Шайлоо-2021: жыйынтык жана өткөндөн сабак

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкекте эксперттик коомчулук 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын талдады. Ошондой эле жаңы шайлоо системасынын артыкчылыктарын жана кемчиликтери аталды.

шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Талкууга коюлган биринчи эле суроо бул - өткөн парламенттик шайлоодо эл татыктуу Жогорку Кеңеш шайлай алдыбы, суроосу болду.

Иш-чарага чакырылган Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев азырынча бул нерсеге баа берүү кыйын экенин айтты. Ал жаңы Жогорку Кеңештин курамы тууралуу маалымат берди:

“Жаңы эрежелер боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Анын 21 Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары болуп атат. Ошондой эле андан мурунку чакырылыштагы бир нече депутаттар кайрадан шайланып келишти. Жаны парламенттин 70% жаңы жүздөрдөн жана жаштардан турат. Партиялык тизме менен 19 аял келди. Бул 54ттүн кеминде 40% болуп атат”.

Жогорку Кеңештин жаңы курамына ушул аптада депутаттык мандаттар тапшырылат. Андан кийин эки апта ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Ошентсе да шайлоодо жеңилип калган партиялар жаңы чакырылыштын легитимдүүлүгү тууралуу маселени козгоп келишет.

Добуш берүү күнү БШКнын маалыматтык сервери үзгүлтүккө учураганы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн жаратты. Жаңы депутаттар эми мындай күмөнсүнүү шартында иштешет, дейт саясат талдоочу Бакыт Бакетаев:

“Президент чын эрки менен таза шайлоо өткөзөйүн деген. Эл өзү тандап, эски саясатчылар люстрация болсун деген аракет болду. Бирок АСУлар онлайн режимден өчүп калып, элде ишенбөөчүлүк пайда болду. Ансыз деле БШКга элдин ишеними төмөн эле. Эми бул “бир кумалак, бир карын майды чиритет” болду. ЖКнын VII чакырылышынын депутаттары эми ушул ачуу майды беш жыл жеп, элге чындап шайланганын, татыктуу экенин далилдеши керек”.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, жыйынтыгы расмий чыгарыла электе эле нааразылык өсүп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Бул жолу негизги олжо – шайлоо тынч өткөнү белгиленип жатат.

Октябрь окуялары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жыл, Октябрь окуялары
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Келечекке жол” улуттук кыймылынын өкүлү Таалайбек Жумадылов: 

“Дүйнө жүзүндө шайлоолор коомдогу чыңалуунун чечүүнүн бир жолу. Бирок Кыргызстанда шайлоолор олку-солкулук менен коштолуп, бийликти күч менен басып алууга шарт түзүп жатат. Бул феномендин себеби эмнеде? Демократиялык өлкөлөрдө эл шайлоодо бийликти кимге берет аныктайт. Бизде, тескерисинче, бийлик элдин тандоосун аныктаганга аракет кылат. Мунун инструменттери көп: административдик ресурс, добуш сатып алуу, шантаж, коркутуп-үркүтүү, жакпаган талапкерлерди шайлоодон четтетүү, керек болсо кылмыш ишин козгоо жана башкалар. Мамлекетте бул шайлоонун алдында мындай нерселерден кутулуу милдети турган. Бул шайлоодо ошол ишке аштыбы?”.

Эксперт бул жолу шайлоо Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун тушунда өткөн шайлоолорго салыштырмалуу таза өткөнүн белгиледи.

Бирок БШКнын маалыматтык автоматташтырылган системасындагы ката үчүн Санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин жоопкерчилиги тууралуу маселени козгоду.

“Догоев УКМКда саясатчыларга БШК серверинин иштөө алгоритмин түшүндүргөндөн көрө, бардык партия өкүлдөрүн чакырып, ал система кандай иштейт түшүндүрбөйбү. Менин бул тууралуу катыма ал мен БШКнын мүчөсү эмесмин дептир. Бирок ал шайлоону уюштурууда БШКга көмөк көрсөтүүчү республикалык штабдын теңтөрагасы да”, - дейт Бешимов.

Эксперттик талкууда шайлоо мыйзамдары дагы талданды. Алалы, бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон талапкерлер үгүт маалында 150 миң сомдон ашык эмес каражат жумшоосу каралып, мыйзам кемчилиги катары аталды. Себеби, ал сумманын 100 миңи шайлоо күрөөсүнө коюлуп, болгону 50 миң сом менен үгүт жүргүзүү талапкерди чектери айтылды. Ошол эле убакта партия менен шайлоого барган талапкер 1,5 миллион сомго чейин үгүткө акча чача алат. Шайлоо мыйзамдарына быйыл үгүтчү же агитатор термини киргизилген. Бирок андай адам өзү ким, эмне кылат чечмеленбей калганы айтылды.

Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов:

“Агитатордун кандай укугу бар, эмне кыла алат же кыла албайт эчтеке жазылбай калган. Партиялар аларды жалдай алары, жана канча үгүтчү жалдаса болот көрсөтүлгөн. Бирок ал адамдардын милдети, укуктары тууралуу эчтеке жок. Бул чаташууну пайда кылууда. Мисалы, эгер мугалим же врач үгүтчү болуп иштесе, ал админстративдик ресурс болуп калабы же ал жөн эле агитаторбу? Мыйзамда так көрсөтүлбөсө, алар ким үчүн үгүт кылбасын админресурс катары карала берет”.

Парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өттү. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан" , "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" .

БШК чыгарган расмий жыйынтыкка ылайык "Ата-Журт Кыргызстан" – 15, "Ишеним" - 12, "Ынтымак" - 9, "Альянс" - 7, "Бүтүн Кыргызстан" - 6, "Ыйман Нуру" - 5 депутаттык мандат алды.