Аймактагы ишкер аялдар

Ишкер аял

Чакан жана орто ишкерчиликтеги аялдардын 72% кредиттерин төлөй албайт. Ал эми эрекек ишкерлер арасында бул көрсөткүч 61% түзөт.

Бул туурасында жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы билдирди. Мунун себептери көп, анын үстүнө пандемия дагы аялдардын экономикалык укуктарын бир топ солгундаткан. Бул бир эле Кыргызстанга тийиштүү көрүнүш эмес.

“Көптөн бери эле бизнес баштайын деп кызыгып жүргөм, бирок улам бир шылтоо менен баштай албай эле келгем. Биринчиден, колумдан келеби деп корком. Экинчиден - биздин коомдо аялдарга дагы басым күчтүү эмеспи”.

Кутманай Курванали кызы тигүү цехин ачууга ниеттенип, бирок көптөн бери эле ишти баштоого батына албай жүргөнүн айтат. Бир жагынан бизнес билимдин, маалыматтын жетишсиздиги, экинчи жагынан каражат булактарынын чектелүүлүгү, ага кошул ташыл болуп “Аял деген үйдө эле отурса” деген жергиликтүү менталитет ишкерчилик кылам деген аймактагы аялдардын бутун тушайт.

“Аймактарда айрыкча ишкерлердин финансылык сабаттуулугу төмөн. Кээде насыяны туура эмес шарттар менен алып алышат, же алган акчасын башка максаттарга жумшап жиберишет. Экинчи жагынан жергиликтүү менталитет дагы аялдардын ишкерчилик кылуусуна тоскоолдук жаратат. Анын үстүнө, каражат көбүн эсе эркектердин колуна топтолгон да. Жакында эле бир статистика чыкты, насыясын төлөй албай калгандардын эң көп пайызы аядар экен”, - дейт JIA бизнес ассоцациясынын Ош аймагы боюнча директору Аззамбек Жээнбай уулу.

Жагдайды пандемия ого бетер курчуткан. JIA бизнес ассоцациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен аймактагы ишкер аялдар үчүн насаатчылык программасын өткөн жылдын ноябрь айында ишке ашырып баштаган. Анда аймакта жаңы иш баштаган же баштайм деген 120 айым тандалып алынып, аларга дасыккан 30 ишкер наасатчылык кылат.

Ишкерлер

Жогоруда сөз болгон Ош шаарынын тургуну Кутманай Курванали кызы дагы бул программага катышып, ментор менен тыгыз иштешип, бизнес баштоого болгон чечкиндүүлүгү артканын айтат.

“Жаңы ишкер катары жаңы маалыматтарды топтоп жатам. Ментор менен иштешкенге чейин бизнес боюнча эч түшүнүгүм жок болчу. Азыр билимим кеңейди, ички жана сырткы бизнестер боюнча көп маалымат алдым. Келечектеги планым тигүү цехин ачуу. Азыр пайда-зыянын эсептеп, жакшы орун таап, жабдыктарды алып, баштайм деген чечимим бекемделди. Менторум Чынара эже бардык суроолорума жооп таап берип жатат”.

Чынара Абдрахманова курулуш жаатында 18 жылдык тажрыйбасы бар ишкер. “Ишкерлердин бири бири менен тажрыйба, билим, маалымат алмашуусу бизнестеги бир топ тобокелдиктерди кыскартат” - дейт ишкер айым.

“Мен үчүн бул чоң тажрыйба болду. Убагында өзүм эч анализ кылбай көп иш баштап, көп ирет күйгөнмүн. Ушул жагына басым жасап, ментиме башка ишкерлер кетирген катачылыктарды кетирбегенге үйрөтүп жатам”.

Тигүүчү аял

Ментордук программа кыйын учурларда аялдар бири-бирине жардам берип, бизнесин жөнгө салууда тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында ишке киргизилген. Быйылкы өнөктүк пандемиянын кесепеттерин кыскартууга арналганын айтат БУУӨПтүн долбоор координатору Гүлмира Маматова.

“Биринчи анализ кылдык, аялдар пандемиянын кесепетинен баарынан көп эмнеден жабыркашты. Бул жолку ментордук программа толугу менен аялдарды пандемиядан кийинки кризистик абалдан чыгарууга арналган. Ментилер арасында сурамжылоо жүргүздүк, кайсы жаатта көйгөйлөрү бар, ошого жараша тернингдин темалары аныкталды. Негизинен үч көйгөйлүү багыт боюнча иш алып барууну чечтик: финансылык сабаттуулук, юридикалык жана психологиялык жардам”.

Аймактарда маалыматтык колдоо өтө актуалдуу. Ишкер аялдар эле эмес, негизи бизнес жаатында маалымат булактары чектелүү. Бизнести кантип башташ керек? Кантип насыя аса болот? Кайсыл уюмдарга кайрылуу керек? Экинчиден, каржылык булактарга да жеткиликтүүлүк төмөн. Негизинен аймактарда микрофинансылык уюмдар иштешет, алардын үстөк пайыздары жогору. 

Насаатчылык программасы дал мына ушул сыяктуу маселелерди чечүүгө багытталган. Негизги максат Кыргызстандагы ишкер аялдардын позитивдүү ролдук моделин жайылтуу.