2020: Кыргызстанды солкулдаткан 10 күн

коллаж

Өтүп бара жаткан 2020-жылдагы курч окуяларга кайрылабыз.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, курч саясий окуялар болду. Он күндүн ичинде президент кызматтан кетип, жаңы спикер менен премьер-министр шайланды.

дата

Парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу эң оркойгон жана эң көп жайылган мыйзам бузуу болгонун эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар белгилешти. ЕККУнун миссиясынын отчетунда дагы добуштарды сатып алуу шайлоонун жүрүшүндөгү эң олуттуу көйгөй болуп калганы айтылган.

Шайлоонун тыянактары боюнча 16 партиянын ичинен эки партия - "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" 24 пайыздан көбүрөөк добуш алган. Дагы эки партия- "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" босого чектен өткөн.

дата

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ала-Тоо аянтында демонстрациясын баштады. Түштө чогула баштаган топ, саат алтыларда беш миңге чейин жеткени кабарланды. Өлкөнүн негизги аянтына топтолгондор шайлоо тыянагын жокко чыгарууну талап кылган. Аянтка коопсуздук кызматкерлери дагы тартылган.

демонстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кечки саат 20:00дөн кийин Ала-Тоо аянтындагы демонстранттар экиге бөлүнүп, айрымдары Ак үйдүн дарбазасын талкалап кирүүгө аракеттенген. Ак үй тараптан коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга карата күч колдонуп, таратууга аракет кылды.

Кечки саат 23:00дөн кийин экс-президент Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлерин жолугушууга чакырды.

дата

Таңкы саат 03:00дөн кийин демонстранттар Ак үйгө кирип барды. Өкмөт имаратын ээлеп алган оппозициялык күчтөр элдик өкмөт түзүп, Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу жана жаңы премьер-министрди тандоо маселесин көтөрүштү.

Түн ортосунда абактагы бир катар саясатчылар, анын ичинде Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков ж.б. бошотулду. Коопсуздук кызматкерлер менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда жүздөгөндөр жаракат алып, 19 жаштагы жаран каза тапты.

демонстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жер-жерлердеги расмийлер кызматтарынан өз ыктыяры же күч менен кетирилип, БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бир катар расмийлер кызматын таштап кетип жатканда президент Жээнбеков бардык күчтөрдү мыйзамдык талаага кайтууга чакырган билдирүү жасады. Бийлик шал абалга келип, өлкөдө башаламандык орноду. Бишкек шаарындагы дүкөн, соода борборлорду элдик кошуундар кайтарды.

Бишкектеги "Достук" мейманканасында түн ортосунда Жогорку Кеңеш чогулуп, жаңы төрага жана премьер-министр шайлашкан, Жыйынга 64 депутат катышканы айтылган.

дата

Президент Жээнбеков Би-Би-Сиге экслюзивдүү маек куруп, окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү. Ошондой эле президент өзүн легитимдүү лидер катары атап, "жоопкерчиликти берип, көмөктөшүүгө" даяр экенин айтты.

президенттин офиси

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бозгундагы саясатчы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келди. Аны тарапташтары түн ортосуна чейин күтүп, аянттан кетпей турушкан. Ал регионалдык жиктешүүнү айыптаганы менен, Мырзакматовдун айрым сөздөрү коомчулукта талкуу жараткан.

Ош шаарында дагы демонстрациялар болуп, кырдаал курч болду. Маселен, Ошто мэрдин жана өкмөттүн өкүлүнүн орду талашка түшкөнү тууралуу видеолор тарады. Бир нече район жетекчилеринин ордуна башкалар барып олтуруп алган дагы учурлар болду.

дата

Борбор калаа Бишкектеги ызы-чуу 8-октябрда салыштырмалуу басаңдады. Бирок өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тараптар демонстрациясын улантты.

Серепчилер көчөдөгү кыйкырыктар саясий топтордун талкуусуна көчкөнүн айтышкан. ЖКнын жаңы төрагасы Мыктыбек Абдылдаев президент менен сүйлөштү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнү президент сунуштады жана төрага ЖК абалды укуктук жолго буруунун бардык аракетин көрүп жатканын айткан.

демонстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал ортодо мурунку муниципалдык жана башка жетекчилер кызматына кайтып келди. Биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт мүчөлөрү менен тополоңдон кийин биринчи жыйынын өткөрдү. Жарандык сектор, укук коргоочулар да чогулуп, абалдан чыгууну талкуулашты.

Күч түзүмдөрү Коопсуздук кеңешинин жыйынына чогулду. ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК, Башкы штаб, Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы жана башка органдар катышкан жыйынды Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев өткөрдү.

дата

Президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү таратып, "өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын" деп жар салды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы окуяларга "өтө тынчсызданып турушканын" айтып, "башаламандык жана хаос" деп мүнөздөдү.

