Аркадий Дубнов Кыргызстандагы шайлоо жана Садыр Жапаров тууралуу
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандагы соңку шайлоолор Россия үчүн кандай көз караштан маанилүү экенин сурап Би-Би-Си Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновго кайрылды.

Сүрөттүн булагы, Andrew Rushailo-Arno
Би-Би-Си: Россия тараптан Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоолорго кызыгуу болдубу?
А.Дубнов: Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгы өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетирбейби, Россия жетекчилиги үчүн бул шайлоолор ошол көз караштан кызык. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көчө митиндерине алып келбесе эле, бул Кремлде жакшы бааланат.
Коомдук пикирге келсек, Кыргызстанда болуп жаткан шайлоолорго эч кандай деле кызыгуу жок. Соңку жылдары Россия коомчулугунда деле Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоолорго Кремлдегидей эле мамиле байкалат. Шайлоодон кийин чатак (ред. буча) болобу же жокпу деген өңүттөн. Себеби, бул жакта жаңы президенттердин ысымдарына көнө электе эле алмашып кетип атышат. Бийлик улам алмашып, анан бийлик-оппозиция тиреши болуп, саясий жактан дефинициялаганга кыйын болууда. Кимиси оңчул, кимиси солчул? Кимиси социал-демократ, а кимиси улутчул-патриот? Майда партиялар көбөйүп, алардын лидерлерин айырмалоо да кыйын болуп баратат.
Би-Би-Си: Кыргызстанда былтыр ишке ашпай калган парламенттик шайлоонун наарызылык шарында келген Садыр Жапаровго Кремлдин мамилеси кандай азыр?
А.Дубнов: Бир беткей айтууга кыйын. Бийликке жаңы келгендеги анын билдирүүлөрү, кийин Москвага да келип-кетиши, жакшы үмүт жаратып жаткан. Ал кишини уга билет, өз оюн жакшы жеткире алган, эрктүү жана максатына жете билген да көрүнөт. Бирок ал эми Кыргызстанда дайым боло келген бейстабилдүүлүктү кантип эптейт, аны убакыт көрсөтүшү керек болчу. Ошондой эле өлкөгү бийликтеги дуумвираттын туруктуулугу боюнча суроолор жаралган. Бул жерде сөз Жапаровдун революция боюнча шериги Камчыбек Ташиев тууралуу сөз болуп жатат.
Кыргызстандын жаңы бийлиги үчүн Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү да милдети турат. Өзбекстан менен чек арасында бул маселе менен баштапкы келишүү болду. Бирок андан ары иш жылган жок. Бул начар маалыматтык камсыздоодон улам болуп жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле түштүк-түндүк кландык тирешүү коркунучун басуу милдети бар. Афганистандан коркунуч бир аз апыртылгандай болуп жатат, талибдердин өз өлкөсүнөн чыгайын деген деле ниеттери жок. Бирок кыргыз-тажик жаңжалында Душанбедиги кызуу кандуу айрымдар теги тажик афган моджахеддерин өз тарабына тартууга даяр болчу. Бирок мындай коркунуч бүгүнкү күнү жокко чыгарылды. Бул, балким, Коопсуздук Кеңешиндеги жаңы жетекчилердин биринин аракети менен жокко чыкты. Мен Таалатбек Масадыков тууралуу айтып атам.
Би-Би-Си: Бул жолу Россиядагы кыргыз мигранттарынын добуш берүүгө катышы солгун болуп жатат. Анын кандай себептери болушу мүмкүн?
А.Дубнов: Бул мигранттарга карата Бишкек тараптан болуп жаткан кайдыгерлик менен түшүндүрүлсө керек. Мигранттардын жаңы бийликке ишеними аз болсо керек. Аракеттеги бийлик, балким, кыргыз мигранттарынын кызыкчылыктарын эске алып, кам көрүүсүн жакшы көрсөтө албай жатат.
Менимче, буга чейинки Москадагы кыргыз элчилиги мигранттар менен активдүүрөк иш алып барчу. Мен билгенден мигранттар арасында элчилик популярдуу эле. Балким, буга Москвадагы элчиликтин азыркы жетекчилигинин авторитети ойношу мүмкүн.
Кыргызстан – бул парламенттикпи же президенттик шайлообу, анын жыйынтыгы шайлоо участкаларында чечиле турган өлкө. Добуш берүүнүн жыйынтыгы аймактагы Казакстан жана башка коңшу өлкөлөрдөгүдөй президенттик администрацияда же парламентте чечилбейт. Өз эркин билдирүү менен демократиялык менталитеттин калдыгынын дагы эле таасири бар.











