Садыр Жапаров: “Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда”

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президент Садыр Жапаров өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда деп билдирди. Президент бул жөнүндө парламенттик шайлоого эки күн калганда, жума күнү болгон коопсуздук кеңешинин жыйынында айта кетти.
“Биздин мыйзамдарга ылайык, тамак-аштын өздүк өндүрүштөгү базалык продуктулар менен биз өзүбүздү эң аз дегенде 80%га камсыз кыла алсак, азык-түлүк коопсуздугунун оптималдуу деңгээли келип чыгат. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар бул продукттарга калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш. Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, учурда Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат. Өздүк өндүрүштүн эсебинен биз өзүбүздү нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу продукттар менен болгон 40%га, ал эми өсүмдүк майы менен 24% га гана камсыз кыла алабыз”, - деди президент.
Жапаров агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруунун натыйжасында калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу бөлүгүндө өлкө импортко көз каранды абалга келгенин белгиледи.
Суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык айыл чарба өндүрүүчүсүнүн алуучу түшүмүнүн көлөмүнө терс таасир тийгизүүдө.
“Суунун жетишсиздик көйгөйүнүн натыйжасында биздин жарандар миллиондогон сом менен эсептелген зыян тартууда, үстүбүздөгү жылдын жай айында болуп өткөндөй, адамдардын аянтка митингге чыгышын күтүп отурбастан, бул маселени өз учурунда чечүүгө болот эле.”
Чүй облусун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбагандыктан президент айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана аталган министрликке караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жапаров өлкөдө жаралган энергетикалык кризиске токтолду. Ал электр станцияларынын жана түйүндөрүнүн негизги жабдууларынын эскирүү деңгээли 50%дан жогору экенин билдирди.
Ошону менен катар Жапаров өлкөдө энергетикалык кризис күчөп бараткан шартта майнинг-фермалар ири өлчөмдөгү электр энергиясын керектеп жатканын белгилеп, муну токтотуу жөнүндө Министрлер Кабинети менен укук коргоо органдарына тапшырма берди.
Президент, мындан сырткары, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына да токтолду.
Расмий маалыматтар боюнча, көмүскө экономиканын ички дүң продукциянын көлөмүндөгү үлүшү 2020-жылы 23,6% жана 141,2 млрд сомду түзгөн.
Шайлоо алдындагы кармоолор
Коопсуздук кеңешинин жыйыны парламенттик шайлоого эки күн калганда өтүп жатат. Шайлоо алдында өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу деп айтылып жаткан менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө бийликти күч менен кулатууну пландаган кылмыштуу топ кармалганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, УКМКнын басма сөз кызматы
Расмий маалыматта, шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин кылмыштуу топ чагымчылык кылып, кырдаалды курчутуп, бийликти күч менен басып алууну пландаган жана анын тикелей далилдери бар деп айтылат. Бир миңдей агрессивдүү маанайдагы жаштар массалык каршылык акцияларына тандалып, алар менен массалык тополоң чыгаруу пландары жарыяланган деп жатат.
Бийликти күч менен басып алууну пландаган топту жетектеген саясатчылардын арасында парламенттин кээ бир депуттары менен мурда кызматта жүргөн адамдар бар экени айтылууда.
Бир жыл мурда парламенттик шайлоодо нааразылык чыгып, массалык тополоңго айланып, бийликтин алмашуусуна алып келген. Ал эми шайлоо жараксыз деп жарыяланып, бир жылдан кийин өткөрүлүүдө.











