Бишкекте кырдаал курчуду, өзгөчө абал кирет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кечке жуук Бишкекте кырдаал чыңалып кетти.
"Форум" ишканасынын алдында мурдакы президент А.Атамбаев митинг өткөрүп, тарапташтары менен өкмөт үйүн көздөй сапар алган. Алар борбордук аянтка келип, жаш активисттерге кошулуп, митинг өтүрүп жаткан маалда Садыр Жапаровдун жактоочулар делген топ келип, аларды аянттан сүрүп чыкты.
Кагылышуудан жаракат алгандар бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги беш киши медициналык жардам сурап кайрылганын ырастаган. "Ата-Мекен" партиясынан шайлоого талапкер катары катышкан Тилек Токтогазиев жаракат алганы тууралуу видеолор тарады. Аталган партиянын өкүлдөрү Тилек башынан жаракат алганын айтты. Дагы бир бир кишинин катуу сабалганы тартылган тасма да тарап кетти.
Ал ортодо Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына келди деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.
"Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында болуп, анда жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Мамлекет башчысы учурдагы башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана коомдун тынчтыгын камсыздоо экендигин белгиледи",-деп жазды президенттин сайты.

Сүрөттүн булагы, official
"Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл",- деп баса белгилеген президент.
"Шаар тургундары жана мекендештерибиз ар кандай саясий күчтөрдүн курмандыгы болуп калбашы керек. Ал үчүн мен, мамлекет башчысы катары, конституциялык укуктарымдын негизинде болгон аракетти жасайм. Элдин тынч жашоосу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга милдеттүүбүз. Өлкөнүн бардык акыл-эстүү күчтөрү мени колдойт деп ишенем",-деп билдирген Жээнбеков.
Бүгүн Бишкек шаарында үч жерде митинг өттү. Жаш ативисттер кылмыштуу топторго каршы темир жол бекетинин жанында митинг өткөрдү. Өкмөт үйүнүн алдында болсо Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги уланды. "Форум" ишканасынын алдында мурдакы президент А.Атамбаев, мурдакы өкмөтьашчылар Ө.Бабанов, С.Исаков жана бир топ жоон топ саясатчы катышкан митинг болду. Кечке маал митингчилер борбордук аянтка чогулуп, кагылыша кетти.
Президент Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Бишкек шаарында 9-октябрдан тарта 21-октябрга чейин 20.00-08.00гө чейин өзгөчө абал кирет. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты катары дайындалды.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев элге, саясий партиялардын жетекчилерине кайрылып, өлкөдө тартип менен тынчтыкты сактоого үндөдү.
"Президент Сооронбай Жээнбековдун түндө кырдаал турукташкандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экендигин жарыялаганы оң жылыш деп эсептейбиз. Эми чукул арада Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүп, өлкөбүздү мыйзам нугуна кайтарып келүү вазыйпасы турат. Бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына Өкмөт башчылык кызматка кызыктар тараптардын тирешүүсү жана басымынан тышкаркы шарттарда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Бийлик кимдин жактоочулары көп болсо, ошол тарапка оошу керек деген түшүнүк менен эмес, Баш мыйзамыбызда жазылгандай шайлоонун жыйынтыктары аркылуу гана бөлүштүрүлүшү зарыл",-деди төрага.
М. Абдылдаев акыркы эки күн ичинде болгон сүйлөшүүлөрдө фракция лидерлери жана депутаттык топтор консенсуска келип, кырдаалдан чыгуу боюнча кандайдыр бир чечим табууга даяр экенин билдиришкенин белгилеп, бирок Жогорку Кеңеш кезексиз чукул жыйынга качан чогуларын так айткан.
Өлкөдө шайлоодон кийин түзүлгөн саясий кризис уланууда.











