Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин тергөө абагында болот

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМКга суракка чакырылган экс-депутат Бактыбек Калмаматов атайын кызматтын тергөө абагында 9-февралга чейин болот. Биринчи май райондук соту бүгүн анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим кабыл алганын саясатчынын адвокаты Айым Камчибекова Би-Би-Сиге билдирди.

Калмаматов Кылмыш-кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү боюнча аймак аралык кастыкты козутту деп шектелип жатат. Жактоочу белгилегендей, мындай айыптоолорго саясатчынын буга чейинки берген видеоинтервьюсу негиз болгон.

УКМК Калмаматов "топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде" кармалганын билдирди.

Бактыбек Калмаматов

Сүрөттүн булагы, wikipedia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бактыбек Калмаматов

Калмаматов 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына умра зыяратына бараткандан жерден кармалып, "Манас" аба майданынан УКМКга алынып келинген.

Кичи ажылыкка Калмаматов партиялашы, экс-спикер Акматбек Келдибеков жана диний ишмер Мыктыбек Арстанбек менен бара жатканы такталды.

Бактыбек Калмаматов өткөн парламенттик шайлоодо “Азаттык” партиясы менен шайлоого барып, аталган партия 5% босого чекти багындыра алган эмес.

“Калмаматовдун камалышы – азыркы бийликтин мыйзамдуулукту сыйлабай, өзүм билемдик башкарууга өтүүгө аракет жасап жатканынан кабар берет. Сын-пикир айткан жарандардын оозун басып, сүйлөтпөй коелу дегени. Калмаматов ачык сын ачык айткан партиялашыбыз. Ал каяктан аймак аралык кастыкты козутмак эле. Бишкекте көмүр баасы 3 миң сомдон, ал эми райондордо кымбат деген экен. Ал, тескерисинче, теңчилик орнотулушун каалап жатпайбы. Бийлик ушинтип отуруп стабилдүүлүккө зыян келтирип алышы мүмкүн. Бизге тынчтык, биримдик керек”,- деди “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков.

Исмаил Исаков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экс-коргоо министри Исмаил Исаков
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Исаков Калмаматовдун бөгөт чарасы тууралуу соттун чечимине карата партия атайын билдирүү менен чыгарын кошумчалаган.

Калмаматов октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү.

"Экономикалык, социалдык жактан дагы кризиске келип кептелдик. Кечээки шайлоонун айынан бизде жаңы саясий кризис башталды. Бийликтин сабатсыздыгы мамлекетти бандиттик режимге алып келип койду", -деген эле ал буга чейинки интервьюларынын биринде.

Буга чейин Коомдук теле-каналда өткөн дебаттарда Калмаматов шайлоодо жеңүүчү чыккан - “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тийиштүү экенин айткан. Аталган партия лидери Айбек Маткеримов андай маалыматты ошол эле дебаттын жүрүшүндө четке каккан эле.

Калмаматов быйыл жылдын башында өткөн президенттик шайлоодо дагы талапкерлигин койгон. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Көп жылдар бою “Ата Мекен” партиясынын катарында жүргөн. (EK)