С.Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам

Сооронбай Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештерим! Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик. Мен борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым. Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм. Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай, мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам. Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу баарынан кымбат. Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам",- деди президент Жээнбеков.

Кечинде президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушарын билдирген. Бирок түн жарымында митингчилер өкмөт үйүнө кирип кетишти. Оппозициялык күчтөр түзгөн Координациялык кеңеш бир нече жогорку кызматтарга кишилерин дайындашты. Мурдагы президент А.Атамбаев баш болгон бир нече саясатчыны абактан бошотушту.

Ушул тапта Ош шаарындагы негизги аянтта "Биримдик" партиясын колдогондордун митинги өтүүдө. Чыгып сүйлөгөндөр бийликти күч менен кетирүүгө каршы пикирлерин айтып жатышат.