"Форма-2": шайлоочу укугун камсыздообу же добуш сатып алуунун жаңы айласыбы?

Биз журналисттер тобу БШК мүчөсү Атыр Абдракматова менен Бишкектеги жети шайлоо участогунда болуп бир катар күмөн туудурган жагдайларга күбө болдук
    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Сентябрдын башындагы расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 451 миң 486 деп айтылды. Бул өткөн парламенттик шайлоодогу сандан 667 746 шайлоочуга көп. Бирок ошого карабастан бул жолу дагы мигранттардын көпчүлүгү добуш берүү укугунан ажырап калышы мүмкүн дейт эксперттер.

Кыргыз бийлиги шайлоочулардын укугун камсыздоо үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизген. Алардын бири - "Форма-2" арызы. Бирок муну айрым эксперттер саясий ыкмага айланып калды деп сынга алууда.

"Форма-2" деген эмне?

"Форма-2" - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү туралуу арызы. Шайлоочу өзү каалган жерден добуш бере алат жана анын бул укугун эч ким чектебеш керек деген негизде кабыл алынган документ. Туруктуу жашаган жеринен сырткары аймакта болуп калса, ушул арыз аркылуу алдын ала ошол жердиги шайлоо участогуна кайрылып, кошумча тизмеге кире алат.

"Форма-2" - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү туралуу арызы

"Биз "Форма-2" документин киргизгенде, негизгиси ички мигранттар менен сырттан жүргөн эмгек мигранттарынын добуш берүүсүнө ыңгайлаштырууга багытталган эле,"-дейт БШК мүчөсү Атыр Абдракматова.

Бирок иш жүзүндө "Форма-2" менен дароо эле кайсыл бир шайлоо участогуна кошумча тизмеге кирүүгө мүмкүн эмес. Добуш берүү жайларындагы шайлоочулар саны 2500дөн ашпашы керек деген чектөө бар. Ошондуктан толуп калган шайлоо участоктору "Форма-2" арызын кабыл албайт.

"Менин каттоом Ош шаарында. Бирок азыр Бишкекте убактылуу жүргөндөн улам "Форма-2" аркылуу добуш бере алам го деп ойлогом,-дейт өзүн Динара деп тааныштырган жаран. -Беш шайлоо участогуна бардым, андан кийин БШКнын сайтына кирип, участокторду картадан карап телефондоруна чала баштадым. Алардын баары толуп калдык деп айтышты. Ушуну менен бир күндүк убактым кетти. Дагы аракет кылып көрөм, 19-сентябрга чейин убакыт бар экен. Эгерде ага чейин кошумча тизмеге илине албасам, анда добуш берүү укугунан ажырайм. Себеби, туруктуу жашаган жериме барып добуш берүүгө мүмкүнчүлүк болбойт".

Шайлоо жарышына старт берилген күндөн тарта эле партия талапкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарга "Форма-2" документи менен массалык түрдө кошумча тизмеге кишилерди тургуза баштаганы тууралуу маалыматтар айтылган. Так кайсыл партиялар экенин далилдеген фактылар жок.

"Шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинде дагы талапкердин кандай добуш аларына карап мандат берилери сүйлөшүлгөн,-дейт ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн талапкерлердин бири. -Ошондуктан ар бир талапкерге тиешелүү аймактар бөлүнүп, ошол аймактан жетиштүү добуш алуу үчүн туугандарын, жакындарын же өздөрүн шайлай турган топторду ошол аймакка "Форма-2" менен каттоого тургузууга аракет кылышты".

Атыр Абдракматова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атыр Абдрахматова, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

Биз журналисттер тобу БШК мүчөсү Атыр Абдракматова менен Бишкектеги жети шайлоо участогунда болуп, бир катар күмөн туудурган жагдайларга күбө болдук.

"Ар бир эле шайлоо участогундагы "Форма-2" арызы менен кайрылгандарды карап көрсөк, массалык түрдө келишкен. Маселен, бир күндө 250ге чейин каттаган шайлоо участогун көрдүңөр. Реалдуу караганда мынча кишини бир күндө каттоого мүмкүн эмес. Кээ бир күндөрү эч ким келген эмес, кээ бир күндөрү жүзгө чейин келип жатышат. Мунун өзү бирөөлөр уюштуруп, алып келип жатканы көрүнүп турат. Дагы бир участоктон кечки саат 20:00ден кийин шайлоочуларды идентификация өткөргөнүн көрдүк. Бишкектеги №1048 шайлоо участогунда жумуш убактысы бүткөндөн кийин кимди идентификация кылып "Форма-2" менен кошумча тизмеге кошуп жатышат муну териштирүү керек. Бул одоно мыйзам бузуу",-деди Атыр Абдракматова.

