100 айым: Кыргызстанда ишкер аялдар көбөйдү

Сүрөттүн булагы, c
- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Бишкектик журналист
Кыргызстандагы бизнес уюмдары өлкөдө ишкерчиликке аралашкан айымдардын саны өсүп жатканын айтышууда. Айымдар эркектер менен тең тайлашып ишкерчилик кылуу үчүн канчалык күч үрөшөт?
Бизнестеги дагы бир маанилүү жолугушуу. Бийик такалуу бут кийим кийип, колуна бир катар иш кагаздарын көтөрүп алган Таттыбүбү Эргешбаева кол алдында иштеген адистер менен Германияга мөмө-жемиш экспорттоо тууралуу чогулуш өтүп жатат. Таттыбүбү болгону жыйырма экиде. Өз фамилиясынан аталган “Эргешбаева жана шериктештик” деген аталыштагы юридикалык компания ачып, бизнес жаатында иш алып барууда. Көптөгөн ишкерлерге жумуш берип, кадыресе иш алып барганы менен, өзүн ишкер айым же бизнес вумен деп эсептебейт. Ал ишмердүүлүктөгү кыйынчылыктарын мындайча баяндоодо:
“Жумушта ар кандай учурлар болот. Жаңы иш баштаган кезде көп кыйналдым. Бир нече жыл мурда досторум менен Кытайдан товар алдырып ишкердикти колго алганбыз. Бирок аягында өзүн-өзү актабай калган. Андан кийин Жалал-Абаддан Бишкекке жемиш алып келип сатып көрдүк. Ал да болгон жок, акча айланбай, артка кетти. Баамдап көрсөм мен тейлөө жана кызмат берүү жагына жакын экенмин. Ошону түшүнгөндөн кийин жаш ишкерлерге жардам берүү, аларга жол көрсөтүү максатында юридикалык компания ачтым”.
Аялдардын ишмердүүлүгү өсүп баратабы?

Сүрөттүн булагы, c
Бул бир эле учурдагы кыргыз аялынын бүгүнкү бизнестеги образы. Байкоочулардын баамында, Таттыбүбү сыяктуу ишкер аялдар миңдеп саналганы менен чоң бизнес чөйрөсүндө алардын саны дале аз. Ошентсе да аялдар өлкөдөгү кичи жана орто бизнестердин кыймылдаткыч күчү экенин адистер баса белгилеп келишет. Алсак, текстиль тармагында жүз элүү миңге жакын аял эмгектенет.
Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбектин айтымында, мындан бир топ жыл мурдагыга салыштырмалуу ишкердикке тартылган аялдар көбөйүп баратат:
“Аялдардын бизнестеги орду жогорулап жатканын бардык чөйрөдөн көрүүгө болот. Мисалы, биздин ассоциацияда он бешке жакын айым эмгектенет. Алар өтө активдүү, эркектерден эч калышпайт, тең тайлаша бизнесте ат салышат. Жалпы экономикалык деңгээлдин көтөрүлүүсү менен ишкердик өнүктү, ага катарлаш айымдардын ишмердүүлүгү да өсүп жатат”.
Кичи жана орто бизнести айымдар жакшы өздөштүрөт
Көптөгөн изилдөөлөрдө иш жерлеринде башкаруучу эркек болуп, аткаруучу жумуш аялдарга калаары айтылып келет. Анткени эркектер физиологиялык жактан кыйынчылыктарга жакшы туруштук берет дегендердин катары калың. Буга карабастан, бизнесте эркектерден ашса ашып, бирок кем калышпай, жемин жедирбей, жигердүү иш жүргүзүп келгендери бар.

Бишкек ишкерлер клубунун мурдагы төрайымы Назира Бейшеналиеванын айтымында, бизнестеги оош-кыйыштар, уруш-талаштар көйгөй жаратса да, айрым учурда эркектер менен тең тайлаша иштегенге туура келет.
“Аялдар психологиялык жактан бизнестеги оорчулуктарга, атаандаштыкка көтөрүмдүү келишет экен. Эгерде бир компания сазга батып кетсе, аялдар муну жаңы чакырык катары кабыл алып, ишкананын ишин жаңы деңгээлге чыгара алышат. Бул сыяктуу маселелерди бат чечүүгө да жөндөмдүү келишет”, - деди Бейшеналиева.
Кыргызстанда аялдардын бизнеске аралашуу деңгээли жыл сайын өсүп баратканын жеке ишкер Эсен Рысбеков да байкаганын айтат. Анткени акыркы жылдары Эсен жетектеген ишканага бизнес баштайм деп кайрылган айымдар көп келе баштаган.
“Илгертен эле ишкердиктин баарын эркектер жасап жүргөндүктөн, айрым стереотиптер калыптанып калган. Бирок ошого карабастан акыркы учурда аялдардын активдүүлүгү чыңала баштады. Муну мен бизге кайрылган аялдардын көптүгүнөн байкадым”, - деди Рысбеков.
Бизнесте аялдардын орду чоң

Сүрөттүн булагы, c
Статистикалык маалыматтарга ылайык, экономикалык жумушка жарамдуу калктын ичинен аялдар жеке менчик бизнеске алтымыш пайыз катышаары айтылат. Бирок экономикага адистешкен журналист Назгүл Коңурбаева айымдардын активдүүлүгүнө карабастан, ишмердүүлүктө бир катар тоскоолдуктар бар экенине токтолду.
“Кыргызстанда аялдардын бизнес жүргүзүүсүнө бир нече жолтоолор дале болсо бар. Мисалы, менталитет жагынан туура келбейт деген түшүнүктөр болушу мүмкүн. Ошого карабастан, ишкердикке аралашып, ийгиликке жеткендери да жок эмес. Менин оюмча, көпчүлүк айымдар ишмердүүлүктү башында бизнес кылам деп баштаган эмес, жан багуу далалаты өсүп отуруп, бизнеске айланган десек болот”.
Байкоочулардын айтымында, аялдардын бизнестеги орду чоң. Алсак, советтер союзу урагандан кийин өлкөдөгү кризис учурунда алгач аялдар баш көтөрүп, бизнес тармагында соода-сатык иштерин баштаган. Ал эми дүйнөлүк практикада, 2008-жылы болгон дүйнөлүк кризис учурунда аялдар жетектеген бизнестер кризиске оңой туруштук бере алгандыгы айтылат.











