Жаш ишкерге ийгилик алып келген күнөскана

Кыргызстанда акыркы учурда жаштардын бизнестеги орду басымдуулук кылып келатат. Көпчүлүгү чакан жана орто ишканаларга ыктап, аларды өнүктүрүп кетүү аракетинде. Өлкө тарабынан аларга жардам болбогону менен алгылыктуу иш алып баргандары да бар. Алардын бири жаш ишкер - Тилек Токтогазиев. Ал учурда үч ири багытта ишкерлик жүргүзөт. Негизги киреше булагынын бири – бул күнөскана.
Тилек Токтогазиев: 18 жашка чыкканымда чоң киши болгонумду түшүнүп, ойлоно баштадым. Ал ортодо окууну алтын сертификат менен бүткөнүмө байланыштуу бюджетке өтүп кеткем. Бирок ата-энем мени бюджетке өтпөй калса контрактына төлөйбүз деп 30 миң сом даярдап койгон болчу. Аны өз алдымча иштетип көрүүнү ата-энемден сурагам. Жакын досум экөөбүз кеңешип, кагазга жыйырмага жакын идеяны жаздык. Алгач “кислородный коктейль” бизнесин баштап, теория түрүндө баары туура, бирок практикага келгенде биз ойлогондой ишке ашпай калды. Артка кетип, такыр тамак иче албай калгам. Көрсө биз бизнес баштаганда базарда жок нерсени табыш керек деп туура эмес ойлогон экенбиз. Аны таанытуу кыйынга туруп калды.
Андан соң “молочный коктейлди” иштеп чыктык. Дароо эле көнүп, бир күндүк кирише 1000 сомго чейин жетип жатты. Ошентип, күндө 70 сом короткон бала 1000 сом таба баштады. Чогулткан бардык акчаларды чыгарып, топтоп, экинчи жерге да ачтык. Андан соң кинотеатрларга ача баштадык. Жарым жылдай тынымсыз иш болду. Чоңойтуу үчүн кредит алдым. Дагы бир багытта ишкердик жүргүзүүнү туура көрүп, күнөскана ачтым. Жүрөгүмө эң жакын бизнес ушул. Учурда жакшы иштеп жатат. Жашылчалар: бадыраң жана помидор өстүрүлөт. Жайын-кышын буюртмалар тынбай түшүп турат. Кирешеси дагы мыкты.
Би-Би-Си: Бизнес баштоо өзүнчө бир тобокелдикке баруу эмеспи. Анын үстүнө 18 жаштан жаңы өткөн учуруңузда баштаган экенсиз, бир топ оордук жаратса керек?
Тилек Токтогазиев: Бизнес деген да чоң жоопкерчилик дегенди билдирет. Кыйынчылыктар көп болду. Өзгөчө акча маселесинде. Бирөөгө жардам берем деп, өзүм жабыр тартып калган учурлар болду. Негизгиси акчага этият мамиле кылуу керектигин түшүндүм.
Би-Би-Си: Акча тууралуу айтып калбадыңызбы. Бизнес дегенде эле акча ойго келет. Акчаны көпчүлүк табат. Бирок аны сарамжалдуу пайдалануу, туура иштетүү баарынын колунан келе бербейт. Сиздин акчаны табуу, аны айлантуу, туура иштетүү аркетиңиз кандай?
Тилек Токтогазиев: Тилекке каршы, биздин өлкөдө акчаны туура эмес жакка иштетип алгандар көп. Акчасы болсо эле унаа, үй же жер алышат. Булар киреше алып келбейт, тескерисинче унаа акчаны талап кылат. Ошон үчүн акча алып келчү тармак таап, ошол жакка сарпташ керек. Чыгашаны азайтып, үнөмдүү иштетүүгө өтүү туура. Анан туура багыттуу бизнес өзү сизге үй, унаа алып берет.
Би-Би-Си: Азыр жаштар арасында жеке бизнеске кызыгуу абдан курч. Ишкердик баштоо үчүн акча чогултуп келүүгө чет өлкөгө кеткендери да көп. Сиз өзүңүздүн ийгилигинизди мисал кылып, ишкердик кылууга кызыккандарга бизнестин сырлары менен бөлүшсөңүз.
Тилек Токтогазиев: Менин оюмча ишкердик баштоо үч критерийге жооп бериши керек: бизнес өзүңүзгө абдан жагышы керек, ал өтө көп киреше алып келген ишкердик болууга тийиш, үчүнчүдөн, бизнес тууралуу жакшы түшүнүк болушу зарыл. Ушул үчөө болсо, ийгиликтүү ишти баштай берсе болот. (SA)








