“Баарына каршы”: кайрадан шайлоо өткөрүүнүн жол-жобосу кандай?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү

Бир мандаттуу шайлоо округунан өтпөй калган жана шайлоонун адилеттинен күмөн санаган талапкерлер 2-декабрда Бишкекте жыйынга чогулууда. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Биринчи май райондук округунан талапкерлигин койгон Мавлян Аскарбеков билдирди:

“Кыргызстандын тарыхында биринчи ирээт эки шайлоо округунда “баарына каршы” деген пункт алдыга озуп, кайрадан шайлоо дайындалмай болду. Бул – Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгы. Себеби, ошол округдарда элге маалымат жеткен эмес”.

Аскарбеков Биринчи май округуна Ленин районун 30 миң чакты тургундарын кошуп коюу, шайлоону уюштуруудагы калпыстык болгон дейт. Ошондой эле талапкер алар үчүн шайлоо алдында ММК аркылуу үгүткө берилген убакыттын тардыгына нааразы.

Өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкекте Биринчи май эле эмес, Свердлов шайлоо округу боюнча “баарына каршы” деген добуш үстөмдүк кылды.

Ал ортодо, экс-депутат жана мурунку вице-премьер Элвира Сурабалдиева кайрадан шайлоо өтчү Биринчи май шайлоо округунан талапкерлигин жылдырары белгилүү болду.

“2005-жылы маркум атам ошол бир мандаттуу округдан депутат болуп келген. Анда азыркы Биринчи май округу Түндүк округу деп аталчу. Ал шайлоого атам беш жыл даярданып, уткан. Бирок андан 85 күндөн кийин Бакиевдин убагында атып кетишкен. Мен үчүн бул кандайдыр бир мурас болуп жатат”.

Элвира Сурабалдиева

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элвира Сурабалдиева

28-ноябрда өткөн шайлоолордо бир мандаттуу окургдардан бир да аял жетиштүү добуш топтой албаганы бул шайлоонун өксүктүү жагы катары белгиленип жатат. Сурабалдиева бул шайлоого ошого намыстанып бара жатканын баса белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кайрадан шайлоо өткөрүүнүн жол-жобосу шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде бекитилген.

Ага ылайык, шайлоонун кайра өтүүсүнө талапкерлер айыптуу болсо, алар кайрадан шайлоого катыша албайт.

Эгер шайлоо БШК же же мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кетирилген каталар үчүн жокко чыгып жатса, кайрадан шайлоого мурдагы талапкерлер гана кое берилет.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо процесси толук жыйынтыктала электигине байланыштуу азыр кайрадан шайлоолор качан дайындалат так айтуу мүмкүн эмес экенин айтты.

“Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору эми округдук шайлоо комиссияларына келип түштү. Эми алар түшкөн арыздарды карап, чечим чыгарып аны БШКга берет. Ошондон кийин гана БШК кайра шайлоону дайындайт”.

28-ноябрда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берүү күнү өткөндөн кийин жыйырма күн ичинде чыгарылышы керек. Андан кийин гана Боршакойм шайлоо ишке ашпай калган округдар боюнча чечим чыгарылат.

“Кайрадан шайлоо эки айлык мөөнөт ичинде өтөт. Себеби, кайра шайлоону өткөрүүдө бардык шайлоого чегерилчү мөөнөттөр үчтөн бирге кыскартылат. Ошон үчүн эки айда деп айтылат”, -дейт Бекматов.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек эле. Бирок анын жыйынтыгын чыгарууда маселе чыгып, БШКнын серверине байланыштуу териштирүү соңуна чыга элек.