Шайлоо-2021: Жыйынтыктар кандай болду?
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Добуштарды автоматтык эсептөө системасынын (АЭС) ишин текшере турган көз каранды эмес техникалык топ бүгүн ишке кирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова атайын брифингде билдирди.
Буга чейин алты партия 500дөй добуш берүү участогунун жыйынтыктары күмөн жаратып жатканы тууралуу БШКга арыз жолдошкон. Алар: "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Ынтымак", "Ишеним", "Азаттык" жана "Эл үмүтү" партиялары.
"Ала-Бука, Токтогул, Араван райондорун жана Ош шаарын карап чыктык. Ал жерлерде жараксыз бюллетендердин саны абдан көп. Бишкекте анчалык көп эмес. Ала-Букада 78,6% жараксыз экен. Мыйзам боюнча, АЭС жараксыз деп тааныган бюллетендердин ар бирин карап чыгуу керек. Анын артына эмнеге жараксыз деп табылды жазылышы керек. Ошол нерсе канчалык аткарылды?",- деп суроо салат "Ата Мекен" партиясы менен шайлоого барган Клара Сооронкулова.
БШКанын төрайымы күмөн жараткан участоктор боюнча тактоо иштерине аталган партиялар жана байкоочулар да тартыларын айтты.
"Биздин сайтта берилген маалыматтардын аныктыгын далилдөө үчүн саяий партиялар жана коомдук байкоочулар бизге ошол участкалардан алынган АСУнун жыйынтыктарын беришет Биз АСУ жыйынтыктарын жана алардын көчүрмөсүн биздин сайтка жайгаштырдык. Атайын функция бар, графикалык копияларын да карасаңыз болот. Ошондой эле кол санактын протоколдору да системага киргизилди. Бирок аныктыгын далилдөө үчүн бар маалыматын беришсе, биз аны салыштырып таблица кылып жарыялайлы",- деди Шайлдабекова.

Сүрөттүн булагы, Inpho
28-ноябрдагы шайлоодо добуштар алды менен автоматтык эсептөөчү урналарда, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды. Бирок ал күнү БШКнын серверлеринин иши үзгүлтүккө учурап, маалыматтык система жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калганы нааразылык жараткан.
Мындан кийин бир нече партия өкүлдөрү БШК алдына митингге чыгып, Шайлдабекованын кызматтан кетишин жана кайра шайлоо өткөзүүнү талап кылышкан эле.
Боршайком өзүнчө чыгарылган жыйынтыктоочу таблицанын формуласында гана ката кеткенин жана ал жалпы АЭСтин ишине таасир этпегенин айтып келет.
Шайлоого баштан көз салып келе жаткан активист Атай Бейшенбек, добуш берүүгө байланыштуу дагы башка сандык чаташуулар бар экенине көңүл бурат: "Эмне себептен шайлоого келгендер менен шайлагандардын санында айырмачылык чыгып жатат? Партияларга, баарына каршы добуштарды жана жараксыз добуштарды кошсоңор эмнеге 100 % чыкпай жатат?".
Алдын ала жыйыныктарга ылайык, бул шайлоодо 5% босого чекти "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" партиялары багынтты.
Кыязы, сиздин жабдык бул визуализацияга жараксыз
Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо саясый партиялардан жана бир мандаттуу округдардан шайлоону айкалыштырган жаңы аралаш системада өттү. Жогорку Кеңешке келчү 90 депутаттын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.
Кыязы, сиздин жабдык бул визуализацияга жараксыз
Бул шайлоолордун өзгөчүлүгү - парламентке "Бүтүн Кыргызстанды" эсепке албаганда, жаңы партиялар өтүшү болду. Алар кимдер жана болочок парламентте алардын орду кандай болот?
Алдыңкы 3 партия
Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңешке шайлоолордо бийликчил партиялар болбойт деген билдирүүлөрүнө карабай, бул шайлоодо жеңип чыккан алдыңкы үч партияны - "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымак" партияларын кыйыр да болсо бийлик менен байланыштырып жатышат:
"Шайлоодо жеңүүчү алдыңкы үч партияны бийликчил партиялар деп айтууга толук негиз бар. Анткени бул партиядагы адамдар жана алардын программаларын кой, айрымдары дебаттарда ачык эле президенттик саясатын колдойбуз деген билдирүүлөрдү жасашты", -дейт жергиликтүү журналист Тынчтыкбек Алтымышев.