"Бизде орун жок!"

Кесиптештерибиздин бири ошол эле жерден "Форма-2" арызын жазып, идентификация өтүп, кошумча тизмеге кирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кесиптештерибиздин бири ошол эле жерден "Форма-2" арызын жазып, идентификация өтүп, кошумча тизмеге кирди

Арабызда эки журналист "Форма-2" арызы менен кошумча тизмеге киришибиз керек экен. Алды менен өзүбүз барып, "кошумча тизмеге кире алабызбы" деп сурап көрдүк. "Бизде орун жок, башка жерге барып көргүлө",-деп артка кайтарышты.

Кийин БШК өкүлү менен келген учурда бизди артка кайтарган эки участкада жетиштүү орундар бар экени белгилүү болду. Кесиптештерибиздин бири ошол эле жерден "Форма-2" арызын жазып, идентификация өтүп, кошумча тизмеге кирди. "Эмне үчүн биринчи эле келгенде кабыл алган жоксуңар?",-деген сурообузга мукактанып жооп беришкен жок.

"Силер эмне бирөөнүн буйругу менен гана "Форма-2" кабыл аласыңарбы?",-деген сурообуз дагы жоопсуз калды. Мыйзам бузуулар аныкталган шайлоо участоктору боюна БШК өкүлү Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясына кабарлап, териштирүү болорун айтты.

"Бишкек шаарында жагдай ушундай болуп жатса, аймактардагы абал кандай болду экен деген суроо туулат. Элди жапырт "Форма-2" менен каттоо күмөндүү суроолорду пайда кылат. Биз муну добуш берүү күнү да көрөбүз. Ушундай массалык түрдө кошумча тизмеге тургузган жерлерде кайсыл партия, кандай добуш аларын анализдейбиз. Тилекке каршы, мындай жол шайлоочуга ыңгай жаратышы үчүн киргени менен жасалма түрдө кишилерди толтуруп, кайра ыңгайсыздык жаратышууда. Мунун тиешелүү органдар текшерип көрүшү керек".

Жарандардын шайлоо дарегин которуу аркылуу добуш топтоо өнөкөтү бул шайлоодо ачык эле көрүндү. Айрым эксперттер ушул жол аркылуу дагы добуш сатып алуу жүрүшү мүмкүн деп эскертүүдө.

Экономикалык себептерден улам өлкө ичинде жер которгондор каттоого туруу маселесинде кыйынчылыктарга кабылат. Туруктуу жашаган жери жок, батирлеп жүргөн үчүн көптөрү каттоосу жок эле жүрөт.

Азизбек Ашуров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен сыйлыгынын лауреаты, кыргызстандык укук коргоочу активист Азизбек Ашуров

"Ички миграцияда бизде өтө жогорку деңгээлде. Айылдан шаарга чыгып кеткендер көп. Ошон үчүн "Форма-2" менен кошумча тизмеге илинүүдө чоң шаарларда маселе жаралып жатышы мүмкүн. Кайсыл убакта тизмеге кошпоо чечимин чыгарылышы керектиги мыйзамда так көрсөтүлбөй калган. Кошумча шайлоо участогун түзүү дагы мыйзам менен милдеттендирилген эмес. Мыйзамда көйгөй жараткан нормалар сөзсүз өзгөртүлүшү керек. Анткени мыйзамдын негизги максаты жарандардын шайлоо укугун коргоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Менимче, бул деклартивдүү норма эмес, кепилдик берүүчү нормага айланышы керек",-дейт Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен сыйлыгынын лауреаты, кыргызстандык укук коргоочу активист Азизбек Ашуров.

Буга чейин шаардык кеңештердин шайлоосунда айылдан шаарга кишилерди массалык түрдө каттоого тургузуу фактысы ачыка чыккан. Бул жолу өкмөт андай жапырт каттоого жол берилбей турганын айткан. Бирок эми шайлоо дарегин алмаштырган "Форма-2" документи алдыдагы шайлоодогу талаштуу пикирлерге жем таштап олтурат.