Кыргызстанда бийлик кимдин колунда?

митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Азыр буга так жооп берүү кыйын. Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай эле кызмат ордунда. Бирок анын колунда мурдагы бийлиги жок.

Кечээ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде өлкөдөгү абалды стабилдүүлүккө алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди. Ал мыйзамдуу түрдө коопсуздук тармагын көзөмөлдөп жатканын айтты. Анткени ИИМ жана УКМК жетекчиси жок калган.

"Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер, белгилүү саясатчы Алмамбет Шыкмаматов кечээги маегинде, Башкы прокурордун кызматына дайындалганын кескин четке каккан.

"Эч ким дайындалган жок. Азыр Башкы прокуратурада Жапыкеев отурат, мен эмес. Мен келип, ал жерде мыйзам бузуулар болбосун, имаратты талкалап жибербесин деп келдим. Башында прокуратура кызматкерлерин чогултуп айттым, иштегиле, ар кимиңер өз ишиңерди аткарып, мыйзамдуулуктан чыкпагыла деп айттым",-деди А.Шыкмаматов. .

Демонстранттар өкмөт үйүн ээлеп алгандан кийин, абакта жаткан жоон топ саясатчыларды бошотту. Алардын арасында Садыр Жапаров бар. Эми аны өкмөт башчылыкка көрсөтүп жатышат. Абактан бошогондор арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы да чыкты. Анын ичинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир топ киши бар.

Видеонун түшүндүрмөсү, Президент Жээнбековдун Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маеги.

Кечээ Бишкектеги "Достук" мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынына 64 депутат катышып, жаңы төрага шайлады. Бул дагы талаштуу маселе болууда, себеби 64 депутаттын айрымдары ишеним кат менен өкүлдөрүн жөнөтүшкөн.

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков өз арызы менен кетти. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Мурдагы өкмөт башчы К.Боронов өз арызы менен кеткени айтылды.

Шайлоодон өтпөй калып, нааразылык билдирип чыккан бир нече саясий партия Координациялык кеңеш түздү. Ага төрага болуп "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайланды. Алар өткөргөн басма сөз жыйынына Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Сапар Исаков, Жанар Акаев, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев Равшан Жээнбеков жана Жеңиш Молдакматов катышты.

Оппозициялык күчтөр дагы бир нече топко бөлүнүп турат. Аймактарда башаламандык орун алган жерлер бар. Маселен, кечээ Ошто мэрдин жана өкмөттүн өкүлүнүн орду талашка түшкөнү тууралуу видеолор тарады. Бир нече район жетекчилеринин ордуна башкалар барып олтуруп алган дагы учурлар болду. (AbA)