Жаңы иликтөө: жашылча-жемишке акча жок, картөшкөгө күн түштүбү?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Пандемия Кыргызстандагы аялуу тургундардын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратты

Сүрөттүн булагы, Akchabar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемия Кыргызстандагы аялуу катмардын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратты

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, пандемия Кыргызстандагы аялуу катмардын, өзгөчө шаардыктардын туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратты.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси Алтынай Маймекова Би-Би-Сиге жаңы иликтөө эмнеге таянарын айтып берди.

А. Маймекова: Улуттук статистикалык комитети жыл сайын 5 миң 16 үй-чарбасын сурамжылап турат. Сурамжылоо анкетасында кыргызстандыктардын жашоосунун ар кайсы өңүтү камтылат. Ал жакта калктын социалдык-экономикалык абалы, жумушсуздук, тамактануу жана башка чөйрөлөрү боюнча да маалымат алса болот.

Биз Улуттук статистикалык комитетттин 2019-2020-жылдар аралыгында чогулткан маалыматына салыштымалуу анализ жасадык.

Буга кошумча, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2018-жылдан бери калктын жакыр катмарына карата жыл сайын мониторинг жасап келет.

Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй, Ысык-Көл облустарынан тышкары аймактарда жылына 1 миңден 2 миңге чейинки адамдар арасында сурамжылоо жүргүзөбүз. Иликтөөдө аны да колдондук.

Би-Би-Си: Ошондо Кыргызстанда соңку жылы жакырлар катмары канчага көбөйдү?

А. Маймекова: 2019-жылга чейин Кыргызстанда жакырчылык акырындык менен жоюлуп келе жаткан.

Мисалы, 2006-жылы 39% болсо, 2019-жылы дээрлик 20% болуп калган. Бирок пандемия башталып кетип бир жылда эле жакырчылык деңгээли 25,3% болуп калды.

Калктын дагы 8% жакырчылыкка кептелейин деп калды. Кичине эле шок жагдайы жаралса же баалар өсүп кетсе, алар дагы жакырлар катарын толуктап калат.

Өлкөдө 2,2 миллион адам аялуу катмарга кирип, суткасына 96 сомго гана жашап жатат.

Эгер буга чейин жакырчылык дегенди элет элине гана колдонуп келсек, пандемия шаардагы үй-чарбалары да аябай аялуу экенин көрсөттү. Бул эми жалгыз Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү тренд болуп жатат.

Себеби, шаардагы ишканалар пандемияда биринчилерден жабылды. Ошондой эле шаардыктарда айылдыктардан айырмаланып, кошумча киреше булагы жокко эсе. Айылда элде жок дегенде өзү айдап-сепкен тамак-ашы, саап ичкен сүтү болушу мүмкүн.

баалар

Сүрөттүн булагы, Эламан Карымшаков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жыл башынан бери жалпы азык-түлүккө инфляция 18-19% түздү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Пандемия кыргызстандыктардын туура тамактануусуна кедергисин тийгизип жатканы да бул иликтөөдө айтылат. Чечмелеп берсеңиз?

А. Маймекова: Жыл башынан бери жалпы азык-түлүккө инфляция 18-19% түздү. Эгер буудайды алсак, инфляция 67% даy жогору болуп кетти. Күйүүчү майларга да баа өсүп, инфляция 82% болду. Кымбатчылык туш тараптан басты.

Жакыр үй-чарбаларында кирешенин 60-65% тамак-ашка жумшалат экен. Кирешесинин көп бөлүгү тамак-ашка кеткен үй-бүлөлөр аялуу келишет. Баалар кичине эле өсүп же кирешеси бир азга эле азайса, бул алардын тамактануусуна таасирин берет. Ошондой эле аларда азык-түлүктөн тышкары медицина, билим алууга деген акчалары калбай калат.

Биздин изилдөөлөр калктын 48%, бул ар бир экинчи адам, өлкөдө туура тамактана албай калганын көрсөттү.

Туура тамактануу деген биз канча килокалория алып атабыз деген менен эле чектелбейт. Бул витаминдер, микроэлементтер дагы. Андан улам өлкөдө анемия, А витаминин дефицити орун алып жатат. Саламат улут үчүн жашылча-жемиштин мааниси чоң. Бирок калктын жарымында андай мүмкүчүлүк жок болуп жатканы ойлондурчу маселе.

Пандемия маалында элдер жер-жемиш жана белоктуу азыктан оолактап, курамында кант жана крахмалы бар азыктарга басым жасап калганын иликтөөлөр көрсөтүп жатат.

Туура эмес тамактануунун үч кесепети бар, биринчиси – курсагы тое тамак жебеген балдардын бою жайлап өсүп калат. Биздин иликтөө Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын 12% бою жайлап өсүп жатканын көрсөттү. Экинчиси – ашыкча салмак, өлкөдө 48,8% аялдар андан жабыркайт. Ошондой эле 5 жашка чейин балдардын 7%, өспүрүмдөрдүн 16% мындай көйгөй бар.

Курсагы тое тамактанбоо жана ашыкча салмак барып эле Саламаттыкты сактоо тармагына күч келтирет. Оорууларды жугуштуу жана жугуштуу эмес деп бөлүшөт. Кыргызстанда жалпы оорулардын 80% жугуштуу эмес ооруларга туура келет. Алардын жарымы – жүрөк-кан-тамыр ооруларына туура келет.

Би-Би-Си: Пандемия дагы деле уланып жатат, жакырчылыкты ооздуктоо үчүн кыргыз өкмөтүнө кандай сунуштар берет элеңиз?

А. Маймекова: Кыргызстандагы бардык жакыр делген үй-чарбаларын ала турган болсок, алардын 43,2% бизде мамлекет тарабынан социалдык коргоого алынбаптыр. Башкача айтканда андай үй-бүлөлөрдө пенсия же пособие алгандар жок экен. Алар маалыматтык база болбогондуктан пандемия маалында да жардам ала алышпай калышты.

Биз азыр кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү министрлиги менен иш алып барып жатабыз. Ага ылайык, биз жакырларга пособие берип эле чектелбей, жумушка орноштуруу жагын да караса деп жатабыз.

Социалдык коргоо министрлигинде бул үчүн эки инструмент бар экен: кесиптик техникалык билим берүү жана коомдук акча төлөөнүүчү жумуштар.

Биз буга кошумча дагы бир инструмент “социалдык контракт” дегенди сунуштап жатабыз.

Бул жакырчылыктан чыгуунун программасы. Ага ылайык кедей үй-бүлөгө чакан бизнес ачууга баштапкы капитал берилет. Ошондой эле бизнес тренингдер, окуутулар өткөрүлөт.

Жакырларды колдоо үчүн “социалдык кызмат көрсөтүүлөр комплеси” дегенди да киргизели деп атабыз. Эгерде жакыр үй-бүлөдө жашы улгайган же майып киши болсо мамлекет тарабынан аларга бекер кызмат көрсөтүүлөр болот. Азыр биз пилоттук ушундай долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

Кыргызстан боюнча мындай кызмат көрсөтүүлөр Жумгал жана Кадамжай райондорунда гана иштеп жатат.

Алтынай Маймекова, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтынай Маймекова, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси