Тажикстандык эксперт: Жогорку Кеңештен чек ара көйгөйүн чече турган кесипкөйлөрдү күтөбүз

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Тажикстандык саясат талдоочулардын улуттук ассоциациясынын директору Абдугани Мамадазимов Би-Би-Сиге маек куруп, Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун коңшу өлкө үчүн маанисине токтолду.

Абдугани Мамадазимов, тажик эксперти

Сүрөттүн булагы, Sputnik Uz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдугани Мамадазимов, тажик эксперти

А.Мамадазимов: Тажикстан тараптан Кыргызстан бүгүн өтүп жаткан парламенттик шайлоолорго сөзсүз кызыгуу бар. Бул шайлоолордун арты менен менен кандай саясий күчтөр келет биз үчүн маанилүү.

Стабилдүүлүк үчүн деген күчтөр келсе, анда быйыл өлкөдө президенттик башкарууну колдоо уланат. Ал эми парламентаризмди жактагандар келсе, талаш-талкуу күчөй берет.

Бул нерсе өлкө ичиндеги саясатка эле эмес, тышкы саясатка да таасирин берет. Анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу участокторду тактоого да таасирин берет. Ал жакта дагы деле чыңалуу сакталып, маал-маалы менен ок дагы жаңырып жатат.

Андыктан биз Жогорку Кеңешке өтүп жаткан ушул шайлоолор менен бийликке өзүнүн тар кызыкчылыгын коргогон топтор эмес, жалпы улуттук кызыкчылыкты ойлонгон жарандар келсе дейбиз.

Андыктан бул шайлоодо ким жеңет, биз үчүн чындап эле кызык.

Тилекке каршы, Кыргызстандагы жаңы бийлик чек ара маселесинде Советтер союзу маалында кабыл алынган чечимдерди туура эмес чечмелеп жатат. Бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилени начарлатууда.

Жаңы парламентке компетенттүү, жогорку квафиликациядагы адамдар келсе, коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртканга бийликке жардамга келмек беле дейм.

Биз кыргыз тараптан көбүрөөк жоопкерчиликтүү мамилени күтөбүз.

Бийлик башында туруп, чек ара маселесинде популисттик билдирүүлөрдү жасоого болбойт.

Кыргыз парламентине ошондой билдирүүлөрдү жокко чыгарып, баланстай турган кесипкөй адамдар келет деп күтөбүз.