, айрыкча алыскы райондордо жашаган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, азчылыктардын жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын балдары оор абалга кептелгени айтылды.

карта

Сүрөттүн булагы, MediaNet

"Кыргызстанда билим берүү жана теңсиздик маселелери канчалык актуалдуу экенине карабай, кырдаалга карата жүргүзүлгөн анализге жана коллабрацияга негизделген эксперттик пикирлер жетишсиз. Казакстандагы «PaperLab» коомдук фондунун иликтөөчүлөр командасы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өкмөттөрү тарабынан билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын ролун жана натыйжалуулугун баалоо боюнча чек аралар аралык долбоорду демилгелеген. Өлкө эксперттери ар бир учур боюнча постпандемия шартына өтүүдөгү күчтүү жана алсыз жактарды аныктап, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен региондордун ортосундагы экономикалык теңсиздиктин өз ара байланышы туурасындагы талкууну күчөтүүгө ниеттенишүүдө. Долбоордун алкагында билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу теңсиздиктин Индексин иштеп чыгуу пландалууда. Ал мамлекеттерди өз ара салыштырууга гана жол бербестен, ошондой эле артта калып жаткан тармактарды көрүнөө белгилеп, чечим кабыл ала турган адамдардын көңүлүн бурдурууга жардам берет",-деп айтылат борбор тараткан маалыматта.

Covid-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча баардык окуучулардын 60 пайызынын окуусун үзгүлтүккө учуратты. Бирок көп өлкөлөр окуучулардын коопсуздугун камсыздоого шарт түзүп, кайра мектепке кайтарууда. Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан тарта аралыктан окутууга өтүп, жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала баштаган. Кийин баш калаадан сырткары аймактарда мектепти ачууга уруксат берген. Ушул аптадан тарта Бишкекте 1-5-9-11-класстар үчүн мектеп ачылды.