Премьер-министрликке келген Садыр Жапаров ким?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Кыргызстанда беш күнгө созулган башаламандыктардан кийин парламент жыйынга чогулуп, жаңы өкмөт башчыны дайындады. Өкмөт башына келген Садыр Жапаров 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошотулган. Ал коомчулукка Кумтөр алтын кенине байланышкан маселелерди көтөрүп чыкканы менен белгилүү.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү.
Парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып Садыр Жапаров президент С.Жээнбеков өз арызы менен кетүү убадасын бергенин айтты. Мурдагы өкмөттүн курамы, программасын азыр өзгөртпөй турганын билдирди.
Тышкы саясат боюнча берилген суроого: "Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Орусияга көп жагынан көз карандыбыз, алар менен сөзсүз иштешебиз",-деди С.Жапаров.
"Шайлоодон кийин нааразылыкка чыккан партия өкүлдөрүнүн баары менен жолуктук. Биригели, кырдаалдан чыгып кетели деп, туура жолду көрсөтүп жаттык. Алар ар кандай талаптарды коюп, премьер, вице-премьердик кызматтарды сурап, ошо менен келише албай калдык. Туура эмес маалыматтар тарап, бизди каралап жатышты. Президент Жээнбеков менен бүгүн гана жолуктум. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалдан тез арада чыгып кетпесек, курчуп кетиши мүмкүн деп, ушундай келишимге келдик",-деди Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
52 жаштагы Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгү 2005-жылы башталган. Ал Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Бул парламент эки жылдан кийин таратылган.
2008-2010-жылдары коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген.
2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен талапкер болуп чыгып, аталган партия биринчи орунду алган.
2013-жылы Кумтөрду улутташтыруу чакырыгы менен чыгып, Ысык-Көлдө нааразылык акциялары өткөн. Бишкектеги митингден кийин Садыр Жапаров "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, камакка алынат. Аны менен чогуу ошол кездеги ЖК депутаттары К.Ташиев, Т.Мамытовго да айып тагылган. Алар Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшкөнү үчүн айыпталышкан. 2013-жылы сот аларды актаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган.
Биринчи Май райондук соту 2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси, тактап айтканда "бийлик өкүлүн барымтага алуу" боюнча айыптап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте камакка алуу өкүмүн чыгарган. 17-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. 2018-жылы апрелде Жогорку Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартты.
Жапаровдун ишин караган сотторго өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы атайын өкүлү Эмилбек Каптагаев такай катышып, Жапаровдун пайдасына көрсөтмө берген:
"Бул иш боюнча айыпталып жаткан Садыр Жапаровдун күнөөсүн тастыктаган далил жок. Мен муну биринчи отурумдан бери эле айтып келе жатам. Сүрмө топ кылып, бир беренеге тактап соттой берген болбойт. Менин түшүнүгүм боюнча бул саясий буюртма эле болуп калды»,-деген Эмил Каптагаев.
Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, "коомдук тартипти бузган" деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилетүү чечим чыгарууну талап кылып келишти. (AbA)










