Мурдагы президент Атамбаев кайра камакка алынды

Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Guliza Urustambek Kizi/Anadolu Agency via Getty Im

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Би-Би-Сиге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын эки жансакчылары камакка алынганын тастыктады. Алар 9-октябрда массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталууда. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов дагы кармалган.

9-октябрда "Форум" ишканасынын алдында мурдакы президент А.Атамбаев митинг өткөрүп, тарапташтары менен өкмөт үйүн көздөй сапар алган. Алар борбордук аянтка келип, жаш активисттерге кошулуп, митинг өткөрүп жаткан маалда Садыр Жапаровдун жактоочулар делген топ келип, аларды аянттан сүрүп чыкты. Кагылышуудан жаракат алгандар болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги жети киши медициналык жардам сурап кайрылганын ырастаган.

Атамбаев, Бабанов

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty Images

5-октябрда демонстранттар өкмөт үйүн ээлеп алгандан кийин, абакта жаткан жоон топ саясатчыларды бошотулган эле Абактан бошогондор арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы да чыкты. Анын ичинде коррупция боюнча айыпталган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир топ киши бар.

Мурунку президент бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, камакка алынган эле. Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы жөнүндө иш боюнча соттук териштирүү болуп, Атамбаев мүлкү конфискацияланып, 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле шаардык сот да бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кой-Таш жаңжалы боюнча соттук процесстер өтүп жаткан эле