Covid-19 шартында мектептер кандай иштейт?

Видеонун түшүндүрмөсү, Covid-19 шартында мектептер кандай иштейт?

Карантин жана анын эрежелери жеңилдетилип, көп мамлекеттерде мектептер ачыла баштады. Бирок мектептер мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугун сакташы керек. Аны кантип ишке ашырса болот?

Карантин жана анын эрежелери жеңилдетилип, көп мамлекеттерде мектептер ачыла баштады. Бирок мектептер мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугун сакташы керек. Аны кантип ишке ашырса болот?

Covid-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча баардык окуучулардын 60 пайызынын окуусун үзгүлтүккө учуратты. Социалдык аралыкты сактоо сыяктуу коопсуздук эрежеси менен класста билим алууну кантип тең-салмакташтырып алууга мүмкүн?

Мектептер кандай жагдайда ачылып жатат? Беткап кийип жүрүүгө көндүрүп койсо болобу?

Эгер сиз Кытайда мугалим болуп иштесеңиз беткап кийүү талаптардын бири, ошондой эле окуучулардын дене табы текшерилип турат.

Түштүк Кореяда окуучулар отурган парталар бири-биринен бир метр аралыкта тизилген. Окуучуларды желим тоскучтар сактайт.

Данияда окуучулар майда топторго бөлүнүп алып сыртта сабак өтүүдө. Кайсы бир окуучуда вирустун симптомдору байкалса ошол топтун ичиндеги окуучулардын баардыгы изоляцияга алынат.

Индияда болсо аралыкты сактоону мүмкүн кылуу учүн окуучулар кезектешип- күн алыс мектепке барат.

Ал эми онлайн үйрөнүү аягына чыктыбы?

Бул ыкма колдонула берет. Карантин маалында көп мектептер онлайн режимде окутуп жатты. Айрым балдар үчүн пайдалуу болду, бирок бул ыкма социалдык ажырымды көрсөттү.

Технологияга жете алгандарга бул ыкма пайдалуу болуп, ал эми колунда жокторго онлайн окуу оор болуп, коомчулук ичиндеги социалдык ажырым көрүнүп калды.

Мындан улам өкмөттөргө болгон кысым күчөдү. Өкмөттөр окуучуларды мектепке кайтарып келүүгө шашылды.

Бул чаралар канчалык натыйжалуу?

Буга эки тараптуу жооп берилүүдө. Кытайда ачылган айрым билим берүү жайлары кайра жабылууга аргасыз болду.

Covid-19 вакцинасы же ага каршы дары тез арада табылбаса анда окуучулардын ортосунда аралыкты сактоону мүмкүн кылуу учүн мектептерди кеңейтиш керек болот. Бул кымбат жана көп убакытты талап кылат. Азырынча мугалимдердин негизги максаты- бул окуучулардын саламаттыгы үчүн аларды этияттык чараларга көндүрүү.