"Күлүгү жок жарыш": кыргыз шайлоосунун өзгөчөлүгү

Видеонун түшүндүрмөсү, Үгүт иштеринин биринчи аптасы кандай өттү?

Ошентип, соттун чечими менен "Бүтүн Кыргызстан" кайрадан катарга кошулду. Шайлоо алдындагы соттук жаңжалдар бул партияга коомчулуктун көңүлүн буруп, бир топ кадырын көтөрүп койду деп жатышат.

Анткен менен коомдук сурамжылоолорго караганда, шайлоого аттанган он алты партиянын эч кимисине элдин бийик ишеними байкалбайт, алдыга суурулуп чыккан лидери көрүнбөйт. Ошондуктан бул саясий көрүнүштү коомдук ишмер Алмаз Кулматов "күлүгү жок деп жарыш" деп атап жатат.

Бишкектин административдик соту БШКнын чечимин четке кагып, "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоого катталсын деп чечти.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин административдик соту БШКнын чечимин четке кагып, "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоого катышсын деп чечти.

"Баягылар эле"

Азыркы парламенттин курамындагы депутаттардын үчтөн экиси кайрадан ар башка партияга чачырап бөлүнүп, шайлоого баратат. Профессор Тилектеш Ишемкулов ошол себептүү баягылар эле чыгыптыр деп кабатыр:

"Көрдүк, басма сөзгө чыгыптыр, 71% мурдагылар экен. Баягылар эле, булардан эмне чыгат? Колдорунан эмне келет, комедия көрсөткөндөн башка?".

Жогорку Кеңештин төрагасы, орун басарлары баш болуп, депутаттардын үчтөн эки бөлүгү кайрадан шайлоого аттанды.

Жогорку Кеңештин төрагасы, орун басарлары баш болуп, депутаттардын үчтөн эки бөлүгү кайрадан шайлоого аттанды.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы, орун басарлары баш болуп, депутаттардын үчтөн эки бөлүгү кайрадан шайлоого аттанды.

Партиялардын тизмеси БШКнын сайтында, өкмөттүк гезиттерде жана коомдук сайттарда жарыяланууда. Тизмеде ишкерлер жана соода-сатыкта жүргөндөр жайнайт, баары эле тигил же бул бизнесте жургөндөр, арасында анда-санда журналисттер, мугалимдер учурайт. Бирок маданияттын, академиялык чөйрөнүн көрүнүктүү ишмерлери дээрлик жок.

"Алар такыр эле жок болуп калды, тим эле жалап салгандай болду. Куу такыр жер болуп калды. Бирок алар акылы фонтан болуп атып турса да келе алышпайт. Алар эптеп үй-бүлөсүн багып атат, пенсия менен болор-болбос айлыктын көзүн карап. Бирок алар бул партияларга жүткүнүп да койбойт. Эгерде аларды чакырып, кичине сыйлап, "чоң окумуштуусуз, атагыңыз алыска кетти, акчанын кереги жок, жөн эле шайлоого чыгып бериңиз" десе, өлүп баратса да барбайт. Анткени алар өздөрүн беш эсе жогору сезишет",- дейт профессор.

Партиялардын тизмесине жалаң капчыктуулар шыкалып алышканынын бир себеби, шайлоочулар партиялардын программасына, сапаттык курамына көп карабайт, алар шайлоодо акча алып кыныгып калган. Ошондуктан партиялар да миллиондогон акчаларды тымызын да, каратып да туруп, шайлоочулардын добуш сатып алууга чачып жатышат.

Коопсуздук кеңеши шайлоодогу ээнбаштыкка чара көрүүнү талап кылгандан кийин Башкы прокуратура акчанын күчүнө салып жаткандарды жоопко тартарын эскертти, бирок акча артынган агитаторлор андан коркуп же чочуп калганы байкалбайт.

"Жабык акционердик коом"

Шайлоого бараткан партиялардын алдыга суурулганы жок

Сүрөттүн булагы, AFP

Жергиликтүү аналитиктердин баамында, кыргыз шайлоосуна катышып жаткан партиялар да, электорат да классикалык түшүнүктөргө көп коошпойт. Кыргыз шайлоосу бөлөк элдердикине окшобойт, баары башкача.

"Партиялар аттанган жок, шайлоого жабык акционердик коомдор кетип атат. Акционердик коом да шайлоого чейин он күн мурун түзүлөт да. Негизи партия жөнүндө мыйзамдын деле кереги жок, шайлоого жабык акционердик коом жөнүндө мыйзамды колдонсок куп жарашат",- дейт саясат талдоочу Алмаз Акматалиев.

Бийликтин сценарийи барбы жокпу, так кесе айтууга болбойт. Бирок жарышка түшкөн он алты партиянын арасынан төрт-беш партияны парламентке өтөт деген божомол пикирлер айтылууда. Алардын алдыңкы экөө мурда-кийин аты-жыты белгисиз, кечээ түзүлгөн, шайлоого биринчи жолу катышып жаткан партиялар. Бирок бийликтин колдоосу бар, акчасы да бар, ошол себептүү алардын шайлоодо жеңери чечилген маселе деген көз караш бар. Бийлик өз кезегинде эч кимге жан тартуу болбойт, шайлоо акыйкат, калыс өтөт деп билдирүүдө.