Парламент: шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, Жээнбековдун отставкасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Андан соң премьер-министр Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруу укугу берилди.
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын бекиткен токтомду жокко чыгарды. Бишкек шаарынын аймагына 2020-жылдын 12-октябрынан 19-октябрына чейин өзгөчө абал киргизүү тууралуу президент жарлык чыгарган эле.

Сүрөттүн булагы, official
Парламентте чукул арада шайлоо мыйзамдарын карап чыгуу чакырыктары айтылып жатат. "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мыйзам боюнча эки айдын ичинде шайлоо жарыяланышы керектигин айтып, бирок бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөр кабыл алынбаса, нааразылыктар токтобой турганын эскертти. Депутат 5-октябрдагы митинг шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам чыкканын эске салып, күрөөнүн суммасын жана босого чектин пайызын азайтуу, "Форма-2" арызын алып салууну карап чыгууга чакырды. Муну бир катар депутаттар колдоп жатышат. Кыргызстанда босого чек 7 пайыз, ал эми күрөө акча 5 миллион сомду түзөт. Бул жолку шайлоодогу добуш сатып алуу аракеттери жарандардын шайлоо дарегин өзгөрткөн "Форма-2" арызы аркылуу жүрдү деген сындар айтылган. Мындай арыз менен жарым миллион шайлоочу катталган.
Ал ортодо БШК президенттик, парламенттик шайлоону дайындоо кеңешүү менен белгилене турганын билдирди.
Садыр Жапаров президенттик шайлоонун күнүн аныктоо кийинки жумада белгилүү болорун айтты. Ал эми парламенттик шайлоо январдын биринчи аптасынан ары өтпөшү керектигин белгиледи.
"Бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени, парламенттик шайлоо мыйзамдар боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде биз аны өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөй экенбиз. Кандай өткөрүү? Мисалы үч пайызга түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер. Бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат го деп ойлойм. Беш пайызга түшүрсө болот болуш керек. Бул менин жеке пикирим, эч кимге таңуулган жокмун. Андан кийин, беш миллиондук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Анан 120 деген санды 70 же 90гобу түшүрүп коюп, ушул парламент келип, андан кийин конституциялык реформага барсак туура болот экен",-деди Садыр Жапаров.
Парламент жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төрага К.Исаев парламенттин алдындагы маселе шайлоо мыйзамдарын карап чыгуу болорун айты. Баш мыйзам боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албай турганын ырастады.
"С. Жээнбеков кетпеш керек, шайлоону өткөрүш керек деген пикиримден кайткан жокмун. Парламенттин мөөнөтү да бүтүп калды. Президент кетип калгандан кийин мен өз ыктыярым менен милдетин аткаруудан баш тарттым",-деди К.Исаев.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуштар үч гана партияга тийди. Оппозициялык партиялардын бирөө гана босого чектен өткөн. Шайлоого катышкан калган партиялардын баары, анын ичинде босого чектен өткөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы дагы жыйынтыкка нааразы болуп, шайлоону жокко чыгаруу талабы менен чыкты. Шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып, Бишкектин борбордук аянтына миңдеген кишилер жыйылган. Түндөсү айрым митингчилер Ак үйгө кирүүгө аракет кылып, милиция күчтөрү ошондон кийин гана күч менен таратууга аракет кылды. Кулак тундурган граната, көздөн жаш агызган газ жана желим октор колдонулган. Кагылышуудан 19 жаштагы жигит каза таап, миңге чукул киши жаракат алды. Демонстранттар Ак үйдү ээлеп, өлкөдө башаламандыктар болду.
Жээнбековдун кайрылуусу

Сүрөттүн булагы, official
Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сүйлөп жатып, "Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок" деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым" деп айтты.
"Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт. Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет. Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду. Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын пикирлер айтылды. Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым. Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм. Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем. Жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери, "Кыргызстан — укуктук өлкө" экендигин далилдөөгө багытталды. Мына ушундай жарандык позицияңар үчүн баарыңарга ыраазылыгымды билдирем. Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар — чыныгы каармандарыбыз болуп калды. Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый урматына татыктуу. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Орусия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Улуу Британиянын, Бириккен Улуттар Уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык билдирем",-деди президент.
Өлкөдөгү саясий кризистен кийин отставкасын жарыялаган 61 жаштагы Сооронбай Жээнбеков мындан толук үч жыл мурун президенттик кызматка келген эле. (AbA)












