Космоско умтулган кыргыз кыздары

Космонавт Салижан Шарипов Айдаткан менен

Сүрөттүн булагы, Жеке архив

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Космонавт Салижан Шарипов Айдаткан менен

12 жаштагы Айдатка космоско учууну эрте жаштан эле кыялдана баштаган тоолук кыз. Ал Кыргызстандан космос мейкиндигине алгачкы жолу учкан Салижан Шарипов тууралуу көп окуп, ага жолугуу максатына бир нече жылдан кийин жеткен.

“Кызымдын кыялын орундатуу үчүн С.Шариповду интернет аркылуу сураштырып таптык, экөөнү жолуктурдук. Ал абдан шыктанып, бул багытта адис болгусу келет. Бирок өзүңүңүздөр билгендей, айылда мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошого карабай ал азыр космонавтика чөйрөсүн өз алдынча окуп жатат”, - дейт Айдатканын апасы - жамааттык медианын жетекчиси, “Суусамыр FM” коомдук радиосунун директору жана kyrgyzmedia.kg маалымат сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова.

Спутникостроение

Ал арада Кыргызстанда соңку төрт жылдан бери жалаң кыздардан турган биринчи космостук программа иштеп келе жатат. Ал жаш кыз-келиндердин эркин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган эң үлгүлүү кадамдардын бири болуп сыпатталып келет. Жети кыздан турган бул топ жакынкы аралыкта мейкиндикке өздөрү жасаган жандоочту учурууну пландап жатышат.

“Биздин программа социалдык-билим берүүчү программа. Биздин максат чыныгы тарыхты жаратуу менен бирге көптөгөн стереотиптерди жоюу, кыздарды фантастикалык кыялдарга жетүүгө үндөө жана шыктандыруу. Анан албетте, биз бир нече жылдан бери аэрокосмикалык инженерия жана наноспутникке негизделген окутуулардан өтүп, практика иретинде жандооч жасап жатабыз. Буюрса аны космоско учурабыз”, - дейт бул программанын жетекчиси Кызжибек Батырканова.

Кызжибек Батырканова командасы менен

2018-жылы анын командалашы Алина Анисимова Би-Би-Синин дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдары тизмесине кирген. Ал эми Батырканова белгилүү TEDx программасында космос жана аялдардын мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз сүйлөгөн.

Кыргыз кыздарынын космоско учуу кыялы регионалдык максаттар менен да дал келүүдө. Жакында эле Казакстандын Алматы шаарында Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган 200дөн ашык окуучу технология тармагындагы окуучу катышып, ал турсун алар асманга нано-спутник учурушкан. Нано-спутник 3000 метр бийиктикке учуп, аба датчиктери боюнча маалымат чогултканын БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) кабарлаган.

Кыздар спутник учурушууда

Сүрөттүн булагы, unicef

Борбор Азияда жайгашкан бул сыяктуу өлкөлөрдүн бирин-бири колдоп, кыздардын маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда чогуу иш алып баруусу алда-канча эффективдүү болот дешет регионалдык серепчилер. Алардын бири Startup Accelerator, Tech4Impact компаниясынын негиздөөчүсү Елена Селезнева:

“Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Өзбекстанда маалыматтык-технология тармагында иштеген кыз-келиндердин саны болгону 18% түзөт. Бирок бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатат. Ошондой эле, регионалдык өлкөлөр биригип, чогуу долбоорлорду ишке ашырып, ментордук долбоорлорду өнүктүрүшүбүз керектигин белгилегим келет. Анткени биздин шарттар, менталитеттерибиз, стереотиптер, жалпы коом окшош”.

Кыз-келиндердин мейкиндикке учуу жана бул багытта иштөөсүнө чектөөлөр, түрдүү стереотиптер регионалдык эле эмес, кылымдар бою дүйнөлүк деңгээлде да талаш-тартыш болуп келген. Мисалы, өткөн кылымда “аял денеси космостогу ашыкча жүккө туруштук бере албайт” деген ишеним түрдүү булактарда айтылып келет. Бирок аны жокко чыгарып, биринчи жолу мейкиндикке советтик аял Валентина Терешкова, 1963-жылы космоско учкан.

Спутник командасы

Сүрөттүн булагы, unicef

Учурда БУУнун космикалык мейкиндикте аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы Space4Women долбоору ишке ашып келет. Анын туруктуу өнүгүүдөгү негизги максаттарынын бири, 2030-жылга чейин космикалык илимде, технологияда, инновация жана изилдөөлөрдө кыз-келиндердин ролун жогорулатуу болуп саналат.

Ал эми Кыргызстанда Асел Сартбаева, Кызжибек Батырканова жана алар сыяктуу илимде жана технологияда ийгилик жараткан кыздардын башкалар үчүн да үлгү болушун даңазалаган, эл аралык жана жергиликтүү эскперттердин катышуусунда бир нече онлайн жолугуушулар өтүп келе жатат.

Жакында эле “Санарип инсан” долбоору кыргыз кыздарын технологиялык билим алууга шыктандырган, жаңы илимге ачык болууга үндөгөн “Региондогу кыздарга технологиялык мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы онлайн-форум өткөрдү, анда экс-президент Роза Отунбаева баш болгон кыргыздын чыгаан кыздары катышып, айылдык кыздарга өз тажрыйбаларын бөлүштү.

Ал эми алдыда, 11-октбярда болсо “Беш көкүл кыздарга мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы дагы бир онлайн-форум өткөнү жатат. Мунун баары кыздарды ар тараптан колдоо жана билимге шыктандыруу болуп саналат.

Сапаргүл Абдинабиева, Евробиримдиктин “Санарип Инсан” долбоорунун медиа-эксперти.