ЕБ: президенттин ыйгарым укуктары премьерге өткөнү күмөн жаратат

Сүрөттүн булагы, Maxim Blinov/TASS
Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы саясий абалга камтама болгон билдирүүлөрдү таратууда. Анын ичинде БУУ жана Европа Биримдиги кайрылуу жасады. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрүп, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.
"Европа Биримдиги Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин эске алды. Президенттин ыйгарым укуктары өлкөнүн Конституциясында жазылган мыйзамдардарынын чегинде, мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин сактоо, адам укуктарын жана эркиндикти коргоо менен аткарылышы шарт. Ошондуктан Жогорку Кеңештин спикери президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министр Садыр Жапаровко өткөрүп бергени күмөн жаратат. Себеби, Кыргызстан парламенттик демократия, анда эки бийлик бутагынын ыйгарым укуктары так бөлүнгө жана сакталышы керек. Европа Биримдиги Борбор Азиядагы жана Кыргызстандын өзүндө жайгашкан өкүлчүлүгү аркылуу бардык саясий күчтөр жана эл аралык коомчулук менен байланышта. Кыргыз жарандарынын негизги талабы - эркин, адилеттүү жана эл аралык эрежелер сакталган парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүүдө Кыргыз Республикасындагы бардык саясий күчтөрдү конструктивдүү диологго чакырам", -деди Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел.
Ал ошондой эле демократия Кыргызстанга стабилдүүлүк, экономикалык өсүү жана жарандарына бир топ артыкчылык алып келгенин белгиледи. Кыргызстан менен Европа Биримдиги ортосунда 2019-жылы Өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюлуп, өлкө Евробиримдик менен соода артыкчылыктарын алганын айтып өттү.
Бириккен Улуттар Уюму дагы өлкөдөгү саясий күчтөрдү мыйзамдуулукту сактоого үндөдү. Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абал тууралуу жана президент кызматтан кеткени боюнча кабары бар экенин билдирди.
"Кыргызстандагы саясий күчтөрдү алдыдагы чечимдерди бардык тараптын катышуусу, ачык жана Конституцияга таянып кабыл алууга үндөйбүз",-деди Стефан Дюжаррик.
15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкасын жарыялады.
"Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам",-деп айтылат президент тараткан билдирүүдө.
Президент акыркы сааттарга чейин «азыркы кырдаалда кызматтан кетпей турганын» айтып келди. Бирок анын отставкасын талап кылган каршылык акциялары кайра күчөп кеткенден кийин ушундай чечимге барган. Митинг өкмөт үйүнүн алдынан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияна жакын жерге көчкөн эле.
С.Жапаров президент сурангандай тарапташтарын тарата алган жок. Президенттин кызматтан кеткени белгилүү болгондон кийин митингде Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин отставкасын жана парламенттин тарашын талап кылганга өтүштү.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мыйзам боюнча президент кызматтан кеткенден кийин анын милдетин аткаруу спикерге жүктөлөт. Көп өтпөй эле Канат Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартканы белгилүү болду. Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, мамлекет башчынын милдетин аткаруу өзүнө жүктөлгөнүн жарыялады.
5-октябрдагы башаламандыктар учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаров митингчилердин талабы менен премьер-министрликке көрсөтүлүп, аны депутаттар колдоп берди. Өкмөттүн курамы жана программасы бекитилгенден кийин президенттин отставкасы боюнча маселеси курч коюла баштаган. Эксперттер өлкө саясий кризистен чыгууга далаалат кылганы менен коомдо дагы ички ажырым пайда болгонун белгилөөдө. Көпчүлүк саясатчылар президент шайлоо өткөнчө кызматын тапшырбасын деген пикирди карманып жаткан. Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрүп, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алууда.











