Д.Кадырбеков: Кыргызстан мамлекеттик төңкөрүштөрдүн тузагына түшүп алды

Жапониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдер магистри Даниэль Кадырбеков Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга карата эл аралык реакцияга токтолду.
Д.Кадырбеков: Эл аралык көз караштан караганда кадимки төңкөрүштөй эле көрүнүп атат. Себеби, азыркы нааразы болуп аткан саясий күчтөр 2015-жылы кудум эле ушундай ыпылас шайлоо аркылуу утуп келгендерге эч нааразы болбой эле, мандаттарын алып, шайлоону легитимдүү деп таанышкан. 2020-жылы өтүп жаткан шайлоо процессинде фундаменталдуу эчтеке өзгөргөн жок. Бардык оюнчулар админстративдик ресурс жана акча колдонуларын билишип шайлоого барышкан. Бирок өздөрүнүн күчтөрүн, орусча айтканда, ашыкча баалап алышкан деп ойлойм. Ошол үчүн өтпөй калышты, эми бул мыйзамдуулукка баш ийбестиктин жолу болуп атат деп ойлойм.
Би-Би-Си: Сиз Кыргызстан мамлекеттик төңкөрүштөрдүн тузагына түшүп алды деген пикирди айтып, Африка континентин мисалга тартып жатасыз. Негиздеп берсеңиз?
Д.Кадырбеков: Саясат танууда "coup trap" же төңкөрүш капканы деген түшүнүк бар. Бул көбүнчө баягы кедей мамлекеттерде боло турган нерсе. Африка континентин карасаңыз, жакырчылык болгон үчүн кыска убакыттын ичинде төңкөрүштөр боло берет. Бирок ар бир төңкөрүш болгон сайын экономиканын өсүүсүнө бөгөт коюлат дагы, өнүгүп-өсүү процесси токтойт. Анан кайра жакырчылыкка батып, кайрадан төңкөрүш орун алып, бул цикл процесстен чыга албай атышат. Көп өлкөлөр мамлекеттүүлүк кура албай, мындай капкан ичинде калган.

Би-Би-Си: Кыргызстанда бийликти тынч өткөрүп берүү ишке ашпай жатканынын себеби эмнеде?
Д.Кадырбеков: 2010-жылы мен ойлодум эле, бул "төңкөрүш капканынан" чыгууга саясий лидерлерибиз акылдуулук кылып, оюн эрежелерин өзгөртпөстөн демократия курганга аракет кылышат го деп. Демократияда утулгандар болот, жеңилгендер да болот. Бизде көп саясатчылар утушту кабыл ала албайт экен. Бул эми эволюция менен келип үйрөнө турган нерсе. Бирок биз ал эволюцияга барбай да калышыбыз мүмкүн. Себеби, мен айткандан капкандан чыга албай, билим-илим, прогресс деген токтойт да. Бул адатка айланып калса, мындай абалдан чыгыш кыйын.
Би-Би-Си: Азыркы саясий кырдаалдан чыгуунун мыйзамдуу жолу кандай?
Д.Кадырбеков: Азыркы кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган саясий күчтөр ойлонуп туруп, мамлекеттүүлүгүбүздүн кызыкчылыгына туура келген чечимдерди кабыл алышы керек. Себеби, 900 миңден ашык жаран шайлоодо добушун берди да. Аларга кантип түшүндүрөбүз, бул партиялар өтпөй калганына нааразылык болуп атат, силердин добуш эсептелбей калды деп түшүндүрүш керекпи? Мындай нерсе нонсенс. Тополоң салып аткан партиялар мамлекеттин келечегин ойлоп, конституционалдык институттардын өз ишин улантууга жол бериши керек.












