Жыйынтыктарга нааразылар кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чон-Арык айылындагы шайлоо участкасында добуш беришти

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын лидерлери жана алардын жактоочулары 29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында чогулуп, талаптарын билдиришти.

Кечээ добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразы болгон беш партия - “Азаттык”, “Ата Мекен”, “Реформа”, “Социал-демократтар”, “Улуттар биримдиги” - Министрлер кабинетинин кызматтан кетишин жана шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышкан болчу.

28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо 3 703 420 кыргызстандыктын 1 276 014ү өз добушун берди. Ошентип шайлоочулардын болжолдуу үчтөн бири гана (34,46%) жарандык милдетин аткарышты.

Добуштар эсептелип жатканда БШК сайтындагы улам жаңыртылып турган маалыматтар өзгөрүп кетти. Кечки сегизде шайлоо участкалары жабылгандан кийин саат 20:30дарда БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 2494 урнанын 1928индеги (77,3%) добуштар автоматтык жол менен саналган.

Андагы алдын ала жыйынтыктар төмөнкүдөй болгон:

  • “Ишеним” – 25,35%
  • “Ынтымак” – 20,58%
  • “Альянс” – 15,68%
  • “Бүтүн Кыргызстан” – 11,87%
  • “Ыйман Нуру” – 10,58%
  • “Эл Үмүтү” – 8,4%
  • “Ата-Мекен” – 6%

Бирок БШКнын серверлери жарым сааттан ашык иштебей турган. Система кайра ишке киргенден кийин добуштардын саны кескин түрдө өзгөрүүгө учурады.

Мисалы, “Ата Мекендики” 71 миңден 41 миңге, “Бүтүн Кыргызстандыкы” 119 миңден 79 миңге түшүп калды.

БШК муну техникалык мүчүлүштүк, механикалык инцидент деп атады. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов БШКнын сайтына хакердик чабуул болгонун билдирди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эч кандай хакердик чабуул болбогонун, болгону бир таблицада программалык ката кеткенин айтууда.

Марат Иманкулов

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Иманкулов

Бул жогорудагы беш саясий партиянын нааразылыгын жаратып, аларды БШКнын алдында чогулуусуна алып келди. Алар добуштар уурдалды деп, бул бийлик атайы алдын ала даярданган пландуу операция деп жатышат.

Президент Садыр Жапаров эгерде БШК добуштарды жасалмаласа, жоопко тартыла турганын айтты. Ал партияларды сабырдуулукка чакырып, бардык добуштарды кол менен санап чыгуу керектигин билдирди.

Ансыз деле бардык шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин акыркы жыйынтык чыгарылат. Бул ишке партиялардын байкоочулары, көз каранды эмес байкоочулар катышууга тийиш, башкача айтканда көзөмөл алдында жүрүшү керек.

“Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов добуштарды кол менен саноо мыйзамга каршы келерин айтууда.

“Кол санак бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн, бардык партиялардын байкоочуларынын катышуусунда ошол жерде, ошол учурда жүргөндө гана мыйзамдуу. Булар бардык участкаларга баргандарды эртең кел, бүрсүгүнү кел деп кетирип жиберип атышпайбы. Бул кол санак жарабайт, мыйзамга каршы келет”, - деди Мелис Мырзакматов.

Бишкектин чет жакасындагы шайлоо участкасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бүгүн саат 16:30га карата 2 494 участкалык шайлоо комиссиясынын 377синен (15.12%) кол менен саналган бюллетендердин жыйынтыгы алынган. Кол менен саноонун жыйынтыгы бүгүн кечке чейин чыгары айтылганы менен так убактысы белгисиз.

Ал эми 28-ноябрь саат 22.00гө карата 2 494 автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) ичинен 2 261инен (90,66%) алынган маалыматтар боюнча, бир мандаттуу шайлоо округунан бир да аял талапкер өткөн эмес. Бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер катышса, анын болгону 20сын аял талапкер түзгөн.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, бул шайлоодо жаш талапкерлер алдыга озуп чыга алышты. Айталы, “Ишеним” партиясы менен депутаттыкка аттанган активист жана блогер Эрулан Көкүлов партиясынын ичинде эң көп (18 289) добуш алган. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон Мирлан Самыйкожо да өз аймагында 9 414 шайлоочунун (22,54%) добушуна ээ болуп, суурулуп чыга алган. (EA)