Билим берүүгө салынган инвестициянын кайтарымы чоң

Ош шаарындагы Kupuev Academy менчик мектеби $700 миң инвестиция тарткан. "Сапат" мектептери жалпысынан $120 млн доллар инвестиция тартышкан.

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын саны бир миллион төрт жүз миңге чукулдап, 2236 жалпы билим берүүчү мамлекеттик мектеп жана 114 жеке менчик мектеп иштейт. Жалпы муктаждыкты жабуу үчүн дагы 600 мектеп жетишпейт.

Бир туугандар Аселия жана Мирсаид Купуевдер дүйнөлүк алдыңкы университтерди бүтүрүп, McKinsey & Co. өңдүү дүйнөлүк кадыр-барктуу уюмдарда иштеп жүрүп топтоп келген каражаттарын эки жыл мурун Ош шаарында мектеп ачууга жумшашкан.

Мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири Аселия Купуева: "билим берүүгө салынган инвестиция бир жагынан коомго, өлкөнүн өнүгүүсүнө пайда алып келүүгө жардам берет, экинчи жагынан, мектеп - бул туруктуу жана перспективдүү бизнес", - дейт.

Аселия Купуева

Сүрөттүн булагы, DANIL USMANOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аселия Купуева

"Мен Ошто жакшы мектеп жок деп балдарынын келечегине карап Бишкекке көчүп кетип жаткан ата-энелерди көрүп капаланам. Ооба, мунун чындыгы бар. Бирок азыр Ошто дагы сапаттуу заманбап билим берген жеке мектептер ачыла баштады. Жана алардын саны көбөйүшү керек. Анткени өлкөнүн өнүгүүсү аймактардын өнүгүүсүнөн көз каранды. Бул ички миграцияны ооздуктоо, аймактардын экономикалык өнүгүүсү үчүн аябагандай чоң мааниге ээ. Аймактарда билимдүү жаштар көбөйсө, алардын аркасы менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, инвестиция тартылып, ички жана тышкы миграция басаңдайт. Албетте бул бизнес катары дагы жакшы долбоор. Ошто азырынча чоң атаандаштык жок".

"Сапат" билим берүү мекемелери Кыргызстан менен жашташ. Түптөөчүлөр мындан отуз жыл мурун сырттан инвестиция тартып келип, алгачкы жеке менчик мектептерди ачып башташкан. Отуз жыл ичинде жалпысынан 22 жеке менчик мектеп жана бир университет ачылып, аларга жалпысынан 120 миллион доллар инвестиция салынган. "Сапат" билим берүү мекемелер бирикмесинин президенти Нурлан Кудайбердиевдин айтымында, башта өңчөй чет элдик каражат инвестиция болсо, азыр ички инвесторлордун каражаты тартылууда.

"90-жылдары элдин бардыгы башка багыттарга инвестиция жасап жатканда "Сапат" билим берүүгө басым жасады. Бул убакытта биздин мектептерди 15 миңдей бүтүрүүчү аяктады. Алар эң алдыңкы университеттерди бүтүрүп, эң алдыңкы компанияларда ийгиликтүү иштеп жатышат. Кайра Кыргызстанга келип, жаратмандык менен компанияларды ачып, инвестиция салып, же болбосо кайсы бир компанияларды өнүктүргөнгө өбөлгө түзүп, Кыргызстандын экономикасына иштеп жатышат. Башында билим берүүгө жасалган инвестиция Кыргызстандын экономикасына акчалай түрдө кайтты десек болот".

"Сапат" мектебинин окуучулары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Сапат" мектебинин окуучулары

Убагында жакшы билим издеп өнүккөн өлкөлөргө кетип, ал жактан билим, тажрыйба жана каражат топтоп келип, анын барын кыргыз экономикасына инвестиция кылып жаткан кыргызстандыктар азыр бир топ.

"Иним экөөбүз ондогон жылдар бою Америка, Жакынкы Чыгыштагы мен-мен деген финансалык уюмдарда иштеп, ал жактан топтогон 1,5 миллион долларга чукул каражатты Кыргызстанга инвестиция кылдык. Ага кошумча эл аралык инвесторлордон дагы 1,5 миллион доллар инвестиция тарттык. Мунун баары бир гана билимдин аркасы менен мүмкүн болду. Андыктан билим берүүгө салынган инвестиция өзүн эселеп актайт", - дейт Kupuev Academy мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Аселия Купуева.

