Кыргызстандагы ишкерлер: Сандар жана фактылар

Жеке ишкерлердин чейрек бөлүгү соода-сатык тармагында.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеке ишкерлердин чейрек бөлүгү соода-сатык тармагында.

20-сентябрда Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Азыркы учурда өлкөдө 402 миң чамал жеке ишкер катталган.

Улуттук статкомитеттин маалыматтарына караганда, 2018-жылы республикада 15 миңге жакын ишкана иштеп, алардын 93 пайызы чакан ишканаларга туура келсе, 5 пайызы орто ишканалар. Анын төрттөн бири соода-сатыкта, 15 пайызга жакыны өнөр жайында жана 12 пайызы курулуш тармагында.

2019-жылдын 1-январына карата 402 миңге жакын жеке ишкер катталган. Ал эми чакан жана орто ишканаларда 2018-жылы иштегендер саны 91 миң адамды, же болбосо экономикада тармагында иштеп жаткандардын жалпы санынын 4 пайызы болгон.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында чакан жана орто ишкерликтин субьектилери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү ИДПга карата 33 пайызды түздү. Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы менен анын көлөмү 231 млрд. сом же болбосо ИДПнын 41,5 пайызын түзгөн.

Тилек Токтогазиев эң ийгиликтүү ишкердин бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тилек Токтогазиев эң ийгиликтүү ишкердин бири

2018-жылы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 57 млн. сом болгон. Чакан жана орто ишкерликтин субьектилери өндүргөн өнөр жай продукциясынын энчисине жалпы көлөмдүн 22 пайызы туура келет.

2018-жылы чакан жана орто ишканалардын энчисине жалпы өндүрүлгөн ундун 42 пайызы, минералдык суулардын 29 пайызы, өсүмдүк майынын 16 пайызы, эмеректердин 45 пайызы, ошондой эле пластмасса идиштер менен бөтөлкөлөрдүн жалпы көлөмү туура келген.

Орто жана чакан бизнес экономиканын өзөгүн түзөт

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV/BBC

Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнө карата чакан жана орто ишканалардын эң көп энчиси Нарын облусуна таандык (71 пайыз), эң азы (5 пайызга жакын) Ысык-Көл облусуна туура келет.

Чакан жана орто ишканаларда эмгектенгендердин орточо маянасы туруктуу көбөйүп келе жатат, 2018-жылы ал 12 миң сомду түздү.