Текебаев менен Матраимовдун шайлоонун жүрүшү жөнүндө пикири

Би-Би-Си добуш берүү тилкесине келген партия лидерлери менен кыскача маектешти. Аны толугу менен шайлоонун жүрүшүн чагылдырган Live баракчабыздан көрө аласыздар.

Ө.Текебаев: Бул жолку парламент курамы - Кыргызстандын келечегин аныктайт

Өмүрбек Текебаев

Сүрөттүн булагы, social media

"Aта Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, бул жолку парламент курамы - Кыргызстандын келечегин аныктайт деп белгиледи.

Ө.Текебаев: Бул жолку шайлоодо келишкис, катаал атаандаштык болуп жатат. Бийлик тобу дагы өздөрүнчө бири-бири менен, оппозиция дагы өз ичинде бири-бири менен келишкис болуп күрөшүп жатат. Каржылык ресурс мурун болуп көрбөгөндөй чоң ролду ойноду. Добуш сатып алуулар болууда. Криминалдык жана административдик ресурс мурункудай эле пайдаланылып жатат. Бирок мурункудай эмес дагы жагдайлар бар. Бул жарандардын аң-сезиминдеги өзгөрүү. Жарандар шайлоо таза, мыйзамдуу өтсө деп жатат. Шайлоонун таза өтүшүнө, мыйзамдын бузулбашына бардык мамлекеттик органдар катышуусу зарыл. Буга коопсуздук кызматы дагы аралашуусу керек. Наркотрафикти аңдыгандай эле аңдышыбыз керек болчу. Ушундай күрөшүп, бир-эки партияны алып салса, экинчи мындай көрүнүш азаймак. Тилекке каршы, бүгүн добуш сатып алуу болуп жатканын баары эле билет. Бүгүн добуш сатып алууда негизги партия жетекчилери кармалбайт.

Би-Би-Си: Мурунку шайлоодогу кемчиликтерди жоюу аракеттери байкалабы?

Ө.Текебаев: Бүгүн шайлоонун жыйынтыгы конкреттүү шайлоочулардан көз каранды. Сиздин добушуңуз баарына керек. Тилекке каршы, шайлоочу мыйзамдык өзгөрүүлөрдү кабыл алып үлгүрбөй калууда. Бул биздин саясий маданиятыбыздын деңгээли бир аз артта калып жатканынан кабар берет. Бийлик мурдагыдай аймактык шайлоо комиссиялары менен эле добушту бурмалап, жыйынтыкты чечип коео албай калды. Шайлоочулар реалдуу күчкө ээ болду. Терс көрүнүштөр эртеби-кечпи жоголот.

И.Матраимов: Биздин партияга карата каралоо жүрүүдө

Искендер Матраимов

Сүрөттүн булагы, social media

Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде талапкер катары шайлоого катышып жаткан Искендер Матраимов добуш берүү күнү Би-Би-Синин айрым суроолоруна жооп берди.

И.Матраимов: Кыргызстандын атуулу катары өз добушумду бердим. Жаран катары өзүмдүн парызымды аткардым. Мен барган шайлоо тилкеде добуш берүү тынч өтүп жатат. Кудай буюрса, Кыргызстандын жашоочулары өзүнүн беш жылда бир келген укугун пайдаланып, өзү тандаган партиясына добушун берип жатат деп ойлойм.

Би-Би-Си: Сиздерге дагы жер-жерлерден маалыматтар келип жатса керек. Шайлоо ачык-айкын өтүп жатабы?

И.Матраимов: Бизге ар мүнөт сайын, ар саат сайын кабар келип жатат. Көп жерлерде бир аз эреже бузуулар болуп жатат. Негизинен "Форма 2" боюнча болуп жатат. Айрым туруктуу эл жашаган жерге "Форма 2" менен ал жерде жашабаган адамдарды алып барып, шайлоодон өткөрүп жатканы чыгып жатат. Албетте, бул терс көрүнүш. Бирок негизинен азыркы саатка чейин элдин катышуусу жакшы. Жалпысынан шайлоо тынч өтөт деген ойдомун.

Би-Би-Си: Үгүт иштери башталгандан тарта эле сиздердин партияны добуш сатып алууга айыптап келген пикирлер болду. Ушул канчалык негиздүү? Эгерде негизсиз болсо кайдан чыгып жатат?

И.Матраимов: Бир айдан бери шайлоочулар менен жолугуп жүрөбүз. Биздин партия бир жарым миллиондон ашуун эл менен жолугуп, өзүнүн алдыдагы программаларын, кандай иштер жасаларын айтып берди. Өзүңүздөр коомдук сайттардан, ММКлардан, телеканалдардан көрүп жатасыздар. Бизге катышууга барган шайлоочулардын саны башка партияларга салыштырмалуу өтө көп болуп жатат. Менимче, шайлоочулардын көпчүлүгү бизге добуш берет. Экинчиден, кыргызда жакшы сөз бар "мөмөлүү даракка таш ыргытат ар дайым" деп, мөмөсү жок болсо эмне кылат элек. Учурда көбү түз ободо чыгып жатат, бирөөдөн бир нерсени жашырууга болбойт. "Мекеним Кыргызстанда" бир эреже бузуу болгон жери жок. Шайлоочуларыбыз барып жатат, добушун берип жатат. Кээ биринин жүйөөсүз себептер менен бизди каралоосун түшүнгөн жокмун. Биз бүгүнкү күнү күчтүү партиябыз. Ошондуктан далилсиз күнөөлөрдү бизге коюп жатышат.

Би-Би-Си: Саналуу эле убакыт мурун балдак менен добуш бергени келген шайлоочунун видеосу интернетке желдей тарады. Ал "Мекеним Кыргызстанга" добуш бергенин далилдөө үчүн бюллетенди сүрөткө тартып алган, анын добушун партия сатып алган деген дооматтар айтылып жатат.

И.Матраимов: Эми кээде аны атайын уюштуруп жасап коюушу мүмкүн. Бир айдан бери каралоолор болуп жатат деп. Менимче, бул чагымчыл аракет.

Би-Би-Си: Эртеңки күнү укук коргоо органдары чындап эле сиздердин партиянын добуш сатып алууга тиешеси болгонун аныктаса, сиздердин реакция кандай болот?

И.Матраимов: Мыйзамдын чегинде күрөшөбүз.

Би-Би-Си: Сиздердин эсеп боюнча парламенттик шайлоодо канча мандат алабыз деп жатасыз?

И.Матраимов: Эч ким эсеп-кысапты айта албайт. Бардыгы болжолу менен биринчи болгусу келет. Бир гана кудай билет. Биз дагы биринчи орунду алуу үчүн бир ай иштеп, шайлоочулар менен жолуктук.