Д.Сатпаев: Гладиатор оюндарына окшош, интригалуу шайлоо
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Белгилүү казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун өзү эмес, андан кийинки саясий кырдаал маанилүү дейт.

Сүрөттүн булагы, Living Asia
Би-Би-Си: Кыргызстанда болуп жаткан шайлоолор Казакстан үчүн кандай жагынан маанилүү?
Д.Сатпаев: Парламенттик шайлоого 21 саясий партиянын катышып жатканынын өзү эле шайлоо атаандаштык шартында өтүп жатканын көрсөтүүдө. Шайлоого жаш, ардагер дагы партиялар аттанышып, гладиатор оюндарына окшошуп, интрига сакталууда. Бул абдан маанилүү нерсе.
Кыргызстан Борбор Азияда шайлоонун жайынтыгы кандай болот деген саясий интригасы бар бирден бир өлкө десек болот. Ар бир шайлоодон кийин бийлик өзгөрүп кетеби, кезектеги баш-аламандык болобу деген суроолор сөзсүз болот. Андыктан Кыргызстандагы шайлоолорго Казакстанда буга чейин, азыр деле кызыгуу бар. Ал кызыгуу эксперттик коомчулукта эле эмес, кадимки казак жарандарында деле бар. Ысык-Көлгө барып эс алып кеткен казакстандыктар көп, алар үчүн дагы коңшу өлкөдөгү саясий окуялар кызык.
Кыргызстанда ошондой эле казак инвесторлорунун көп бизнестери бар. Алар үчүн дагы инвестициялык тобокелчилик деген маселе бар да. Бирок бул жерде шайлоо эмес, шайлоодон кийин эмне болот деген суроо кызык.
Би-Би-Си: Кыргыз шайлоосунда сиз байкаган кандай өзгөчөлүк бар?
Д.Сатпаев: Бул – Кыргызстанда быйыл жыл башында ишке ашкан конституциялык реформалардан кийинки биринчи парламенттик шайлоо болуп жатат. Садыр Жапаров Кыргызстанга президенттик башкарууну кайтарды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда 2005-жылдан бери башталган парламенттик-президенттик, андан кийин парламенттик башкаруу деген саясий эксперименттер ушуну менен токтоду көрүнөт.
Садыр Жапаров президенттик системанын алкагында жеке бийлигин бекемдеп, буга чейинки президенттер: Бакиев, Атамбаевден дагы күчтүү рычагдарга ээ болгусу келет.
Жогорку Кеңештин жаңы курамына мурунку парламенттерге караганда чектелүү ыйгарым укуктар берилген. Саясий, экономикалык процесстерге таасир этүү рычагдары мындан ары президент менен аткаруу бийлигинде болот.
Садыр Жапаров өзү борбордук фигура болчу жаңы саясий системаны түптөө аракетинде болуп жатат. Андыктан ал Жогорку Кеңештин башкарылма болушун каалайт. Мындай шартта Кыргызстандын Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле автократиялык нукка түшүп алуу тобокелчилиги бар. Бирок күчтүү оппозиция пайда болсо, Жапаровдо дагы маселе пайда болот.
Би-Би-Си: Өлкөдө шайлоолор оор экономикалык акыбалда өтүп жатат. Ошондо бул шайлоолордун бийлик үчүн кандай тобокелчиликтери бар?
Д.Сатпаев: Садыр Жапаровго чейин эле кыргыз экономикасынын көрсөткүчтөрү жакшы эмес болчу. Бирок ошол эле Кумтөрдүн айланасындагы ызы-чуу өлкөнүн инвестициялык климатына катуу сокку урду.
Садыр Жапаров тажрыйбалуу саясатчы, бирок анын экономикалык программасы кандай болору так болбой жатат. Президенттик шайлоодо ал добуш берүү бүтсө эле экономика менен алек болорун айтты эле, бирок андан бери бир жыл өттү. Ал бийлигин бекемдеди, бирок экономиканы көтөрүү боюнча программасын сунуштай элек. Эгер өлкөдө социалдык-экономикалык кризис уланып, жакырчылык өсө бере турган болсо, нааразылык өсөт. Анда эле Садыр Жапаровго жаңы оппозиция менен кагылышууга туура келет. Ал эмес, аны колдогондор да Жапаровго каршы чыгышы мүмкүн. Мындай нерсе бардык президенттердин башынан өткөн.
Садыр Жапаров бул парламенттик шайлоолорду каалагандай өткөрүп, чөнтөк парламентке ээ болсо дагы, бул анын тынч бийлик жүргүзүүсүнүн кепилдиги болбойт. Себеби, Кыргызстанда активдүү жана жөнөкөй эмес жарандык коом бар. Жапаровдун ички да, тышкы чакырыктары көп болот.












