Жыл жыйынтыгы: Парламенттик шайлоо

Элеонора Сагындык кызы,Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Шайлдабекова жана Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана президент Садыр Жапаров

2021-жылы Кыргызстанда эң чоң саясий окуялардын бири - Жогорку Кеңешке шайлоолор өттү. Бул шайлоолор жаңы Конституциянын негизинде аралаш система менен өткөрүлдү.

Былтыр парламенттик шайлоолордун жыйынтыгынан чыккан нааразылык өлкөдө бийлик алмашууга, андан кийин мамлекеттик башкарууну өзгөркөн Баш мыйзам реформасына алып келди.

Андыктан быйыл ноябрда өткөн шайлоолор бир жылдан берки жүрүп жаткан саясий окуялардын логикалык жыйынтыгы катары бааланып жатат.

Алды менен Жогорку Кеңештин жаңы курамы кандай болду бир көз жүгүртүп өтөлү.

Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев:

“Жаңы эрежелер боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Анын 21 Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары болуп атат. Ошондой эле андан мурунку чакырылыштагы бир нече депутаттар кайрадан шайланып келишти. Жаны парламенттин 70% жаңы жүздөрдөн жана жаштардан турат. Партиялык тизме менен 19 аял келди. Бул 54ттүн кеминде 40% болуп атат”.

Өткөн шайлоодо 5% босого чекти "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" партиялары багынтты.

Шайлдабекова

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БШК серверинин үзгүлтүккө учурашы шайлоонун жыйынтыгына күмөн жаратты. Айрым партиялар БШК төрайымы Шайлдабекованын отставкасын жана кайрадан шайлоолор өткөрүүнү талап кылышты.

Бул шайлоолордун өзгөчүлүгү - парламентке "Бүтүн Кыргызстанды" эсепке албаганда, жаңы партиялар өтүшү болду. Алар кимдер жана болочок парламентте алардын орду кандай болот?

Алдыңкы 3 партия

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңешке шайлоолордо бийликчил партиялар болбойт деген билдирүүлөрүнө карабай, бул шайлоодо жеңип чыккан алдыңкы үч партияны - "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымак" партияларын кыйыр да болсо бийлик менен байланыштырып жатышат:

"Шайлоодо жеңүүчү алдыңкы үч партияны бийликчил партиялар деп айтууга толук негиз бар. Анткени бул партиядагы адамдар жана алардын программаларын кой, айрымдары дебаттарда ачык эле президенттик саясатын колдойбуз деген билдирүүлөрдү жасашты", -дейт жергиликтүү журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Ал, бийлик 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоолордун сабагын эске алып, бийлик бул жолу ишенимдүү адамдарын бир партияга топтобой чачыратып жибергенин айтууда.

"Ата Журт Кыргызстан" партиясын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы менен байланыштырып келишет, бирок ал өзү андай жоромолдорду четке кагат.

Ошентсе да бул жаңы партия соңку жылдары өтө активдешип, буга чейинки жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо да алдыга чыгып келди.

Анан калса "Ата Журт Кыргызстандын" лидери Айбек Маткеримов Камчыбек Ташиевдин жакын тарапкери катары таанымал.

Бактыбек Калмаматов

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоо алдында дебаттарда Бактыбек Калмаматов "Ата-Журт Кыргызстан" Ташиевдики экенин айткан, Маткеримов четке каккан

"Ишеним" партиясынын тизмесин баштагандардын бири Медер Алиев, ал быйыл ишке ашкан президенттик башкарууну киргизген Конституциялык реформанын негизги жактоочуларынын бири болуп келди. Бирок Алиев өзү шайлоо алдындагы дебаттарда анын партиясы бийликчил эмес экенин баса белгиледи.

Ошентсе да эл арасында "Ишенимди" экс-депутат, бизнесмен Арзыбек Буркановдун ысымы менен байланыштырышат.

Ал эми "Ынтымак" партиясы менен бул шайлоого Садыр Жапаровдун жакын тарапташтары - парламенттин мурунку спикери Талант Мамытов жана экс-Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектин экс-мэри Балбак Түлөбаев барышты.

Президенттин жардамчысы Адинай Марипова да бул шайлоодо өз күчүн так ушул партиянын катарында сынап көрдү. Ошентсе да бул партия катарында белгилүү блогер Эрулан Көкүлов шайлоого барып, эң көп добуш топтогон талапкерлердин бири болду.

"Альянс" - "кесипкөйлөрдүн жыйындысы"

Бул шайлоодо VI чакырылыштагы депутаттардын көбү Алтынбек Сулайманов башындагы "Альянс" бирикмесине чогулду. Аталган партиядан эң көп добушту мурунку ТИМ министри Чыңгызбек Айдарбеков, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Жанар Акаевдер топтошту.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев "Альянстын" бул шайлоодогу ийгилигин мындай түшүндүрөт:

"Иш билги, кесипкөй, таза, жаңыча ойлонгон, экономиканы жана саясатты заманбап талдай билген адамдардын жыйындысы деп эл ишеним артты".

 Ошентсе да аталган партия жети мандатка гана ээ болуп, партия тизмесиндеги алтынчы чакырылыштын депутаттары Мирлан Жеенчороев, Айсулуу Мамашова, Дүйшөн Төрөкулов, Нурбек Мурашев, Сайдулла Нышанов, Абдывахап Нурбаев жана Таабалды Тиллаев бул жолу парламентке келе албай калды.

"Альянс" партиясы

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Альянс" партиясы

Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан"

Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын аксакалы - Адахан Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы болуп жатат.

"Бүтүн Кыргызстандын" жеңишинде эки негизги фактор бар. Биринчиси - партиянын негиздөөчүсү, лидери Адахан Мадумаровдун жеке салымы. Экинчи фактор - алар көп жылдар принципиалдуу позициясын карманып келе жатышат. Толкуп кетпеди, позициясын өзгөртпөй келди. Саясий партия катары туруктуу электораты бар", - дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарында бул жолу "Коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев, депутат Эмил Токтошев, активист Орозайым Нурматова, УКМК кызматкери Алишер Эрбаев, Бишкектеги Ленин районуну прокурору Гуля Кожомкулованын депутаттык мандат алып жатышат. Болочок жаңы парламентте "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык блокту жетектеши күтүлүүдө.

"Ыйман Нуру"- прогрессивдүү партия экенибизди көрсөтөбүз

Кыргызстандагы жаңы партиялардын бири болгон "Ыйман Нуруна" быйыл парламенттен беш мандат тийиши күтүлүп жатат. Партия лидери Нуржигит Кадырбеков 14 миңден ашык добуш топтоду. Топтогон добуштардын саны боюнча андан кийин эле бул партиядан Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков жана Эрнис Айдаралиев жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду.

Шайлоо алдында "Ыйман Нуру" партиясынын үстүнөн БШКга кайрылгандар да болду. Арыз ээлери "Ыйман Нуру" партиясын "диний жана этникалык негизде" түзүлгөнүн айтып, шайлоодон четтетүүнү суранганышкан.

Партия лидери Нуржигит Кадырбеков мындай сындарга деп жооп берди:

"Ыйман деген сөз болсо эле динге байлай берет экенбиз да. Ыймандуу бийлик дедик, орусча которгондо "нравственная власть". Бирок болбой эле "верующая власть" деп которуп жатышат. Бирок биздин программабызды карасаңыз илим-билим, технология жана руханий тазалык деген бар, ошолорго басым жасайбыз. Эми ар түрдүү пикирлер айтыла берет экен. Ишибиз менен прогрессивдүү партия экенибизди көрсөтөбүз деген тилегибиз бар".

Нуржигит Кадырбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нуржигит Кадырбеков

Буга чейин шайлоолордон кийин жеңүүчү партиялар ичинде мандат бөлүштүрүүгө келгенде дайым талаш-тартыш орун алып, маселе жаралчу.

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу преференциалдык добуш берүү тажрыйбаланып, андай ызы-чуулар болгон жок. Бирок гендердик квота айынан "Альянс" тийиштүү бир мандат Жанарбек Акаевге тиеби же Токтобүбү Оргалчагабы соттук териштирүүгө чейин барды.