Ал, бийлик 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоолордун сабагын эске алып, бийлик бул жолу ишенимдүү адамдарын бир партияга топтобой чачыратып жибергенин айтууда.
"Ата Журт Кыргызстан" партиясынын дымагы быйылкы жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо билинди. Ташиевдин "Ата Журтуна" аты уйкаш бул партияны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы менен байланыштырып келишет, бирок ал өзү андай жоромолдорду четке кагат. Ошентсе анын уулу Таймурас Ташиев быйыл дал ушул партия менен Жалал-Абад шаардык кеңешке өткөнү көп суроолорду жараткан. Ушундан уламбы же башка себептерденби, октябрда айында ал депутаттык мандатынан баш тартты.
Быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоолор эки жолу болду. Апрель жана июль айында өткөн шайлоолордун жыйынтыгы боюнча "Ата Журт Кыргызстан" алдыда болуп келди.
Соңку парламенттик шайлоодо бул партиядан эң көп добуш топтогондор депутат Бакыт Төрөбаев (Өнүгүү-Прогресс фракция лидери), Жогорку Кеңештин иш башкармалыгыны төрага орун басары Фархат Исмаилов, Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашев жана Камчыбек Ташиевдин айылдашы, "Ата Журт Кыргызстан" лидерлеринин бири - Айбек Маткеримов болду.
"Айбек мырза бараткан партия - бул Камчыбек Ташиевдин партиясы экенин бүтүндөй Кыргызстан билет. Ал адам азыр бийликте отурган адам", - деген эле "Азаттык" партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов 23-ноябрда өткөн КТРКдагы дебатта.

Сүрөттүн булагы, Official
Айбек Маткеримов "Ата Журт Кыргызстандын" "Ташиевге эч кандай тиешеси жок экенин" жооп кылган.
"Ишеним" партиясынын тизмесин баштагандардын бири Медер Алиев, ал быйыл ишке ашкан президенттик башкарууну киргизген Конституциялык реформанын негизги жактоочуларынын бири болуп келди. Бирок Алиев өзү шайлоо алдындагы дебаттарда анын партиясы бийликчил эмес экенин баса белгиледи.
Ошентсе да эл арасында "Ишенимди" экс-депутат, бизнесмен Арзыбек Буркановдун ысымы менен байланыштырышат. Бул тууралу депутат Жанар Акаев "Арзыбек Бурканов президенттин эң жакын адамдарынын бири" экенин айткан:
"Бурканов ,Гаипкулов - булар Жапаровго жакын, эң таасирдүү топ. Резюме көтөргөндөрдүн баары ошолорго чуркайт", - деген Акаев быйыл жазында Али Токтакуновго берген интервьюсунда.
Президент Садыр Жапаров өзү "Бурканов кадрдык маселерди чечүүдө таасири чоң" деген сөздөрдү буга чейин четке кагып келет.
Ал эми "Ынтымак" партиясы менен бул шайлоого Садыр Жапаровдун жакын тарапташтары - парламенттин мурунку спикери Талант Мамытов жана экс-Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектин экс-мэри Балбак Түлөбаев барышты.

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттин жардамчысы Адинай Марипова да бул шайлоодо өз күчүн так ушул партиянын катарында сынап көрдү. Белгилүү блогер, "Не сахар" долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Көкүлов "Ынтымак" партиясы менен шайлоогода аттанып, эң көп добуш топтогон талапкерлердин бири болду.
Альянс" - "кесипкөйлөрдүн жыйындысы"
Бул шайлоодо VI чакырылыштагы депутаттардын көбү Алтынбек Сулайманов башындагы "Альянс" бирикмесине чогулду. Аталган партиядан эң көп добушту мурунку ТИМ министри Чыңгызбек Айдарбеков, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Жанар Акаевдер топтошту.
Журналист Тынчтыкбек Алтымышев "Альянстын" бул шайлоодогу ийгилигин мындай түшүндүрөт:
"Иш билги, кесипкөй, таза, жаңыча ойлонгон, экономиканы жана саясатты заманбап талдай билген адамдардын жыйындысы деп эл ишеним артты".
Ошентсе да аталган партия жети мандатка гана ээ болот деп болжонуп, партия тизмесиндеги алтынчы чакырлыштын депутаттары Мирлан Жеенчороев, Айсулуу Мамашова, Дүйшөн Төрөкулов, Нурбек Мурашев, Сайдулла Нышанов, Абдывахап Нурбаев жана Таабалды Тиллаев бул жолу парламентке келе албай калышчудай.
