Энергетикалык кризис: ишкерлер салыктык жеңилдик сурайт

Элеонора Сагындык кызы, БиБиСинин Бишкектеги кабарчысы

Электр энергиясын үнөмдөө саясатынын кесепети биринчи эле өлкөдөгү орто жана чакан бизнеске тийүүдө.

жарык өчүрүү

Сүрөттүн булагы, ktrk

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Түндүк электр" өндүрүш абоненттерине чектөөлөр киргизиле электигин айтууда

 “Бир күндө жарыгыбыз он жолудан өчүп атат. Мындай акыбал эки жумадан бери орун алууда. Кофемашина жана холодильнигибиз күйүп кетти. Генератор алалы десек кымбат. Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, жабылып эле калганыбыз арзаныраак болот окшойт”,- деп жазды Бишкектин чок ортосунда кафе иштеткен ишкер Сумсарбек Мамыралиев өзүнүн Facebook баракчасында.

Быйыл “Токтогул” суу сактагычында суу аз топтолгондугуна байланыштуу өлкөнүн энергетика тармагында оор кырдаал жаралып, электр энергиясынын тартыштыгы байкалууда.

“Түндүк электр” өлкө боюнча ири соода түйүндөрүнүн, кафе-тойканалардын, май куюуучу жайлардын, мончолордун техникалык шарттарын текшерип, тийиштүү керектөөчү кубаттуулуктан ашкандарын өчүрүп жатат.

“Электр отканаларын эле пломбалап жатабыз. Алардын көбүнүн техникалык шарттарында электр менен жылытуу каралган эмес. Каралса да 15, 24, 50 киловаттка чейин деп берилет, андан ашкандар өчүрүлөт. Промабоненттердин электр эсептегичтерине чектөөлөр кирген эмес. Биз бытовой абоненттерге гана 5 киловаттык чектөөлөр киргизгенбиз”, -деп түшүндүрдү “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматкери Мээрим Жусупова.

Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чектөө киргизилди

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин четиндеги айрым тигүү цехтеринде жарык өчүп, иш үзгүлтүккө учурап жатканы айтылууда

Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) - баш калаадагы ири бизнес бирикмеси. Анын президенти Жоодар Омошев ЖИАга кирген ишкерлер жана резиденттерде электр энергиясына болгон чектөөлөргө байланыштуу көп деле көйгөй жаралган жок дейт:

“Болгону, Бишкектин чет жагында жайгашкан конуштардагы цехтерде кээде жарык өчүп жатыптыр. Чакан өндүрүшү барларга кыйынчылык жаралып, дизель генераторлору менен жумуштарын улантканга аракет кылып жатышат. Бирок ал дагы кымбат. Электр энергия берген кубатты да бере албайт.Аймактардагы ишканаларга барып эч эскертүүсүз свет өчүрүп же барып пломба коюп кетип жатышат экен”.

Былтыркы коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин чектөөлөрдө өлкөдө далай бизнестер жабылган. Бирок анда бизнесин коргоп калгандар, эми электр тартыштыгына байланыштуу жаңы сыноолорго тушугуп жаткан чагы.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Салык Кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү.

Анда Токмоктогу орто жана чакан бизнес союзунун төрагасы Баатырбек Сыдыгалиев ишкерлерге азыркы шартта иш алып баруу өтө эле кыйынга туруп жатканын айтып, бийликтен салыктан жеңилдик берүүнү сурады:

ишкерлер жеңилдик сурады

Сүрөттүн булагы, Social media

“ Токмокто “Түндүк электрдан” келип электрдик жылыткычтарды өчүрүп кетиш жатышат. Мындай көрүнүш бүт Кыргызстан боюнча эле жүрүп жатат окшойт. Президент чыдагыла деди. Бирок суу жылыткычын өчүрүп кеткен чачтарач кантип кардарынын башын жууйт эми? Иштеген жерин кантип жууп-тазалайт? Эртең эле санэпид кызматтан келишет да, айып пул салышат. Анда ушундай абалды форс-мажор деп, ишкерлерди салыктан бошотсо болобу?”.

Кыргызстанда жалпысынан 258 миң салык төлөөчү субьектилер катталган, анын 98,1% чакан, 1% - орто жана 0,9% ири бизнеске туура келет.

Өлкөдө Ички дүң продуктунун (ИДП) жалпы көлөмүнүн 40% орто жана чакан бизнес эсебинен камсыздалат. Андан түшкөн салыктар бюджеттин олуттуу көлөмүн түзөт.