"Бир кумалак бир кайын майды чиритет"

Добуш берүү күнү БШКнын маалыматтык сервери үзгүлтүккө учураганы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн жаратты. Жаңы депутаттар эми мындай күмөнсүнүү шартында иштешет, дейт саясат талдоочу Бакыт Бакетаев:

“Президент чын эрки менен таза шайлоо өткөзөйүн деген. Эл өзү тандап, эски саясатчылар люстрация болсун деген аракет болду. Бирок АСУлар онлайн режимден өчүп калып, элде ишенбөөчүлүк пайда болду. Ансыз деле БШКга элдин ишеними төмөн эле. Эми бул “бир кумалак, бир карын майды чиритет” болду. ЖКнын VII чакырылышынын депутаттары эми ушул ачуу майды беш жыл жеп, элге чындап шайланганын, татыктуу экенин далилдеши керек”.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, жыйынтыгы расмий чыгарыла электе эле нааразылык өсүп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Бул жолу негизги олжо – шайлоо тынч өткөнү белгиленип жатат.

“Келечекке жол” улуттук кыймылынын өкүлү Таалайбек Жумадылов:

“Дүйнө жүзүндө шайлоолор коомдогу чыңалуунун чечүүнүн бир жолу. Бирок Кыргызстанда шайлоолор олку-солкулук менен коштолуп, бийликти күч менен басып алууга шарт түзүп жатат. Бул феномендин себеби эмнеде? Демократиялык өлкөлөрдө эл шайлоодо бийликти кимге берет аныктайт. Бизде, тескерисинче, бийлик элдин тандоосун аныктаганга аракет кылат. Мунун инструменттери көп: административдик ресурс, добуш сатып алуу, шантаж, коркутуп-үркүтүү, жакпаган талапкерлерди шайлоодон четтетүү, керек болсо кылмыш ишин козгоо жана башкалар. Мамлекетте бул шайлоонун алдында мындай нерселерден кутулуу милдети турган. Бул шайлоодо ошол ишке аштыбы?”.

Экс-министр бул жолу шайлоо Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун тушунда өткөн шайлоолорго салыштырмалуу таза өткөнүн белгиледи.

Бул шайлоо жаңы мыйзамдар менен өтүп, анын чийки жактары дагы даана билинди. Алалы, бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон талапкерлер үгүт маалында 150 миң сомдон ашык эмес каражат жумшоосу каралып, мыйзам кемчилиги катары аталды. Себеби, ал сумманын 100 миңи шайлоо күрөөсүнө коюлуп, болгону 50 миң сом менен үгүт жүргүзүү талапкерди чектери айтылды. Ошол эле убакта партия менен шайлоого барган талапкер 1,5 миллион сомго чейин үгүткө акча чача алат. Шайлоо мыйзамдарына быйыл үгүтчү же агитатор термини киргизилген. Бирок андай адам өзү ким, эмне кылат чечмеленбей калганы айтылды. Мындан улам мугалим, врачтар кайсы талапкер үчүн иштебесин, административдик ресурс катары таанылары эксперттер тарабынан белгиленип жатат.

Административдик ресурс демекчи, быйыл өткөн шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары массалык түрдө катталбаганы жакшы жылыш катары бааланууда.

ЕККУ Кыргызстанда шайлоо саясий атаандаштыкта өттү, бирок эл добуш берүүгө солгун катышты деп белгилеп, муну мамлекеттик институттарга элдин ишеними кете баштаганын көрсөтөт деп билдирди. "Шайлоо өнөктүгү учурунда негизги эркиндиктер сакталып турду, бийлик таза шайлоо өткөрүүгө саясий эрки бар экенин көрсөтүп жатты, бирок катаң чаралар талапкерлердин үгүт өнөктүгүн этият өткөрүп калышына алып келди",-деп айтылат ЕККУ миссиясынын отчетунда.

Ошондой эл аралык байкоочулар тарабынан аралаш системага өтүү менен бир мандаттуу округдардагы шайлоодо талапкерлердин басымдуу бөлүгү эркектер болгону өксүк катары белгиленди.