Белгилеп кетчү жагдай, быйыл президенттикке талапкерлигин койгон Элдар Абакиров да бул жолу "Альянс" партиясына артыкчылык берди.
Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан"
Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын аксакалы - Адахан Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы болуп жатат.
"Бүтүн Кыргызстандын" жеңишинде эки негизги фактор бар. Биринчиси - партиянын негиздөөчүсү, лидери Адахан Мадумаровдун жеке салымы. Экинчи фактор - алар көп жылдар принципиалдуу позициясын карманып келе жатышат. Толкуп кетпеди, позициясын өзгөртпөй келди. Саясий партия катары туруктуу электораты бар", - дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарында бул жолу "Коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев, депутат Эмил Токтошев, активист Орозайым Нурматова, УКМК кызматкери Алишер Эрбаев, Бишкектеги Ленин районуну прокурору Гуля Кожомкулованын депутаттык мандат алары болжонууда. Болочок жаңы парламентте "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык блокту жетектеши күтүлүүдө.
"Жогорку Кенеште алты партиянын бешөө биригип оппозициялык блокту түзсө деле, алар эч нерсе чечпейт. Себеби, азыр президенттик башкаруу. "Бүтүн Кыргызстандан" бир депутат сүйлөсө анын оозун жапканга бери жакта беш депутат даяр болот. Ошону менен бул партия мурдагы позициясынан тайып, минуска да кетиши мүмкүн", - дейт журналист Тынчтыкбек Алтымышев.
"Ыйман Нуру"- прогрессивдүү партия экенибизди көрсөтөбүз
Кыргызстандагы жаңы партиялардын бири болгон "Ыйман Нуруна" быйыл парламенттен беш мандат тийиши күтүлүп жатат. Партия лидери Нуржигит Кадырбеков 14 миңден ашык добуш топтоду. Топтогон добуштардын саны боюнча андан кийин эле бул партиядан Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков жана Эрнис Айдаралиев жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду.

Сүрөттүн булагы, Official
Шайлоо алдында "Кыргыз баалуулуктарын коргоо" кыймылы "Ыйман Нуру" партиясынын үстүнөн БШКга кайрылган. Арыз ээлери "Ыйман Нуру" партиясын "диний жана этникалык негизде" түзүлгөнүн айтып, шайлоодон четтетүүнү суранган эле.
Партия лидери Нуржигит Кадырбеков мындай сындарга мындай жооп берген:
"Ыйман деген сөз болсо эле динге байлай берет экенбиз да. Ыймандуу бийлик дедик, орусча которгондо "нравственная власть". Бирок болбой эле "верующая власть" деп которуп жатышат. Бирок биздин программабызды карасаңыз илим-билим, технология жана руханий тазалык деген бар, ошолорго басым жасайбыз. Эми ар түрдүү пикирлер айтыла берет экен. Ишибиз менен прогрессивдүү партия экенибизди көрсөтөбүз деген тилегибиз бар", -дейт Кадырбеков.
Буга чейин шайлоолордон кийин жеңүүчү партиялар ичинде мандат бөлүштүрүүгө келгенде дайым талаш-тартыш орун алып, маселе жаралчу.
Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу преференциалдык добуш берүү тажрыйбаланып, андай ызы-чуулар болгон жок. Ошондой эле быйыл өткөн шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары массалык түрдө катталбаганы жакшы жылыш катары бааланууда.
ЕККУ Кыргызстанда шайлоо саясий атаандаштыкта өттү, бирок эл добуш берүүгө солгун катышты деп белгилеп, муну мамлекеттик институттарга элдин ишеними кете баштаганын көрсөтөт деп билдирди. "Шайлоо өнөктүгү учурунда негизги эркиндиктер сакталып турду, бийлик таза шайлоо өткөрүүгө саясий эрки бар экенин көрсөтүп жатты, бирок катаң чаралар талапкерлердин үгүт өнөктүгүн этият өткөрүп калышына алып келди",-деп айтылат ЕККУ миссиясынын отчетунда.
Ошондой эл аралык байкоочулар тарабынан аралаш системага өтүү менен бир мандаттуу округдардагы шайлоодо талапкерлердин 93% эркектер болгону белгиленди.












