Митингчилер Ак үйгө кирип барышты

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер таңга жуук Ак үйгө кирип барышты.

Түз алып баруу

  1. Бишкектеги демонстрация учурунда бир киши каза тапты

    Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Би-Би-Сиге билдиргендей, 590 киши жаракат алды, 150сү ооруканага түшкөн, бир киши каза тапты. Азырынча анын аты-жөнү белгисиз.

  2. Ош шаарында президент Жээнбековдун тарапкерлери митинг өткөрүүдө

    Ош шаарынын борбордук аянтында президент Жээнбековдун жүзгө чукул таракери демонстрация өткөрүүдө.

    Митингде Асылбек Жээнбеков дагы сөз сүйлөдү.

  3. Садыр Жапаров митингде сүйлөп жатат

  4. Сапар Исаков түрмөдөн бошотулду

    Мурдакы премьер-министр Сапар Исаковду оппозициялык күчтөр түрмөдөн бошотуп алышканы жөнүндө кабарлар келип жатат. Аны менен кошо Равшан Жээнбеков дагы бошогону айтылууда.

    Сапар Исаков
  5. Алмамбет Шыкмаматов баш прокурордун милдетин аткаруучу болду

    Оппозициялык күчтөр түзгөн Координациялык кеңеш Алмамбет Шыкмаматовду баш прокурордун милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ал өз кезегинде Райым Матраимовго кылмыш иши козголо турганын билдиргенин социалдык медиа булактары жазды.

  6. Ак Үйдүн айланасы толтура эл

    Кабарчыбыз оппозициялык күчтөр ээлеген Ак Үйдүн жанынан тарткан сүрөттөрүн жиберип жатат.

    Ак үй, 6-октябрь 2020
    Ак Үй, 6-октябрь 2020
    6-октябрь 2020
    Борбордук аянт
  7. Ак Үйдүн жетинчи кабатындагы өрт

    Кабарчыбыз Ак Үйдүн жетинчи кабатынан өрт чыгып, аны өчүрүүгө өрт өчүргүчтөр келгенин билдирди.

    Ак үйдөгү өрт
  8. Оппозициялык күчтөр ЖКнын төрагасын алмаштыруу жөнүндө сүйлөшүп жатат

    "Бир Бол" партиясынын өкүлү Жодар Сайдилкановдун Би-Би-Сиге билдирген маалыматына караганда, Бишкекте оппозициялык күчтөр Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогулууга чакырган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Карала турган эң биринчи маселелер - Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу, элдик өкмөт түзүү.

    Оппозициялык күчтөр бүгүн түнү Ак Үйдү ээлеп алышты
    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оппозициялык күчтөр бүгүн түнү Ак Үйдү ээлеп алышты
  9. Генерал Курсан Асанов ички иштер министринин милдетин аткарган жатат

    Оппозициялык күчтөр Бишкек шаарындагы кырдаалды көзөмөлгө алыш үчүн ИИМде координациялык кеңеш түзүп, анын башына генерал Курсан Асановду дайындоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге "Бир Бол" партиясынын өкүлү Жодар Сайдилканов билдирди.

  10. Түнкү кагылышууда жүздөн ашык адам жаракат алды

    Бишкекте түн ичинде болгон каршылык акцияларында жүздөн ашык адам ар кандай жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Курман болгондор жок. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат берилди.

    Бишкектеги трамматология борборуна 65 жарадар адам жеткирилген, алардын 40 күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Эки адамдын абалы оор, реанимацияда жатат.Ошондой эле улуттук госпиталга дагы кырк адам ар кандай жаракат менен жеткирилген, экөө реанимацияда экен.

  11. Оппозиция элдик өкмөт түзөт

    Кыргызстанда бүгүн Ак үйдү ээлеп алган оппозициялык күчтөр элдик өкмөт түзүп, жаңы премьер-министрди тандай турганын борбордук аянттагы митингде "Ата Мекендин" шайлоодогу лидери Жанар Акаев билдирди.

    "Азыркы өкмөттүн ордуна жаңы элдик түзүлөт жана жаңы премьер-министр дайындалат",-деген Акаевдин сөзүн жергиликтүү ЖМКлар жазып жатышат.

    Оппозициялык саясий күчтөр азыркы учурда кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы так белгилүү эмес.

    Ак үйдүн алынышы

    Сүрөттүн булагы, social media

  12. Абактагы саясатчы Садыр Жапаров бошотулду

  13. А. Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду

    Ак Үйдү ээлеп алган күчтөр УКМКнын имаратына чейин жетип, анда абакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп алышты. Экс-президенттин бошоп, митингичилердин коштоосунда кетип бараткан видео тасмалар жарыяланды.Ошондой эле саясатчы Садыр Жапаровдун дагы бошотулганы тууралуу кабарлар тарады. Мындан мурдараак УКМК имаратына митингичилер жыйылып барганы айтылган эле.

    ак үй

    Сүрөттүн булагы, Social media

    митинчилер

    Сүрөттүн булагы, Social media

  14. Т. Стамалиева Президент Бишкекте эле

    Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 24.kg агенттгине Сооронбай Жээнбеков Бишкекте эле экенин билдирген.

    Анын айтымында, президент түнкү саат 2.00 чейин жумуш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президент каршылык акциясын уюштургандардын эс-акылына ишенет, деген басма сөз катчысы.

    Эскерте кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер таңга жуук Ак Үйгө кирип барышты. Коомдук сайттарга бир нече видеолор жарыяланды.

  15. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнөн эл тарай элек

  16. Президент 16 партиянын лидерлери менен жолугушат

  17. Элдар Абакиров жаракат алды

    Ала-Тоо аянтын митингчилерди таратуу маалында “Ата Мекен” партиясынан талапкер Элдар Абакиров дагы жаракат алганы кабарланууда. Бул тууралуу аталган партиянын талапкери Сейтек Качкынбай “Фейсбук” баракчасына жазып чыкты. Такталбаган маалыматтар боюнча ондон ашуун киши ар кандай жаракат алган.

  18. Президент Сооронбай Жээнбеков 16 партиянын лидерлери менен жолугушат

    Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

    "Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушууга ниеттенүүдө. Жолугушууга бардык 16 партиянын лидерлери чакырылат.Жолугушуу саат 11-00гө пландаштырылды",-деп айтылат маалыматта.

    президент Жээнбеков

    Сүрөттүн булагы, president.kg

  19. Бишкектеги кырдаал

  20. Ала-Тоо аянты митингчилерден бошотулду

    Милиция кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы митингчилерди сүрүп чыгарды. Айрым маалыматтарга караганда эки милиция кызматкери жаракат алган. Ошондой эле Ала-Тоо аянтындагы митингди таратуу маалында “Ата Мекен” партиясынан талапкер, ЖК депутаты Жанар Акаев жаракат алды. “Фейсбукта” тараган тасмада анын аксап, жанындагылар жөлөп алып баратканын көрүүгө болот. Акаевдин жанында жүргөн Орозбек Муратовдун айтымында, желим ок экөөнө тең тийген. “Жанарбектин жоон сан жагына, менин согончогума тийди. Азыр ооруканага барабыз”,-деди Орозбек.