УКМК чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, өзбекстандык чек арачылар тарабынан кармалган Тилек Матраимов жана анын жанында жүргөн Кочкорбаев Зиябиддинбек менен Ахмедов Махсуд өткөрүлүп берилгенин ырастады.

демонстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкекте үч жерде митинг өттү. Ала-Тоо аянтында мурдакы президент А.Атамбаев өз тарапкерлери менен келип, аларга жаш активисттер кошулуп митинг өткөрүп жаткан кезде Садыр Жапаровдун жактоочулар делген топ келип, аларды аянттан сүрүп чыкты. Кагылышуудан жаракат алгандар болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги беш киши медициналык жардам сурап кайрылганын ырастаган. Бул учурда ок дагы атылганы боюнча видеолор тарады.

Ал ортодо Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына келип Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизди.

дата

Садыр Жапаров: "Президент Жээнбеков менен бүгүн гана жолуктум. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалдан тез арада чыгып кетпесек, курчуп кетиши мүмкүн деп, ушундай келишимге келдик".

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду. Мыктыбек Абдылдаев төрагалыктан баш тартып, жыйынды алып барууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди. Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка шайланды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын эки жансакчысы камакка алынды. Алар 9-октябрда массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталды.

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыгып кеткендерге эскертүү берип, кырдаалдан пайдаланып абакты таштай качкандардын кайтып келүүсүн талап кылды. Тизмеде мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев баштаган ондогон мурдакы чиновниктердин ысымы аталды.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Социал-демократтар партиясы менен талапкерлигин көрсөткөн Темирлан Султанбеков кармалды. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кармалганы тууралуу видеолор чыкты.

дата

Президент Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарында 20.00дөн баштап 19-октябрь саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Жогорку Соттун мурдакы төрагасы Курманбек Осмонов: "Сессияны качан гана кворум болгондо, 61 киши келсе ачууга мүмкүн. Ал эми берилген ишеним каттар кворумду түзбөйт".

аскерлер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн легитимдүүлүгү тууралуу маселе кайрадан талкууга түштү. Аны шайлаган Жогорку Кеңеште кворум болбогонун, демек ал легитимсиз экенин айрым депутаттар жана башка юристтер айтып чыкты.

Бизнес ассоцияциялардын улуттук альянсы соңку окуяларга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 10-октябрга чейин 8 млрд сомдон ашык зыян тартты дейт. Инвесторлор менен түзүлбөй калган келишимдерден 210 млн доллар өлкөгө түшпөй калганын билдирди.

дата

Президент Жээнбеков "Орусия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Дмитрий Козак менен жолугушканы" тууралуу расмий кабарланды. Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл".

Канат Исаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент парламенттин өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бекитүү боюнча токтомун арка кайтырды.

Парламент үчүнчү ирет чогулуп, төрага чейинки жыйындарда кабыл алынган чечимдери мыйзамсыз деп табылып, Канат Исаев төрага болуп шайланды.

дата

Өкмөт үйүнүн жанындагы эски аянтка Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан митингге чогулду. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жана Жапаровдун тез арада премьер-министрликке дайындалышын талап кылды.

Садыр Жапаров: "Мен азыр бул жерден чыгып, президентке барып жолугам, сүйлөшөм. Отставка маселесин аягына чыгарабыз. Өлкөдө стабилдүүлүк болуш керек, элдин баары тынч жашаш керек. Бул маселени чечебиз".

Садыр Жапаров өкмөттүн курамын 20 пайыз өзгөрткөнүн билдирип, жаңы жетекчилерди сунуштады. Жогорку Кеңеш өкмөттү жана анын курамын бекитип берди.

демонстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сооронбай Жээнбеков: "Өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даярмын".

Президент Жээнбеков жаңы премьер-министр жана жаңы шайланган төрага менен жолукту.

Садыр Жапаров: "Эртеңге чейин күтүп тургула, президент кетерине саналуу убакыт калды".

Жапаров кечинде тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп, тарап кетүүгө чакырды.

дата

Президент Жээнбеков: "Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик".

Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, отставкасын жарыялады.

Өкмөт үйү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы саясий абалга камтама болгон билдирүүлөрдү таратты. Анын ичинде БУУ жана Европа Биримдиги кайрылуу жасады.

дата

"Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет".

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Андан соң премьер-министр Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруу укугу берилди.

БШК президенттик, парламенттик шайлоону дайындоо кеңешүү менен белгилене турганын билдирди.

Жээнбеков менен Жапаров

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Садыр Жапаров президенттик шайлоонун күнүн аныктоо кийинки жумада белгилүү болорун айтты. Ал эми парламенттик шайлоо январдын биринчи аптасынан ары өтпөшү керектигин белгиледи.

ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов: "Нааразылык шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам чыкты.

Парламентте айрым депутаттар шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө.

С.Жапаров жакын досу Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси кылып дайындады.