Россиялык эксперт: таза шайлоо өткөрүү – кыргыз бийлиги үчүн принципиалдуу маселе
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Россиянын Илимдер академиясынын алдындагы Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун улуу кызматкери Станислав Притчин Би-Би-Сиге маегинде Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун маанилүү учурларына токтолду.

Сүрөттүн булагы, Social media
С.Притчин: Бул шайлоо Кыргызстанда саясий кырдаал салыштырмалуу стабилдүү жагдайда өтүп жатат. Шайлоо алдында өлкөнү солкулдатчу олуттуу конфликт же ызы-чуулар деле болбоду.
Анын үстүнө, ким бул шайлоодо жеңсе, өлкөнүн жакынкы келечектеги тагдырын аныктайт деген нерсе жок да. Бирок чыныгы саясий күрөш бар.
Айрым саясий күчтөргө бул - парламентке келүүгө чындап эле мүмкүнчүлүк. Бирок азыр Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары чектелип, былтыркы ушул маалдагыдай күчкө эмес экени түшүнүктүү.
Кыргызстанда азыр президенттик башкаруу өкүм сүрүп жатат. Президент тышкы жана ички саясатта көп нерсени өзү чече алат. Парламенттин ролу чектелүү. Андыктан саясий топтордун бул шайлоодо тиреши анча деле курч эмес экени байкалат.
Би-Би-Си: Бул шайлоодогу негизги тобокелчиликтер кайсылар?
С.Притчин: Эгемен Кыргызстандын тарыхын эске алганда, шайлоодон кийинки нааразылыктар чоң өзгөрүүлөргө алып келүү тобокелчилиги дайым бар.
Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес саясий топтор митингге, нааразылык акцияларга чыгып өз чындыгын коргошу мүмкүн. Бул шайлоодогу негизги тобокелчилик ушул болот го деп ойлойм.
Бийлик болушунча ачык-айкын, таза шайлоолор өткөзсө, легитимдүүлүк маселеси жаралбайт.
Былтыр так ушул шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразылык төңкөрүшкө айланганын унутпаш керек. Азыркы бийлик ошондой учурда өлкө башына келген да. Бул нерсени эске алганда таза шайлоо өткөрүү – бул принципиалдуу маселе.
Бул “силер өзүңөр былтыр ушундай эле ураандар менен бийликке келбедиңер беле” деген сөздөрдүн алдын алат. Азыркы кырдаалда оор социалдык-экономикалык жагдайдын да ролу бар.
Ошондой эле күн тартибинде кыргыз-тажик чек арасы деген да маселе бар. Бирок ал экономикалык факторго салыштырмалуу шайлоого көп деле таасирин бербейт.









