Ө.Суваналиев: Коопсуздук тармагын координациялап жатам

Сүрөттүн булагы, ktrk.kg
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде өлкөдөгү абалды стабилдүүлүккө алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди.
Ө.Суваналиев: Азыркы кырдаалда стабилдүүлүк болуш үчүн күч түзүмдөрүн, коопсуздук тармагын, баарын иретке салыш үчүн моралдык климатты түзүп жатабыз. Мыйзам чегинде иштөө үчүн кызматкерлердин баарын көзөмөл кылып жатабыз.
Би-Би-Си: Ош шаарында митинг өткөнүн көрүп жатсаңыз керек. Ал жактан эмне малымат бар сиздерде?
Ө.Суваналиев: Азырынча бул жакты стабилдүүлүккө келтирип жатабыз. Баары мыйзам чегинде болсун деп иштеп жатабыз. Эч кандай чагымга берилбесин деп аракет болууда.
Би-Би-Си: Сиздин өзүңүздү бул кызматка ким дайындады? Бул мыйзамдуубу?
Ө.Суваналиев: Жок. Мени эч ким, эч кандай кызматка дайындаган жок. Бүгүнкү күндө мен Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарымын, анан бул функционалдык милдетиме кирет. Мен коопсуздук тармагын координациялап жатам. Анткени жетекчилер жок. УКМК жетекчиси, Ички иштер министри жок болуп жатат. Алардын орун басарлары биз менен иштешип жатат. Мен Коопсуздук кеңешинин катчысы катары мыйзамдуу түрдө көзөмөлдөп жатам.
Би-Би-Си: Коррупция боюнча айыпталган кишилер чек арадан өтүп, качып кетет деген суроолорду коюп жатышат.
Ө.Суваналиев: Биздин чек арадагыларга көрсөтмө берилген. Бизге маалымат берип турушат. Биз баарын көзөмөлдөп турабыз.
Би-Би-Си: Президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүңүзбү?
Ө.Суваналиев: Жок, сүйлөшө элекмин.
Би-Би-Си: Эми мындан кийинки кадамыңыздар кандай болот?
Ө.Суваналиев: Мындан кийинки аракеттерибиздин баары мыйзам чегинде болот.