Чыны менен билим берүүгө, айрыкча мектептик билим берүүгө салынган инвестиция эң кайтарымдуу жана мултипликативдүү таасири жогору инвестиция деп эсептелет. Ошондуктан Нурлан Кудайбердиевдин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү социалдык эле эмес, экономикалык аспекттен дагы каралат.

"Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрсөк, алар экономика менен билим берүүнү бир багытта тең алып кетишет экен. Экономикалык реформалар билим берүүнү реформалоодон башталат. Мисалы, Сингапурда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кеңеш бар, ошолор реформа жасашат. Ал кеңештин төрагасы билим берүү министри эмес, экономика министри болуп эсептелет экен".

Купуев мектебинин имараты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Купуев мектебинин имараты

Кыргызстанда билим берүүгө салынуучу инвестицияга чоң талап бар, базардагы боштук чоң. Статистиканы карасак, кыргызстандыктардын 37 пайызын 19 жашка чейин өспүрүмдөр, ал эми калктын жарымынан көбүн жаштар түзөт. "Бул чынын айтканда чоң мүмкүнчүлүк", - дейт Аселия Купева:

"Биз калкы жаш өлкөбүз. Азыр мына өнүккөн өлкөлөрдүн калкы картаюуда жана бул чоң проблемага айланууда. А бизде болсо тескерисинче жаштар басымдуулук кылат. Жаштар жаңы идея, жаңы технология аркылуу чоң өнүгүүнү камсыз кылат. Демек, Кыргызстанда билим берүүгө, айрыкча мектептик билим берүүгө чоң суроо-талап бар. Бишкекте заманбап билим берген жеке мектептер көп эле, бирок Ош жана башка аймактарда бул базар бош".

McKinsey эл аралык консалтинг уюму COVID-19 пандемиясы дүйнөдө жүрүп жаткан автоматташтыруу процессин тездетип жатканын айтып, жакынкы он жылдыкта эле ортодон төмөнкү катмардагы кара жумуш саны кыйла кыскарат деп эскертүүдө. Бирок ошол эле маалда STEM жөндөмдөрүн, анын жанында жумшак көндүмдөрдү өздөштүргөн, технологиянын тилин билген билимдүү адисттерге болгон суроо-талап күчөйт.

"Андыктан, мамлекет жалпы мектеп системасын реформалоо менен катар заманбап билим берген жеке мектептердин пайда болуусуна шарттарды түзүүсү зарыл", - дейт "Сапат" билим берүү мекемелер бирикмесинин президенти Нурлан Кудайбердиев.

Купуев мектебинин окуучулары

Сүрөттүн булагы, DANIL USMANOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Купуев мектебинин окуучулары

"Арзан жана узак мөөнөттүү каражатка жетүү деген проблема бар. Анткени, силер билгендей, мектеп бул узак убакытта барып өзүн актай турган долбоор. Андыктан сапаттуу билим берген жеке мектептер көбөйүш үчүн узак мөөнөттүү инвестиция керек. Мисалы Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду сыяктуу өнүктүрүү институттары бар. Ушулар аркылуу узак мөөнөттүү каржылоо булактарын ачууга мамлекет жардам бере алмак. Эгер ушул маселе чечилсе, билим берүүгө инвестиция салам деген ишкерлер четтен чыгат".

Өнүккөн өлкөлөрдө жеке мектептер менен мамлекеттик мектептер атаандаш эмес, алар бири-бирин толуктап, бардык адамдардын тандоо жана чамасына ылайык билим берүү кызматтарын сунат. Мамлекеттик мектептин жанында, жеке мектептердин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен иш алып барган мектептердин болуусу коомдун, экономиканын өнүгүүсү үчүн зарыл.

Кыргызстан соңку жылдары жеке билим берүү системасын өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштерди кылып жатат. Мындан эки жыл мурун жеке мектептер салыктын бардык түрүнөн бошотулган. Аны менен катар ваучер системасын киргизүү жөнүндөгү мыйзам көптөн бери талкууда.