К. Исаев спикерликке шайланды, Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизилди

"Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев шайлоодо Өмүрбек Бабановду сүрөп жаткан

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Канат Исаев төрага болуп шайланды. Жашыруун добуш берүү натыйжасында 78 депутат "макул", эки депутат "каршы" деп добуш беришти.

Ошондой эле депутаттар президент Жээнбековдун Бишкекке өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын бекитүү маселесин карап, бир добуштан колдошту.

Жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Аида Касымалиева 62 депутат каттоодон өткөнүн маалымдады.

Канат Исаев өлкө "укуктук талаага кайтып келгиче, президент иштеши керек" деп белгиледи. Анын айтымында кайра шайлоо өткөндөн кийин гана өлкө "укуктук талаага" кайтып келет.

45 жаштагы Канат Исаев "Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы. Бул партияны өткөн шайлоодо айрым серепчилер жалаң капчыктуулар шыкалып алышкан партия катары мүнөздөп келишкен.

  • 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөө менен баштаган.
  • 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген.
  • 2002 - жылдан баштап 2005-жылга чейин «Тынай-Ата» биргелешкен дыйкан чарбасын жетектеген.
  • 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэринин кызматын ээлеген.
  • 2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
  • 2010-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин «Республика» депутаттык фракциясынын жетекчисинин кызматын ээлеген.
  • 2013-2015-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
  • 2015-жылдын июль айынан тартып "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери.

2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында бийликти басып алууга аракет кылды деп айыпталып, камакка алынган. Исаев президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду сүрөп чыккан эле.

ЖК жыйыны

Ушуну менен парламент үчүнчү ирет чогулуп жатат. Буга чейин дагы төрага менен өкмөт башчыны шайлап, бирок "кворум жок", "легитимсиз болуп калды" деген пикирлерден кийин кайра чогулган. Өткөн апта соңундагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган эле. ЖК төрагасынын милдетин аткарып жаткан М.Абдылдаев төрагалык кызматтан баш тарткан. Бирок кайра эле өкмөт башчыны шайлаган Жогорку Кеңеште кворум болбогонун, демек, легитимсиз экенин айрым депуттар жана бир катар юристтер айтып чыкты.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарганы белгилүү болду.

"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" КР мыйзамынын 1-беренесине ылайык, жыйынга катышкан депутаттардын саны, жыйын залында отурган жана добуш берүү алдында катталган Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны болуп эсептелет. Мындан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт.

"Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган. Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелинет",-деп маалымат таратты президенттин сайты.

Кыргызстан 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризистен чыгууга умтулуп жатат.