Өзбекстандык серепчи: Кыргызстандагы шайлоолор Борбор Азияда өзгөчөлөнөт
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Си, Бишкек
Россия экономикалык университетинин Ташкенттеги филиалынын доценти, саясат талдоочу Равшан Назаров Би-Би-Сиге берген маегинде Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчөлүгүнө токтолду.

Сүрөттүн булагы, Social media
Р.Назаров: Кыргызстанда бул шайлоо алдында бийлик мамлекеттик төңкөрүштүн алдын алганын айтып чыкты. Өлкөдө оппозициялык күчтөр өтө тез мобилдешерин эске алганда, бул жолу Кыргызстанда шайлоо оңой эмес саясий кырдаалда өткөнү калды.
36 шайлоо округу боюнча үч жүзгө жакын талапкер чыгып, орточо алганда ар бир аймакта 11 талапкер атаандашат экен. Демек, ар бир мандат оор жана айыгышкан саясий күрөш менен коштолчудай…
Кыргызстанда 290 партия каттоодон өтүп, бул шайлоодо жыйырмадан ашыгы күч сынап жатат. Силерде президенттин партиясы болсо деле, ал автоматтуу түрдө фаворит болбойт. Шайлоо жыйынтыгы күтүүсүз болуп, жаңы партиялар деле жеңип чыгышы мүмкүн. Реалдуу, активдүү саясатчылар көп.
Би-Би-Си:Кыргызстандагы бул шайлоолордун жалпы Борбор Азия аймагына кандайдыр бир таасири болот деп ойлосузбу?
Р.Назаров: Албетте. Борбор Азия өлкөлөрү тыгыз байланышта эмеспи. Андыктан бир өлкөдө олуттуу окуя болсо, анын жаңырыгы башкаларына кайсы бир деңгээлде тарайт.
Кыргызстанда 2005, 2010 жана 2020-жылда болгон окуяларга кошуна өлкөлөрдөн дароо реакция болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Былтыр болгон октябрь окуяларында ал түгүл аймактагы төрт президент биргелешкен билдирүү менен дагы чыгышпадыбы…
Би-Би-Си: Кыргызстанда быйыл өтүп жаткан шайлоолордун жергиликтүү бийлик үчүн кандай тобокелчиликтери бар?
Р.Назаров: Бул өлкөдө электорат өтө активдүү келет, саясий партиялар да көп, башында айттым. Андыктан шайлоо таза өтпөсө, 2020-жылы өткөн шайлоо сценарийи кайталанышы мүмкүн.
Шайлоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгы адилеттүү экенине ынанса, андай толкундоолор болбойт. Бул жерде көп нерсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине жана күч органдарынын ишинин уюшкандыгынан көз каранды болот го дейм.
Би-Би-Си:Сырттан караганда бул шайлоонун өзгөчөлүгү эмнеде болуп атат?
Р.Назаров: Быйыл аралаш шайлоо системасы кирип, 90 депутаттын 54 партиялар менен калганы бир мандаттуу округдардан келип жатканы – саамалык.
Шайлоочулар кааласа эки бюллетенге да каршы добуш бере алат. Эксперттер, анын ичинде мен дагы бул жаңылыктар шайлоо процессин кичине оорлотуп койдубу деген ойдомун.
Шайлоодо жараксыз бюллетень көп болуп, добуш берүү жыйынтыгына шек саноолор болушу мүмкүн.
Бул жолу шайлоо босогосу 5% болуп жатканы да дагы бир өзгөчөлүк. Былтыркы шайлоодо чоң ызы-чуу жараткан форма № 2 жоюлганын да уктук.









