Жаңы салык кодекси: ишкерлерди сар-санаа кылган жагдайлар
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, www.sti.gov.kg
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш ушул аптада жаңы салык кодексин карап, кабыл аларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишембиде кабарлады. Андан мурда Эл аралык ишкер кеңеши жаңы салык кодексин шашып кабыл алуу опурталдуу экенин эскертип, талкууну узартууга чакырган эле.
Жаңы салык кодексинин долбоору бир айдан ашык убакыт жалпы элдик талкууга жарыяланып, жакында эле президенттик администрацияга берилди. Анда өлкөдө салык жыйноонун эреже тартиби жакшы жагына өзгөртүлгөнү айтылууда. Биринчи кезекте салык жыйноо процессин санариптештирүү иштери илгерилемекчи.
Ошондой эле салык ставкалары өзгөрөт. Ири компаниялар үчүн өзүнчө салык режими болот. Ал эми жүгүрткөн капиталы 30 миллиондон ашпаган компаниялар бирдиктүү төлөмдөгү салык төгөт. Башкача айтканда, салыктын бир гана түрүн төлөйт, бир гана отчет берет. Google, Яндекс сыяктуу компаниялар кошумча нарк салыгын төлөшү керек болот.
Жаңы кодекстеги каралган чоң өзгөрүүлөрдүн бири - социалдык төлөмдөр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болгон жатат. Эки негизги көрсөткүч болот. 15 адамдан ашкандан кийин төлөмдөр 14,25 % болот. Анын төрт пайызын жумуш берүүчү, ал эми он пайызын жумушчу өзү төлөйт. Азыркы учурда ишкер субъектилери төлөгөн салык 38% чейин барат.
Бул чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө чоң өбөлгө болот деген эле финансы жана экономика министринин мурунку орун басары Данияр Иманалиев.
“Социалдык төлөмдөрдүн көлөмү азайган убакта бюджеттик жоготуулар болбойт, биз эсептеп чыктык. Биздеги көмүскө экономиканын көлөмү ар кандай айтылып келет, бирок расмий түрдө 23% саал жогору деп алынган. Ал эми расмий эмес баамдоолорго таянсак, көмүскө экономика 50-60 пайызга чейин кетет. Эгерде ошол көмүскө экономиканын он эле пайызын чыгара алсак, күтүлгөн жоготуулардын орду сөзсүз түрдө жабылат”.

Сүрөттүн булагы, www.sti.gov.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дагы бир чоң жаңылык - Мамлекеттик салык кызматынын бийлиги чоңоет, ал салык субъектилерин мурдакыдай эле текшерип койбостон, укук коргоо органы катары ар тараптан казып, кысып, иликтөө иштерин жүргүзө алат. Кимдин карызы 100 миң сомдон ашса, аны чет өлкөгө чыгарбай тыюу салат. Бирок дал ушул жоболор ишкер чөйрөнү кооптондурбай койгон жок.
Эл аралык ишкер кеңеши жакындагы кайрылуусунда жаңы салык кодексин шашып кабыл алуу опурталдуу экенин эскерткен эле.
“Биринчиден, салык кызматына укук коргоо органынын статусу берилген жатпайбы. Бул дагы опурталдуу. Ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзө алат, милициядай эле боло алат. Экинчиден, салык кызматына бардык чогулган салыктын 3% калтыруу дагы опурталдуу. Элестетсеңиз, 3% бизге түшүп калат деп канча көп жыйнасак, ошончо көп табабыз деп жүрө беришет. Салык кызматынын функциясы негизинен салык төлөөчүлөргө жардам берүү, а бул жерде андай болбой эле коллектордук агенттикке айланып кетип атпайбы. Үчүнчүдөн, кайтарым НДС деп коет, Google сыяктуу сырттан келген кызматтарга төлөө бардыгына жайылтылып, түшүнбөстүктөрдү пайда кылууда”,-дейт Эл аралык ишкер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков.
Жыйналган салыктын 3% Салык кызматына калтыруу өзүнчө эле бир коррупциялык очоктун пайда болушуна алып келет деген чочулоолор бар.
Жаңы салык кодексинде ошондой эле бизнестин кээ бир түрлөрүнө патент системасын жоюу каралган. Азыр чакан жана орто бизнес негизинен ушул патент системасында иштеп көнүп калды. Эми аны өзгөртүп жиберүүнү ишкерлер кандай кабыл алат, жалпы режимге өтүүгө алар канчалык даяр же көмүскөгө качабы, айтуу кыйын.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылды 280 млрд сом менен жаап, келерки жылы бюджетке 400 миллиард сом акча топтой турганын жарыя кылган.
Пандемияда өчөйүп калган экономика башын көтөрүп, калыбына келе электе кайсы өсүштүн эсебинен салык көлөмү көбөйөт деген суроо болууда. Экинчи жагынан, Токтогулда суу азайып, энергетикалык каатчылыктан өнөр жай ишканалары да бир топ кыйынчылыкка учурай турганы, кирешелери азая турганы түшүнүктүү.












