Интернети жок аймакта окуучуларды үйүнө барып окуткан мугалим

Turkish teacher during lockdown

Сүрөттүн булагы, Show TV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гамзе Арслан интернет байланышы жок айылдарды кыдырып жүрөт

Түркиянын чыгышындагы Ван аймагында интернет байланышы начар болгондуктан, окуучулар онлайн сабактарына катыша албай калууда. Бул көйгөйдү жайгаруу үчүн мектеп мугалими Гамзе Арслан алыскы айылдарга барып, балдарды үймө-үй кыдырып окутуп жатат.

"Мектепте интернет бар, бирок окуучулардын үйүндө интернет жок болгондуктан аларга сабак өтө албай жатабыз. Балдар артта калбасын деген ой менен алардын үйлөрүнө барып, сабак өтүп жатам",-дейт Арслан айым.

Гамзе Арслан Ван провинциясынын Тусба районунда иштейт. Бул аймакта ондогон кыштактар бар.

Мугалим үй тапшырма берип, кийинки күнү аларды текшерет. Сабактарын социалдык аралыкты сактап окутат жана санитардык нормалар дагы бекем сакталат.

Жергиликтүү Show TV каналы Гамзе Арслан тууралуу баяндамасын обого чыгаргандан кийин, мугалимди бүтүндөй өлкө таанып калды. "Интернет жок болушу мүмкүн, бирок Гамзе эжеке бар" деген ураан интернетте дагы желдей тарады.

Turkish teacher during lockdown

Сүрөттүн булагы, Show TV

Мугалимдин аракетин жергиликтүү бийлик колдоду.

"Айла жок абалда колубуздан эчтеке келбей жатканда, ал өзүнүн убакыт бөлүп балдарга көңүл буруп жатат. Ар бир мугалим Арслан айымды үлгү катары алат деп үмүттөнөбүз",-деди Тусба районунун Билим берүү министрлигинин өкүлү Мехмет Бакир Бедевиоглу.

Европанын бир нече мамлекети мектептердин эшигин кайра ачкан. Бирок Түркия 21-сентябрдан тарта мектепке айрым гана класстарга кайтып келүүгө уруксат берген. Өлкөнүн оппозициясы бир нече айдан бери интернет бардык аймактарга жетпегенин белгилеп, өкмөттү сындап келүүдө.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ч.Сааданбек: Мектептердин 86 пайызында балдардын кол жууганга мүмкүнчүлүгү жок